Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:42

Бангладеш: кандуу шайлоо


Бангладеште шайлоо өнөктүгү маалындагы демонстрацияларда 150дөй адам набыт болгон.
Бангладеште шайлоо өнөктүгү маалындагы демонстрацияларда 150дөй адам набыт болгон.

Бангладештеги парламенттик шайлоо кан төгүүлөр менен коштолуп, бойкот жарыялаган оппозициянын миңдеген колдоочулары тополоң чыгарышты.

Жекшембиде Бангладеште миңдеген демонстрант шайлооканаларга чабуул коюп, бюллетендерди уурдап кетишти. Полиция шайлоодо оппозициянын тарапкерлери 200дөн ашуун шайлоо бекетине өрт коюшканын, кагылыштарда кеминде 13 адам набыт болгонун кабарлады.

Богра шаарындагы демонстранттардын бири алардын бул аракеттери шайлоону болтурбай коюуга жетиштүү болот го деп үмүттөнгөнүн айтты:

- Демократия орундалмайын, биз шайлоону өткөрүүгө жол бербейбиз. Бул – демократиялык мамлекет. Демократияны колдогон ким болбосун, баары бүгүнкү шайлоого каршы, - деди ал.

Бийликтер жалпысынан 18 миңдей шайлоокананын 183үндө добуш берүүнү токтотууга мажбур болушту.

Премьер-министр Шейх Хасина шайлоо маалында бийликтен кете туруудан баш тарткан. Бул оппозициянын талабы болчу. Алар премьерди шайлоо учурунда бүт ишти утурумдук, техникалык өкмөткө калтырып турууну сунушташкан. Негизи өлкө акыркы бир топ жылдардан бери шайлоолордо ушул системаны колдонуп келишкен, бирок соңку өкмөт андан баш тартып, "ал системага кайрылууга зарылчылык жок" деп тапкан. Ошентип, өкмөт башчы шайлоо маалында бийликтен кетип турууга көнбөй койгондон кийин оппозиция шайлоого бойкот жарыялады.

Эми шайлоого оппозиция катышпай турганын эске алганда, премьер-министрдин «Авами лигасы» шайлоодо оңой эле жеңип, парламенттеги орундардын жарымынан көбүн ээлеши мүмкүн болуп турат.

Бангладеш Улуттук партиясы деген негизги оппозициялык күчтүн өкүлү Моин Хан жекшембидеги шайлоону «өлүк шайлоо» деп атады.

Байкоочулар жалпы добуш берүү өтө суз жүргөнүн белгилешти. Дакада добуш бергендердин бири, өзүн Шилпи деп тааныштырган аял: "Биз ушул шайлоо акыркысы эле болсочу деп каалап турабыз, - дейт. - Азыркы шайлоодо канча кан төгүлдү, көп чабуул болду. Бизге башка шайлоонун кереги жок".

Шайлоо өнөктүгүндө кан төгүүлөр менен коштолгон демонстрацияларда 150гө жакын киши мерт болгон. Жекшембиде өлкө боюнча коопсуздукту камсыз кылууга 50 миңдей аскер тартылган болчу, бирок шайлооканаларга чабуулдардын, адам өлүмүнө алып келген кагылыштардын алдын ала алышкан жок.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG