Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:15

Байден Борбор Азия лидерлери менен эмнени талкуулайт?


19-сентябрда Нью-Йоркто АКШ президенти Жо Байдендин Борбор Азия лидерлери менен жолугушуусу өткөнү турат. Буга чейин C5+1 форматындагы саммиттер тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде өткөрүлүп келген.

Маалыматтарга караганда, бийик деңгээлдеги жолугушууда аймактагы коопсуздук, соода жана байланыш, климаттын өзгөрүшү боюнча көйгөйлөр менен катар ар бир өлкөдөгү башкарууну жана мыйзам үстөмдүгүн жакшыртууга багытталган реформалар талкууланмакчы.

"Настоящее время" телеканалынын суроолоруна Central Asia Due Diligence борборунун директору Алишер Илхамов жооп берди.

- Борбор Азия лидерлери менен саммитте кандай маселелер талкууланары бүйүр кызытып турат. Орусияга Батыштын санкцияларын кыйгап өтүү маселеси негизгилерден болорун эксперттер жокко чыгарбайт. Байден аймак лидерлеринен эмнелерди сурашы, балким, эмнелерге басым жасашы мүмкүн?

Алишер Илхамов
Алишер Илхамов

- Байдендин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан "бул жыйын борбор азиялыктарды кайсы бир үчүнчү өлкөлөргө каршы бурууну көздөбөйт" деп билдирбедиби. Албетте, кеп биринчи кезекте Орусия жана Кытай жөнүндө жүрүүдө. Менимче, абдан этият, позитивдүү бир программага, тараптардын бардыгын кызыктырган маселелерге басым жасоо аракети көрүлөт.

Америка тарап талкуулана турган маселелердин катарына мыйзам үстөмдүгүн да киргизгени өзгөчө кубандырат. Бул абдан маанилүү. Себеби бул чөйрөдө жылыш болмоюнча, Батыштан олуттуу бир инвестицияларды күтүүгө болбойт. Бул маселе өзгөчө мыйзам үстөмдүгү жаатындагы абал начарлап кеткен Өзбекстанга жана Кыргызстанга тиешелүү. Кайсы бир деңгээлде Казакстанга да тиешеси бар деп ойлойм.

- Инвестициялар жөнүндө сөз кылып калдыңыз. Байден аймак лидерлеринен Орусияга жарыш (параллель) импорт менен жардам бербегиле деп сураса, АКШ анын ордуна эмнени сунуш кыла алат? Аймак өлкөлөрүнүн экономикасы Орусияныкына абдан байланган эмеспи. Аларды бир заматта үзүп салуу мүмкүн эмес, анын үстүнө ал өлкөдө эмгек мигранттарынын чоң армиясы жүрөт.

- Балким, Батыш рынокторуна чыгуунун келечегине, мүмкүнчүлүктөрүнө жана артыкчылыктуу багыттарына, инвестор тартууга акцент жасалат. Узак мөөнөттүү келечегине караганда, ушул өңдүү экономикалык кызматташтык, аймак өлкөлөрүнүн өнүгүшү, албетте, белгилүү бир артыкчылыктарды алып келет. Жакынкы келечекти эске алганда, Борбор Азия өлкөлөрүнө Украинадагы согуш жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берүүдө.

Алар андан пайда табуу үчүн Орусияга өздөрү чыгарган эмес, башка рыноктордон келген продукцияны реэкспорт кылууда. Азыр жакшылап таразалап, кайсы артыкчылыктар – узак же кыска мөөнөттүү кызыкчылыктар – маанилүү экенин чечүү зарыл. Менимче, узак мөөнөттү эске алганда, инвестициялык климатты жакшыртуу зарыл.

Ал үчүн мыйзам үстөмдүгүн орнотуп, бул тармакта прогресске жетүү керек. Андан тышкары проблемаларды пайда кылбастан, кызматташтыкты өнүктүрүү пайдалуу болмок. Мисалы, санкциялык товарлардын реэкспорту - ырбаган жарадай болгон көйгөйлүү маселелердин бири. Менимче, саммитте узак мөөнөттүү перспективага басым жасалат.

- Сиз мыйзам үстөмдүгүн эки жолу сөз кылып, Байден, АКШ Борбор Азиядагы абалга тынчсызданышы мүмкүн дегендей айтып кеттиңиз. Ушул оюңузду түшүндүрө кетесизби?

- Өзбекстанды алсак, президенттин же ага жакын кишилердин үй-бүлө мүчөлөрү инвесторлордон пара талап кылган учурлар болуп келген. Инвесторлорго мамиленин башка формалары да болот. Бир четинен, өлкөгө чакырып, артыкчылык, жеңилдик берилет деп убада кылат, экинчи жагынан, жок жерден тоскоолдук түзөт. Анан ошол тоскоолдукту жоёбуз деп, акча өндүрүшөт.

Мен ушуну айтайын дегем. Мына ушундай көрүнүштөр жок кылынса, аймак инвесторлор үчүн жагымдуурак болуп калат. Бул жаатта ийгиликке жетишкен Азиядагы башка мамлекеттерди үлгү кылсак болот. Дал ошол өлкөлөргө Борбор Азияга караганда инвестициялар көбүрөөк агылып жатат, муну менен алар реэкспорттон түшкөн кирешеден эселеп ашкан утушка ээ болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG