Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:05

Кыргыз компанияларын пайдаланган Орусия, кампаларга суроо-талап


Орусиянын жарыш импортундагы Кыргызстандын орду жөнүндө коллаж.
Орусиянын жарыш импортундагы Кыргызстандын орду жөнүндө коллаж.

Кыргызстанда соңку эки жылдан бери сапаттуу кампаларга болгон суроо-талап кескин өстү. Керектөөнүн көлөмү жүздөгөн миң чарчы метр деп эсептелет. Изилдөөчүлөр мындай тенденция орусиялык компаниялар Кремлге көз каранды болгон мамлекеттер аркылуу импорт жасай баштагандан тарта күчөгөнүн белгилешүүдө. Кыргызстандагы кампа рыногу кандай өнүгүүдө?

Кыргызстанда А жана В классындагы сапаттуу кампалардын жетишсиздиги курч болуп турат. Аларга болгон суроо-талап 2022-жылдын жаз айларынан бери кескин күчөгөн. Башкача айтканда, эл аралык коомчулуктун катаал санкцияларынан улам обочодо калган Орусия өзүнө өнөктөш жана көз каранды өлкөлөр аркылуу жарыш импорт механизмин жигердүү пайдаланып келет. Мындан улам, Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрүн орусиялык компаниялар өз кызыкчылыгына пайдаланып жатканы статистикалык жана аналитикалык документтерден даана көрүнөт.

Алсак, 2022-жылдын март айынан бери Кыргызстандын Евробиримдик өлкөлөрүнөн, АКШ жана Жапония өңдүү өнүккөн мамлекеттерден импорту 4-5 эсеге чейин өсүп кетти. Ошол эле маалда Бишкектин Орусияга экспорту 2,5 эсеге көбөйгөн. Статистикалык маалыматтар импорттук товарлардын көбү дароо эле Орусияга карай реэкспорттолуп жатканын көрсөтөт.

Былтыр кыргыз жарандыгын алган орусиялыктардын саны мурдагыга караганда бир кыйла көп болду. Алардын көпчүлүгү ири компаниялардын өкүлдөрү жана ишкерлер. Муну менен катар, ОсОО.kg порталынын отчётуна ылайык, Кыргызстанда орусиялыктар катышкан фирмалар дагы адаттан тыш көбөйдү.

Жергиликтүү логистикалык компаниялар

“Агропродукт Азия” логистикалык компаниясынын кампалары Бишкектин жанындагы Сокулук айылында жайгашкан, 10 680 чарчы метр аянтты ээлейт. Кампалар заманбап муздаткычтар менен жабдылган, тийиштүү стандарттарга жооп берген А класстагы имараттар. Аларда негизинен алма, картошка, сабиз-пияз, капуста өңдүү жашылча-жемиштер сакталат. Компания айыл-чарба азыктарын дыйкандардан сатып алып, муздаткычтарда сактап, андан ары Орусия менен Казакстанга экспортко жөнөтүп турат. Өздөрүнөн арткан аянттарды башкаларга ижарага берет.

Компаниянын башкы директору Алымбек Баатырбек уулу Кыргызстандын кампа рыногундагы жагдайды мындайча сыпаттайт:

“Соңку жылдары абдан көп кампалар салынып атат, жөнөкөй кампалардан баштап муздаткычтар дагы жылдан-жылга көбөйүүдө. Жеке менчиктер дагы көп, былтыртан баштап кытайлыктар менен бирге мамлекеттик-жеке өнөктөштүктө салынгандар да көбөйдү. Алматы-Айланма жолдорунун кесилиши жакта чоң-чоң соода-логистикалык борборлор салынып атат. Алардыкы логистикалык борбордон да чоң, хаб болуп калат. Бааларды аныктоо боюнча ошолор монополист болот окшойт. Ал жакта муздаткычтары да, жөнөкөй кампалары да болот. Мен өзүмдүкүн эле эмес, жалпы Кыргызстан боюнча айтсам, муздаткыч камералардын 80% аянты толук иштетилет. Эмне үчүн Чүйдө суроо-талап азыраак? Анткени Чүйдө айыл-чарба азыктары азыраак, жерлер түштүктөгүдөй иштетилбейт. Ошол себептен, Чүйдө кампаларга суроо-талап азыраак. Түштүктө муздаткычтардын баары 100% толуп турат. Айландыруу да көп. Биздики бул жерде мезгилдүү эле, күзүндө салынат, жазга чейин туруп, сатылат. Түштүктө жыл бою иштейт. Анткени аларда алча бышат, анан шабдалы, өрүк болуп отуруп, күзгө чейин иштеп келет. Күзүндө болсо кышкы азыктар кирет”.

