Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:43

The Guardian: Европанын Мугабеси


Белорус президенти Александр Лукашенко быйылкы шайлоодо өзүнө дагы бир ылакап ат ашырды. Атап айтканда, The Guardian гезити аны "Европанын Мугабеси" деп атады.
Белорус президенти Александр Лукашенко быйылкы шайлоодо өзүнө дагы бир ылакап ат ашырды. Атап айтканда, The Guardian гезити аны "Европанын Мугабеси" деп атады.

Британияда чыгуучу The Guardian гезити президент Лукашенкону "Европанын Мугабеси" деп атады.

"Аяз ата быйыл Минскиге эрте келди",-деп жазат басылмадагы макаланын автору Тимоти Гартон Эш. Белорустарга ал өзгөчө белек-бечкек, тактап айтканда, бурмаланган шайлоо, көкала койдой сабалгандар, обо-добо болуп камалгандар, совет үлгүсүндөгүдөй каратып туруп калп айтып, мурдун балта кеспеген адепсиздик өңдүү табериктерди тартуу кылды.

"Евросоюзга да өзүнчө куттуктоо кагазы тапшырылды, анда: "Урдум силерди!" –дегендей одоно сөз жазылган", - дейт Эш.

Макаланын автору бийликтердин ырайымсыздыгына түк түшүнө албайт. Жадесе Лукашенконун позициясынан алганда деле окуянын жүйөөлүү түшүндүрмөсүн табыш кыйын.

Добуштарды бурмаласа, алсыз жана ичтен жиктелип, уюмдаша албаган оппозицияга бир нече күн айкайлап митинг өткөргөнгө мүмкүндүк берсе, анан жаңы жыл алдындагы коомдук тынымдан пайдаланып, аларды тизгиндеп койсо болмок. Бирок бийликтер дароо эле жинигип кетишти. "Кыязы, өкмөттүн өзүндө ичтен жик чыгып, "кыргыйлар" кыйындык кылып кеткен өңдөнөт",- деп жосмолдойт автор.

Макалада айтылгандай, соңку жылдары өлкөдө калк арасында режимден үшү үркөн маанай кыйла басаңдай түшкөн эле. Ошондон улам болуу керек, көнүмүш кырдаалды көксөп калган милиция менен коопсуздук мекемелери ичте шакардай кайнаган ачуусун ай-буйга келбей дароо калктан чыгарды.

Эштин айтымында, Белоруссиядагы бул ала куштун кантсе да энчилүү аты бар. "Анын аты – террор. Ал, албетте, өткөн кылымдын отузунчу жылдарындагы сталин терроруна теңдеш эмес, ошол эле учурда сапаты жагынан Батыш Европадагы демократиялуу өлкөлөрдөгү полициянын чоң муштумдугунан кадыресе айрымаланат".

Автор оппозиция белгилеген демонстрациялардын масштабына жана жүрүшүнө карабай репрессияларды бийликтер күн мурунтан эле пландаганынан шек кылбайт. Анын үстүнө шайлоого он күн калганда күтпөгөн жерден Россия менен ымаласын оңдоп, андан арзан кара май жана газ алганга жетишип, "европалык Мугабенин" кадимкидей делебеси козголуп калган эле.

Өз бийлигин сактап калганга кайрадан жакшы мүмкүндүк түзүлгөнүн көрүп, Лукашенко европалык коомчулукка кошулуу тууралуу Германия менен Полшанын сунуштарын текеберлик менен четке какты.

Айтмакчы, бул жагдайды АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Филипп Кроули да белгилеген эле. "Белоруссия жана президент Лукашенко Батыш менен жакындашуунун удулун колдон чыгарбашы керек эле. Бирок биздин санкциялар күчүндө калат",-деп айтты Кроули мындан үч күндөй мурда. Белоруссияда болуп өткөн окуяларды ал өтө кайгылуу иш деп атады.

The Guardian гезитиндеги макаланын автору Белоруссиядагы иштерге европалыктар умачтай көзүн ачып карай турган маал келди деп эскертет. Биринчи кезекте саясий айыпкерлердин бошотулушуна жетишүү керек. Андан соң жаңы жылдан кийин Евросоюз белорус күзгүсүнө чындап көз токтотуп, андан өзүнүн кебете-кешпирин да жакшылап карап алууга тийиш.

Белоруссиялык "Мугабенин" күзгүсүнөн "Евросоюздун өз кешпири деле суктана тургандай көрүнбөйт болуу керек",- дейт макаланын автору.

XS
SM
MD
LG