Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:36

Беларус африкалык диктаторду колдойбу


Беларус президенти Александр Лукашенко уулу Коля менен өзүнүн төртүнчү жолку президенттик ант берүү аземине катышуу үчүн келе жатат. Минск. 2011-жылдын 21-январы. AFP.
Беларус президенти Александр Лукашенко уулу Коля менен өзүнүн төртүнчү жолку президенттик ант берүү аземине катышуу үчүн келе жатат. Минск. 2011-жылдын 21-январы. AFP.

Беларус эл аралык эмбаргону бузуп, Пил Сөөгүнүн Жээгине тикучма жибергени тууралуу кабардан кийин БУУнун баш катчысы Коопсуздук Кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүгө чакырды.

Бириккен Улуттардын баш катчысы Пан Ги-Мун жекшембиде Беларусту Батыш Африкадагы Пил Сөөгүнүн Жээги өлкөсүнүн «түшпөс ханы» Лораң Гбагбону колдоп, согуштук үч тикучма жиберди деп ырастады.

Ушуга байланыштуу ал маселени БУУнун Коопсуздук кеңешинде чукул талкуулоону сунуш этти.

Пил Сөөгүнүн Жээгинде Шайлоо комиссиясы ноябрдагы шайлоодо оппозициячыл саясатчы Алассане Оуттара жеңип чыкты деп жарыялаган, бирок азыркы мамлекет башчысы Лораң Гбагбо жеңилгенин мойнуна алуудан баш тарткан.

Пил Сөөгүнүн Жээги өлкөсүнүн президенти Лораң Гбагбо, 09-ноябр, 2010-жыл.

Андан бери каршы тараптардын ортосунда куралдуу кагылыштар орун алып, өлкөдө жаңы ички согуш башталып кетүү коркунучу күч алууда.

Беларустун Лораң Гбагбого согуштук техника жиберип жаткандыгы тууралуу кабар дал ушул кыйчалыш абалда таркады.

Өз билдирүүсүндө Бан Ки-Мун Беларустун экспорту «Пил Сөөгүнүн Жээгине 2004-жылы киргизилген курал эмбаргосун «олуттуу бузууга» жатаарын эскертти.

Бан Ки-Мундун айтымында, биринчи үч тикучма өлкөгө 27-феврал, жекшембиде келди жана Беларустан дагы башка курал-жарак келет деп күтүлүүдө.

Беларустун бийликтери бул ырастоону караманча четке кагууда.

Өлкөнүң тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Андрей Савиных "Азаттыкка" буларды билдирди:

Бизди бул билдирүү тынчсыздандырат. Беларус республикасы БУУнун Коопсуздук кеңеши кабыл алган бардык чечимдерди сыйлап, аларга ар дайым өтө жоопкерчилик менен мамиле кылат.Биз Пил Сөөгүнүн Жээгине Беларус согуштук тикучма жибербегенин эскертебиз.

Савиных БУУнун билдирүүсү тескери маалыматка негизделген болушу мүмкүн деген күмөн оюн кошумчалады:

Мындай кабар БУУнун расмий интернет сайтында кандайча пайда болгондугун иликтеп көрүш керек. Анын БУУнун баш катчысынын кеңсесине эч кандай тийешеси жок болушу мүмкүн. Бул тапшырманы Беларустун Нью-Йорктогу туруктуу өкүлчүлүгү өзүнө алат.

Пил Сөөгүнүн Жээгинде бир жума мурда куралдуу кагылыштарда ондогон киши каза тапкан.

БУУнун Качкындар агенттиги өткөн апта соңунда өлкөнүн баш калаасы Абижандагы кагылыштардан улам шаардан 30 миң чакты киши качып чыккандыгын билдирүүдө.

Тикучмалар келсе, Лораң Гбагбонун чырагына май таммак.

Анткени анын кол алдындагы аба күчтөрүн мурдагы ички атуулдук согуштун мезгилинде 2002-жылы Франциянын армиясы бомбалап салган.
Пил Сөөгүнүн Жээги өлкөсүндөгү оппозициячыл саясатчы Алассане Оуттара. 2010-жылдын 4-декабры. AFP.

Тескерисинче, Абижандын мейманканасында жүздөгөн колдоочулары менен жашырынып жаткан Оуттара үчүн коркунуч түзүлүүдө.

Беларус өзү былтыр декабрдагы талаштуу шайлоодо президент Александр Лукашенко төртүнчү жолу шайланганда эл аралык сынга кабылган эле.

Беларус оппозициясы жана эл аралык коомчулук өкүлдөрү бул шайлоо да олуттуу добуш бурмалоо менен коштолду деп Лукашенконун режимин сынга алышкан.

XS
SM
MD
LG