“Жашылча” компаниясы Кыргызстандын кампа рыногунда 1993-жылдан бери иштейт. Сайтындагы маалыматка ылайык, 25 000 чарчы метрге чейин кампа аянтын ижарага берет. Анын ичинен өткөн жылы 3000 чарчы метрин өндүрүштүк муздаткычтар менен жабдыган.

Фирма негизинен жашылча-жемиштерди дыйкандардан сатып алып, өзүнүн кампаларында сактайт дагы, мезгили келгенде Казакстан, Орусия сыяктуу өлкөлөргө экспорттойт. Муну менен катар, аянтынын кайсы бир бөлүгүн ишкерлерге ижарага да берип турат.

Компаниянын президенти Азат Исмаилов кампалардын сапатына болгон суроо-талап улам өсүп жаткандыктан, көбүнчө рыноктук механизмдер менен жөнгө салынып турарын белгиледи:

“Ишкер кампа салганда өзүнүн сапат, атаандаштык боюнча талаптарына ылайыктап курат. Ошондуктан бул көп каражатты талап кылат. Аны кайра-кайра эле текшере бергенде адамды жөн эле беймазачылыкка алып келет. Мисалы, мен кампа сала баштасам, атайын талаптарына ылайыктап курам. Анткени фирмалар ар кайсы жерден товарларды алып келген болсо, алар кампалардын сапатына, талапка жооп берерине карайт. Андыктан мен аларга ылайыктап салышым керек болот. Ошондо мени текшерүүнүн зарылдыгы болбойт”.

Кампалардын сапаттык категориялары тууралуу кеп кылганда, анын техникалык жабдылуусуна жараша А, В, С жана D деген класстарга бөлүнөрүн айта кетүү керек. А жана В классындагылар сапаттуу жабдылган, жогорку стандарттарга туура келген кампалар болуп эсептелет. Алсак, мындай кампаларда электр энергиясы, жөнгө салынуучу температуралык системасы, аба алмашуу механизми жана кошумча чарбалык имараттары болушу талап кылынат. Мындан тышкары, полу бетондон, шыбынын бийиктиги 6-10 метр, унаа токтотуучу жайы, кызматкерлер үчүн кеңсеси, күзөтчүлөрү, байланыш каражаттары сыяктуу талаптар бар. C жана D классындагы кампаларга талап бир кыйла аз, ошого жараша товар кабыл алуу жана сактоо мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болот.

Кампа рыногу жана Орусиянын жарыш импорту

Орусиялык Knight Frank Group консалтинг компаниясы былтыртан бери Борбор Азия менен Кавказ өлкөлөрүндөгү жана Беларустагы кампа рыногун изилдеп келет. Изилдөөнүн жыйынтыгы 2022-жылдын жаз айларынан бери орус компанияларынын КМШ өлкөлөрүндөгү кампа аянттарына суроо талаптары 40-50% өскөнүн, ал көлөм 400 миң чарчы метрди түзөрүн көрсөткөн.

Изилдөөгө ылайык, Кыргызстанда сапаттуу жана шарттуу-сапаттуу делген кампалардын жалпы аянты 98 миң чарчы м түзөт. Анын ичинен А жана В класстагы кампалардын жалпы сунушталган көлөмү 46 миң чарчы метр деп эсептелет. Анын баары тең Бишкекте жана анын айлана-тегерегинде жайгашкан. Аянттын 74% В класстагы, 26% А класстагы кампалар.

В класстагы кампалардын чарчы метринин жылдык ижара акысы КНС салыгын эсептебегенде 60 долларды түзөт. Ал эми А классындагы кампалардын жылдык ижара акысы 130 доллар турат.

Изилдөөдө 2023-жылдын I чейрегинин соңуна карата өлкөдөгү сапаттуу кампаларда бош орун дээрлик жок экени аныкталган.

Рыноктогу суроо-талаптын курчтугунан улам быйыл Бишкектин жака-белинде “Азия Парк” деп аталган аянты 160 миң чарчы метрди түзгөн ири логистикалык парк куруу иштери башталууда. Кампа рыногун изилдеген, А класстагы логистикалык паркты куруу долбоорунун концепциясын иштеп чыккан жана ыктымал кардарлар менен алдын-ала сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн орусиялык NF Group компаниясы болууда.

Компаниянын индустриалдык жана кампалык мүлктөр департаментинин аймактык директору Константин Фомиченко Кыргызстанда кампа аянттарга суроо-талап сунушка караганда эки эсеге көп экенин айтат:

“Бүгүнкү күндө Кыргызстанда А классындагы кампалар дээрлик жок. Биз ушундай кампаларга жетиштүү суроо-талап бар экенин аныктадык. Мындан улам, ушундай логистикалык борбор куруу чечими кабыл алынды. Анткени суроо-талап жалпы сунушталган аянттын көлөмүнөн эки эсе ашып түшөт. Башкача айтканда, 160 миң м2 аянт сунушталса, суроо-талаптын көлөмү 300 миң м2 ашат. Кыргызстандын рыногу орусиялык компаниялар үчүн чындап кызык болууда. Алар логистикалык борбордун Бишкектин жанында жайгашкандыгына өзгөчө маани беришүүдө. Бул керектөөнүн бир кыйла чоңдугуна жана Борбор Азиянын чок ортосунда жайгашкандыгына байланыштуу. Ошондой эле объект товарларды Борбор Азия боюнча бөлүштүрүү үчүн кошумча логистикалык жана дистрибьютордук функцияны да аткарат”.

“Азия Парк” логистикалык паркы тууралуу орусиялык “Коммерсант” басылмасы макала жазып, аны негизинен Орусиянын жарыш импорт схемасына кызмат кыларына назар бурган.

“Азия Парк” долбоорунун өкүлү Кирилл Шевченко логистикалык комплекстин жарыш импортту көздөп курулуп жаткандыгы тууралуу маалыматтарды четке какты. Ошол эле маалда логистикалык комплекстен ижарага кампаларды алуу боюнча орусиялык компаниялар менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди:

“Бизде негизинен В классындагы кампалар иштейт. Биз рынокту изилдеп, талдап көрдүк. Жыйынтыгында кампаларда бош орундар дээрлик жокко эсе болуп чыкты. Болгон кампалардын баары бош эмес. Биз Кыргызстандын рыногуна чыгууга кызыкдар электрондук коммерциянын өкүлдөрүн, фармацевтикалык, дистрибютордук жана соода маркеттерин башкарган компанияларды да сурамжылап, талдап көрдүк. 2024-жылдын 1-январынан тарта фармацевтикалык кампаларга карата жаңы талаптар иштей баштайт. Учурда аларга тиешелүү сунуштар жок болууда. Ошондуктан биздин долбоорго кирүүнү же кампа аянттарын ижарага алууну каалаган ишканалар көп болду”.

Константин Фомиченко кампалык логистиканын жарыш импорттогу мааниси апыртылып жатканын айтат. Ал Кыргызстанда соңку кездери курулуп жаткан заманбап кампалар эл аралык жана орусиялык маркетплейстер менен интернет дүкөндөр үчүн көбүрөөк зарыл деп эсептейт:

“Кыргызстанда жергиликтүү сатармандар өтө жигердүү, алар ири заманбап маркетплейстерде соода кылуу мүмкүнчүлүктөрүн абдан жигердүүлүк менен колдонушат. Кыргыз бизнеси үчүн кампалык инфратүзүмдөр менен маркетплейстердин бар болушу чоң колдоо болуп эсептелет. Ошондуктан биз көздөгөн биринчи сегмент – бул интернет соода. Экинчиси - дистрибьютордук компаниялар, кыргызстандык жана азиялык бир кыйла ири дистрибьюторлор сапаттуу кампалык аянттарды ижарага алууга даяр. Биз андай кампаларды кыргыз рыногунда кезиктирген жокпуз. Бир топ жигердүү жана сапаттуу кампаларга муктаж болуп турган үчүнчү сегмент – чекене соода же ритейлерлер болуп саналат. Биз үчүнчү сегментте башкысы логистикалык тейлөөнү эсепке алып жатабыз”.

Кыргызстандын транзиттик ролуна маани берген чет өлкөлүк компаниялар соңку жылдары ири логистикалык кампаларды курууга кызыкдар болуп жатышат.

Казакстандын рыногунда иштеген кореялык “Эковис интернешнл” компаниясы Samsung Electronics жана LG Electronics компанияларынын электрондук товарлары менен тетиктерин Кыргызстанга түз жеткирүү үчүн Бишкекте А жана В класстагы кампаларды куруу ниетин билдирүүдө. Алар август айында кыргызстандык компания менен меморандум түзүштү.

Кытайдын да бир катар логистикалык компаниялары Кыргызстанда бондулук (бажы) кампаларын курууга кызыкдарлыгын билдирген. Июнь айында Ысык-Көлдө өткөн экономикалык форумга катышкан кытай делегациясы Кыргызстанга энергодолбоорлорго, электрокарлардын реэкспортуна, туризм инфратүзүмүнө жан алардын ичинде бондулук (бажылык) кампаларды курууга инвестиция саларын айтышкан.

Айта кетсек, бондулук кампа – бул интернет-дүкөндөр чет өлкөдөн товарларын алып кирип, бажы кызматынын көзөмөлү астында, бирок кошумча нарк салыгын, акциздик салыктарды жана бажы төлөмдөрүн алдын-ала төлөбөй туруп, сатып алуучулар алып кеткенге чейин убактылуу сактай турган өзгөчө экономикалык жай.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG