Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:16

"Баасы 4,7 млрд доллар". Парламент темир жол макулдашуусун колдоду


Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол магистралынын иллюстрациялык түшүндүрмөсү.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол магистралынын иллюстрациялык түшүндүрмөсү.

Жогорку Кеңештин 19-июндагы жыйынында “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу тууралуу үч өлкөнүн өкмөттөрү кол койгон макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алды.

Жогорку Кеңештин 19-июндагы жыйынында “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу тууралуу үч өлкөнүн өкмөттөрү кол койгон макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралды.

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев баяндама жасап, темир жолдун маршруту, суммасы, каржылоосу жөнүндө маалыматтарды берди. Ал темир жол Торугарттан кирип, Макмал аркылуу Жалал-Абадга өтүп, андан ары Өзбекстан тарапка кирип кетерин белгилеп, темир жолдун картасын көрсөттү.

Депутаттар Гуля Кожокулова менен Дастан Бекешев макулдашуунун деталдары жөнүндө суроолорду берди. Мындан соң депутат Надира Нарматова маселени талкуусуз карап, кабыл алууну сунуштады. Парламент төрагасы Нурланбек Шакиев бул сунушту добушка коюп, ал өттү. Депутаттар ратификациялоо мыйзам долбоорун үч окуудан кабыл алды.

Парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети жана Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети мыйзамды 18-июнда карап, жактырган.

Анда долбоордун жалпы баасы 4 миллиард 700 миллион долларга бааланганы, каражаттын теңин Кытай тарап Биргелешкен долбоорлочу ишканага насыя катары берери айтылды. Жыйында айрым депутаттар макулдашуу менен кошо инвестициялык келишим дагы болушу керектигин айтып чыгышты.

Ай башында Бээжин шаарында Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун каржылоо тууралуу макулдашкан. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров курулуш август айында башталарын билдирген.

"Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиев парламентте үч өлкөнүн темир жол долбоорунун баасы жана каржылоо ыкмасы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, долбоордун жалпы баасы 4 миллиард 700 миллион доллар деп бычылды. Каражаттын теңинен көбүрөөгүн, тактап айтканда 51% Кытай тарап үч өлкө түзгөн Биргелешкен долбоорлоочу компанияга (БДК) насыя катары берет. Калганын Кыргызстан менен Өзбекстан теңме-тең чыгарат.

Азамат Сакиев.
Азамат Сакиев.

"Бул сумманын (4,7 млрд доллар) 51% Кытай тарап бизге, бардык мамлекеттерге насыя түрүндө берүүгө макул болду. Биргелешкен ишкананы каржылоо үчүн бизге насыя берет. Биргелешкен ишкананын башкы кеңсеси Бишкекте болот. Тараптар азыр ишкананы андан ары ким башкарарын талкуулап жатабыз. Биз азыр инвестициялык келишимди талкуулап жатабыз. Ал жерде каржылоо, пайдалануунун мөөнөттөрү кеңири жазылат. Муну кытай тарап дагы, өзбек тарап дагы түшүнүп турат, мисалы 30 жылдан кийин ишкана толугу менен кыргыз тарапка, тактап айтканда "Кыргыз темир жолуна" өтөт. Кытай банкынан насыя алабыз деген ниетибиз бар, канча пайыз менен аларыбызды азыр так айта албайм. Кытайдын эки банкы – “Эксимбанк” жана Кытайдын улуттук банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Алар бизге насыяны коммерциялык эмес жол менен берет. Азыр талкуу жүрүп жатат”, - деди Сакиев.


Буга чейин темир жолдун курулушуна Кытайдын China Railway International компаниясы, Кыргызстандын "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы жана Өзбекстандын "Узбекистон темир йуллари" акционердик коому жооптуу болору айтылган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров курулуш август айында башталарын билдирген. Расмий маалыматка ылайык жол “Кашкар - Торугарт - Макмал - Жалал-Абад – Анжиян” багытында салынат.

Парламенттин тармактык комитетинин жыйынында транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев темир жол коопсуздугун камсыздоо үчүн атайын аскер сакчылары болорун билдирди:

"Кыргызстан коопсуздук камсыздоо кепилдигин алат деп бул жерде да көрсөтүлгөн. Азыркы учурда "Кыргыз темир жолунун" өзүнүн аскердик сакчылары бар. Ошол сыяктуу дагы бул жолдуку түзүлөт. Кыргызстандын мыйзамдары менен биздикилер коргойт. Анткени коопсуздугуна Кыргызстан жооп берет деп келишимде дагы көрсөтүлөт".


Өкмөт өкүлдөрүнүн ырасташынча, бул темир жол аркылуу жүк ташуудан сырткары жүргүнчүлөр үчүн дагы вагондор болот.

Деген менен айрым депутаттар комитет жыйынында макулдашууда долбоорго байланыштуу негизги жагдайлар жоктугун сынга алды. Улугбек Ормонов бул документ менен кошо инвестициялык келишим кошо алып келбегенин белгиледи.

Улукбек Ормонов.
Улукбек Ормонов.

"Ушундай маанилүү келишимди эч нерсеси жок алып келгениңерге таң калып атам. Бул жерде канча тоннел болот, баштапкы мөөнөтү кандай, ушунун баары болушу керек эле. Бул жерде Азамат Сакиев "баарына мен жооп берем" деп айтып жатат. Эртең сени жумуштан алып койсо кантип жооп бересиң? Азыр сен кызматтасың. Инвестициялык келишимди кошо алып келбейсиңерби. Бул келишимде же сумма жок, же шарттары жок. Бизге азыр 51% Кытайдыкы, 24,5% биздики, калганы Өзбекстандыкы деген гана келишимди берип жатасыңар. Темир жол Кыргызстанга аябай керек, муну баарыбыз түшүнүп турабыз. Ошону менен эле катар эртең эмне болот деген суроого жооп болушу керек да. Оозеки эмес, кагаз жүзүндө. "Өкмөт өкүлдөрү айтты" деп шайлоочуларга кантип жооп беребиз? Ошолор убада берди эле, алар эми иштебей калып эмне болорун билбей жатабыз дейбизби?".

Буга чейин жолдун Кыргызстандагы бөлүгүн узундугу 312 чакырымды түзөрү, ал "Торугарт - Кош-Дөбө - Казарман - Жалал-Абад" багыты аркылуу өтүүгө тийиш багыты аркылуу өтөрү айтылган.

Депутат Исхак Масалиев мындан улам темир жол түшчү жер маселесине көңүл бурду. Ал буга байланыштуу айыл өкмөттөрдө жыйындар өткөрүлүшү керектигин билдирди.

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

"Жайыттар бирөөнүн ижарасында турат да, алар мал кайтарат. Жол курулганда анын тегереги корголуп, тосулушу керек. Мал кокусунан кирип кетпеши керек, өтмөктөр болушу керек. Эгер ошол жерде кайсы бир жамаат чыгып "жок бербейбиз" десе, ызы-чуу болбойбу? Ошондуктан айыл өкмөттөрдө жыйын өткөрүп, алдын ала иштерди жүргүздүңөрбү?. Ишкананы кийин насыясы менен кошо алып албайлы. Мойнубузга 5 миллиард доллар менен кошо илип алсак анда бизге андай темир жол керекпи же керек эмеспи деген суроо туулат. Биздин балдар 10 жылдан кийин сөгүп жүрбөсүн. Ушуну эске алгыла, Тез эле он жыл өтүп кетет, Ошондо силерден сурайт. Негизи бул долбоорду колдоп ийгилик каалаш керек, тездеткиле. Түшүнбөстүктөр болот, ага да даяр болгула".


Бул долбоор тууралуу соңку 20 жылдан ашуун убакыттан бери сөз болгону менен түрдүү себептерден улам ишке ашпай келген. Расмий Бишкек темир жол боюнча Кытайдыкынан кескин айырмаланган өз долбоорун да сунуштап жүргөн.

2022-жылдын сентябрында Өзбекстандын Самарканд шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Кытайдын лидери Си Цзинпин жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жолугушуусун утурлай Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG