Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:46

"Балдарга күлкү тартуулаган". Илимге арналган өмүр


Султангазы Орозобеков.
Султангазы Орозобеков.

Тагдырдын үстөкө-босток соккуларына баш бербей дарыгерлик менен илимпоздукту эриш-аркак ала жүргөн Султангазы Орозобеков тууралуу кеп кылуунун оролу келип турат. Кезинде колу жеңил дарыгердин аракети менен канчалаган бейтаптардын жашоо-турмушка үмүтү артып, ишеними жанган. 

Жараткан дарыгерлердин кантип бул жарыкчылыкка алып келгени тууралуу момундай бир апсана айтылат. Адам ата менен Обо эненин тукуму көбөйүп, канат-тамыры кенен жайылып, жер үстүн толук ээлегенден кийин алары кара жанын аябай агыны катуу суу кечип, ашуусу бийик бел ашып, суукка тоңуп, ысыкка какталып, капыс келчү кырсыктардан кырылып каларында ак кийимчен адамдар, адам өмүрүн сактап калчу дарыгерлер - өмүр сакчылары чыккан экен. Бул ирет ошондой асыл кесиптин ээси, кыска өмүрүндө опол тоо иштердин өтөөсүнө чыккан нукура дарыгер тууралуу өткөн чактан кеп кылганы турабыз.

Султангазы Орозобеков медициналык институтту артыкчылык диплому менен аяктап, илим менен практикалык ишти ыктуу айкалыштырган үлкөн окумуштуу, бейтаптарга мээримдүү дарыгер, элинин маданияты менен тарыхына кызыккан азамат эле.

1952-жылы жарык дүйнөгө келген, төрөлгөн жери - Көл кылаасынын Жылуу-Булак деген айылы, Түптүн чыгыш ныптасындагы кең талааны этектей тоого ыктап кеткен кооз жер. Атасы Бакыр Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучусу, кан майдандан кайтып келгенден кийин кыйла жылдар советтик-партиялык кызматтарда жүргөн. Апасы Гүлжамый мугалим, даркан жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун бир тууган агасы Түмөнбайдын кызы. Султангазы - алардын он баласынын улуусу.

Чоң атасы Көл боорундагы жети акенин бири - Карач аке. Билимге өзгөчө мамиле кылган ата-эне эки уулун алыстыгына карабай коңшу айыл Санташтагы орус мектепке берген. Кышкы бороондо, жазгы-күзгү нөшөрдө ээрчишкен ага-ини кантип мектепке барып-келип окушканын айтып отурса узун сөз.

Бала кезде учкуч болгусу келчү. Бирок документин убагында тапшыра албай калган улан медициналык институттун стоматология факультетине өтүп, окуу жайдын алдыңкы студенти катары илимий-коомдук, маданий иштерге катышып, окуп жүргөндө үй-бүлө куруп 1974-жылы институтту артыкчылык диплому менен аяктаган. Медицина окуу жайында иштөөгө калтырылып, ординатурадан өтүп, жаш алган жары Москвага аспирантурага жиберилип, жаш үй-бүлөнүн турмуштук жолу ийгиликтүү башталган.

Жыл өтпөй жубайлар кыздуу болуп, илимге кызыккан экөө алдына зор максаттарды коюп кыял кемесинде жүргөндө Султангазынын жары авиакырсыктан набыт болуп, кулунчак үй-бүлөнү капыс кайгы басат. Тагдырдын оор соккусуна карабай ыкластуу илимпоз ишин улантып, 1981-жылы эрин менен таңдайдын тубаса кемтигин дарылоого арналган изилдөөсүнүн негизинде медицина илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын мурдагы Ленинград шаарында ийгиликтүү коргогон.

Жаш илимпоздун тагдыр жолу дагы бир жаркылдаган айпери жанга жолуктурду, журналисттик кесипти аркалап, анын түйшүгүнө кайыл болгон алпейим жар Бурулкан Исмаил кызы менен баш кошкон.

Султангазы Орозобеков жубайы, маркум Бурулкан Исмаил кызы менен.
Султангазы Орозобеков жубайы, маркум Бурулкан Исмаил кызы менен.

Бурулкан - эгемендик келгенден кийин Бишкекте ачылган “Азаттыктын” кеңсесинде иштеген алгачкы муун журналисттердин бири. “Азаттыкта” Дүйшөкан Мукамбетова, Амантур Акматалиев, Салижан Жигитов, Балбай Алагушов, Санарбек Карымшаков, Көчкөн Сактанов, Бүбүкан Досалиева баштаган кыргыздын түптүү уул-кыздары иштеген.

Алган жары маалымат айдыңында аты чыгып, ансыз да маданий-адабий чөйрөгө жакын Султангазы Орозобековдун жылдызы жанып, буга чейин кыргыз медицинасында дарыгерлер анчалык батына бербеген жаак-бет хирургиясын изилдөөгө, калыбына келтирүүгө киришкен. Нышан, “коён эрин”, “бөрү таңдай” деген тубаса кемтиктер менен төрөлгөн ымыркайлардын келбетин түзөп, ондогон ата-энелердин алкоосуна арзыган. “Катуудан тиш, жумшактан ич” оорубасын демекчи, канчалаган балдардын тишин дарылап, кемтигин ондоп Гиппократтын антын так аткарган.

Дарыгердин бир тууган карындашы таланттуу акын Салтанат Орозобекова агасынын кандай иштегенин минтип эскерди:

"Ал өзү абдан татаал операция, кенедей чагында жасаш керек. Ошон үчүн ал эсеп кылган, кенедей чагынан эсепке алган, бир эле операция менен бүтпөйт. Улам-улам операция болуп анан түзөлөт экен. Бала төрөлгөндөн баштап эсепке алып, ишти баштаган. Көбү оңолуп, жакшы турмуш кылып жашап кеткендер бар экен. Бир окуя, агам өтүп кеткенде боз үйдө ыйлап отурсак, бир ата-эне келген. Анын баласына агам операция жасап, дагы операциясы калыптыр. Ошол ата-эне Жалга келишсе, ал жерде агам жаак-бет хирургиясы боюнча бөлүм башчы болчу, Султан агамдын өтүп кеткенин айтышат. Аябай жаман болушуп келишиптир, баласы жакшы болуп кетерине ишенчү экен. Ал баласына Султан агам “буюрса баары жакшы болот, окуйсуң, үйлөнөсүң, өзүм окутам” дептир. Анан агам өлгөнүн уккандан кийин тигил бала оозундагы атайын калыптарды ыргытып “меники бүттү эми” дептир. “Султан агай жок, жашоом бүттү”, деп ыйлаганын айтып келишти, алардын аты-жөнүн деле сурабаппыз, ал деле эске келбептир”.

Салтанат агасы башкаларга кылган жакшылыгын эч качан айтпаганын, андайларын элден укканын, бирөөлөргө жакшылык кылууну, ал үчүн убакты-саатын, аракетин аябаганын айтып берди.

Ак халатчандын анты

Бул жагынан ал, кесиптештери туура белгилегендей, Гиппократ антын так аткарган. Айтса, кесиптештеринин бири ал антты Султангазы Бакыр уулу грек тилинде окуп, аны кыргызчага оодарганын эскерген жайы бар. Гиппокркат антынын Султангазы Бакыр уулунун таржымасындагы нускасы мындай:

“Аполлон врач менен, Асклепий, Гигиея жана Панакея менен, бардык кудайлар жана умайлар менен, аларды күбөлүккө алуу менен, менин күч-кубатыма жана өзүмдүн акылыма жараша төмөнкү антымды жана жазуу жүзүндөгү милдеттенмемди - бардыгын ак ниет аткарууга ант беремин: мени дарыгерлик өнөргө үйрөтүп-окутканды өзумдүн ата-энем менен тең көрүүгө, аны менен өзүмдүн жетишкендигимди бөлүшүүгө жана керек болгондо ага анын муктаждыктарында жардам берүүгө; анын укум-тукумун өзүмдүн бир туугандарым деп эсептөөгө, жана бул өнөрдү, эгерде алар аны окуп үйрөнүүнү каалашса, аларды акысыз жана эч кандай келишимсиз окутууга; илимдеги насыяттарды, оозеки окуу сабактарды жана башкалардын бардыгын, милдеттенме жана медициналык мыйзам боюнча ант менен байланышкан өзүмдүн уулдарыма, өзүмдүн окутуучумдун уулдарына жана окуучуларыма, эч бир башкаларга эмес, билдирүүгө ант беремин...

Мен бейтаптардын абалын, менин күч-кубатыма жана өзүмдүн акылыма жараша, ар кандай залал жана адилетсиздик келтирүүдөн кармануу менен, алардын пайдасына багыттаймын. Менден суралган өлүм каражатын, мен эч кимге бербеймин, жана ушундай ниеттин ишке ашышы үчүн жол көрсөтпөйм; дал ошондой эле эч бир аялга аборттук пессарийлерди бербеймин. Өз өмүрүмдү жана өз өнөрүмдү таза жана айыпсыз өтөйм, өткөрөм. Мен эч убакта эч качан муну ушул иш менен алектенген адамдарга берүү менен, таш оорусунан жабырлангандарды кескилебейм. Мен кандай гана үйгө кирбейин, анда кандай болбосун арам ниеттен, такыбасыздыктан жана залалдуулуктан, өзгөчө аялдар жана эркектер, эркиндер жана кулдар менен арзуу иштеринен алыс болуу менен, оорулуунун пайдасы үчүн кирем.

Эмне болбосун дарылоодо,- ошондой эле дарылоосуз деле – мен адамдардын жашоосуна тийиштүү, качандыр бир ачыкка чыгарууга жатпаган эмнени көрбөйүн же укпайын, мындай нерселерди сыр деп эсептөө менен ал жөнүндө унчукпайм. Мага, антымды бузбай аткарганыма, жашоомдо жана өнөрүмдө бакыт берсин, бардык адамдардын алдында түбөлүк даңк апкелсин, ал эми чектен чыкканга жана жалган ант бергенге ушунун тескерисинче болсун”.

Өткөн кылым соңунда социализм тарыхый тактысынан жылмышып түшүп кечээги көргөн бүгүн жок оомал-төкмөл заманда Султангазы Бакир уулу Кыргызстанды түрө кыдырып, кайсы бир кесиптеши таамай белгилегендей, мамлекеттик тиш дарылоочу бейтапканаларды сактап калыш үчүн “барбаган жери, баспаган тоосу, какпаган эшиги” калбай, өзүнө пикирлеш, тилектеш дарыгерлерди издеген, республикада балдар стоматологиясынын ачылышына тикелей катышкан илимпоз, уюштуруучу. Алдына бийик максат-милдеттерди коюп, иш-аракет кызыгы менен жүргөндө төшөк тартып жатып калган экинчи жарын ажалга алдырып, кайгы жутуп, азанын азаптуу күндөрүн башынан кечирип отуруп калган.

Салтанат Орозобекова агасы кайгысын ичте сактаган, көңүлүн эзген кайгы-муңду ачкыл суу аркылуу унутуп коюуну билбеген, дене тарбиясына аябай көңүл бурган инсан болгонун эскерет. “Тагдыр деген ушундай экен, он бир тууган элек бешөөбүз калдык. Алты эркектин экөө калды. Бир туугандарым жаш эле кетип калышты”, - дейт Салтанат Орозобекова.

Үй толо балдардын улуусу болчу

Бир боорлордун арасынан илим, дарыгерлик жагынан жаштыгына карабай ополтоо эмгек өтөгөн Султангазы Бакыр уулунун тагдыр жолу кабат сыноолорго капталып, тагдырдын сыноосун сыртынан билгизбей, ичтен күйүп, арыз-арманын комузуна айтып, күйүттүү саптарды күңгүрөнүп, илгери үмүт, изги тилек менен салып жаткан үйүн сатып, болгон убакты-саатын илимий ишине арнаганын аны жакшы билген кесиптештеринин бири минтип эскерген:

“Ушул жерде өзгөчө белгилеп айта кетүүчү дагы бир жагдай: жеке тагдыры канчалык катаал болгонуна карабастан, ал өзүн бүтүндөй кесипкөй ишине, илимий изилдөөлөрүнө арнап, абдан жемиштүү иштеген. Сексенден ашуун илимий макалаларды жазып, анын ичинде бир монография, бир нече окуу-усулдук курал чыгарган, эки ойлоп табуунун, төрт рационализатордук сунуштун автору катары патент алууга жетишкен. Өзүнүн көптөгөн шакирттерин тарбиялап, медицина илиминин алты кандидатын, эки докторун даярдоого үлгүргөн. Мындан тышкары, кылымдын башында Кыргызстан стоматологдорунун I съездин, имплантологдордун, жаак-бет хирургдарынын, стоматологдордун Эл аралык I конгрессин уюштуруунун жана өткөрүүнүн эн жигердүү демилгечилеринин башында турган.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы стоматологу, Кыргыз Мамлекеттик медициналык институтунун Кайра даярдоо жана кесиптик даярдыкты жогорулатуу, жаак-бет жана пластикалык хирургия, стоматология кафедрасынын башчысы катары көптөгөн демилгелүү иштерди аркалап, жанын сабап иштеп жүргөн”.

Азыркыдай санарип технология жок кезде ал өзү белгилүү сүрөтчү, китеп жасалгалоочу Кеңеш Сейталиев менен чогуу отуруп “Жаак-бет хирургиясынын атласын” жасап чыккан, ар бир сүрөттү чоңойткуч айнек менен тирмийе тиктеп тактап, жаак-беттеги кемтиктерди калыбына келтирүүнүн жүздөгөн ыкмаларынын кыл майда сүрөттөрү, сыпаттамасы, усулдугун тарттырган. Кыргыз медицинасындагы мына ошол ополтоо түйшүктү талап кылган эмгеги, кыркка жакын параграфка бөлүнгөн, жети бөлүмдөн турган табериги жоголуп кайра табылган.

Адам жаны темир эмес, жеке турмушундагы кайгы-касиретке биротоло чөгүп калбай, күндөлүк иши менен алаксып жүргөн кездердин биринде жүрөгү кармап өзү ооруканага түшкөн. “Колу жеңил” кесиптештеринин аракети менен кыска мөөнөттүн ичинде ооруканадан чыгып, илимий, дарыгерлик ишин уланткан. Анын өмүр жолундагы дагы бир маанилүү барак мына ушул биринчи инфаркттан кийин жазылган. Иштеген жерине кеңеш алганы келген Раушан деген айым экөөнүн мамилеси келишип, биргелешип түтүн булатууга киришкен.

Жубайы Раушан уул-кызы Айсэнем, Алтай менен.
Жубайы Раушан уул-кызы Айсэнем, Алтай менен.

“Менин бактым эки эсе, айтып бүткүс болду, анткени ошол биздин бир бүлө куруп, баш кошуубузга данакер болгон периштем – Чолпонум экөөбүзгө мындай кубанычты Султан Бакирович, анын “жеңил колу” тартуулады. Жылдар өттү, таалай жылоологон тагдыр ушундай болот белем, биз үй-бүлө курдук, “нике кайып” дегени ушул болсо керек. Мына бакыт, мына бакты-таалай, анда мага ал такыр чексиздей, эгерим бүтпөстөй көрүнгөн... Анан чайыттай ачык асманым түнөрүп, чагылган чартылдап, таалайым кайрадан тагдырга айланып, алай-дүлөй түштү да калды”, - деп жазды тагдырдын ырайымы менен жеткен бактысы чоң сыноого кабылганына кайышкан зайып.

Ал кезде тагдырдын алай-дүлөй түшкөнү оор сыноонун башталышы эле экен. Айтылуу дарыгердин жүрөгүнө жасалчу операция 2005-жылы Казакстандын баш калаасы Астанада өтүп, “аттиң, бирок операциядан кийинки жаңы жүрөк болгон-бүткөнү үч жыл гана согорун эч кимибиз элес албаган, ойлобогон экенбиз”, - дейт Раушан Молдожунуева.

Турмуш ыраатынан жанбай, бири экинчисин айттырбай түшүнгөн үй-бүлөнүн атасы жүрөк операциясын жасатып келгенден кийин жарыкка келген наристе экөөнү кубантып, кыялга термелип “бак-шакка, гүлгө оролгон” өз үйү болорун эңсеп жүргөн кез эле. Андай үйдү көрүшүп, бакубат турмушка ыраазы болуп жүргөн кезинде Көл боюнда алган жарына ичте буккан сырын чыгарган экен.

“Эгер кокус мага бирдеме болуп калса, мени Бишкекке, Бурулдун жанына койгула (Бурул эже Султан Бакировичтин менден мурунку жубайы). Наркы дүйнөгө дагы ушул жолдо калдыр-шалдыр болуп азап жегим келбейт, булар эми качан оңдолот, дегеле оңдолобу?..” Бул сөздөр, кийин ойлосом ал кишинин керээз кептеринин бири ушунчалык жайбаракат, кадыресе айтылгандыктан, дароо маани-маңызын түшүнө бербепмин, мага жетпептир. Аларды мен кийин гана, 2008-жылдын 16-июнунда башыбызга караан түн түшкөндө, ошол окуя болгондо гана эстеп, түшүндүм”,- деп эскерет Раушан Молдожунуева.

Султангазы Орозобеков иш боюнча министрликке кирип бараткан жеринен жүрөгү кармап, дарыгерлердин аракетинен натыйжа чыкпай, ооруканада кыйла күн эсине келе албаган асыл адам, “колу жеңил” дарыгер бул жарыкчылык менен коштошуп кете берген.

Мына ушул бүтүндөй бир өмүр өтөлгөсүн жыйынтыктаган каран түнгө чейин маркумдун кыйла жылдар көңүл тереңинде аздектеп келген тилеги ишке ашып 2008-жылдын башында уулдуу болгон. Алтай деген азамат жарык дүйнөгө келген. Бир сырдуу, дайым эле чечиле бербеген профессор бул ысымды Айкөл Манас жарыкка келген улуу жерге же аны маалымат майданына баш багып жатканда өзүнө ыйгарып алган залкар замандашынын урматына деп койду бекен суроосу азырынча ачык.

"Султан өзү аябай майдалап айтчу эмес. Табышмактатып айтып койчу. Кээде оюн-чындан айтып койчу. Ошон үчүн жер атынан койгон деп ойлойм, Алтайды, Алтай жерибизди. Ошону анан Азамат Алтайга байланыштуу койгон",- дейт Салтанат.

Султангазы Орозобеков бул жарыкчылыкты таштап кеткенден бери он алты жыл өттү. Балдары бой жетип, турмуш жолун улантууда. Артында калган жакындарынын аракети менен “Окумуштуу дарыгер” эскерүү китеби жарык көрдү. Китепти улуу инсандын бир тууган карындашы Салтанат Орозобекова түзгөн.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG