Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:22

Беларус: укук коргоо уюмунун мүлкү конфискацияланды


Укук коргоо борборунуцн мүлкү алынып жаткан учур. 26-ноябрь, 2012-жыл.
Укук коргоо борборунуцн мүлкү алынып жаткан учур. 26-ноябрь, 2012-жыл.

Беларуста өлкө бийликтери “Весна” деп аталган укук коргоо борборунун мүлкүн конфискациялашты. Саясатчылар менен адам укугун коргоочу активисттердин абакка түшүүсү адаттагы көрүнүш болгон өлкөдө алар иш жүргүзүүдө улам жаңы тоскоолдуктарга кабылууда.

“Весна” укук коргоо борборунун Минскиде батирде жайгашкан кеңсесине ушул дүйшөмбүдө келишкен сот аткаруучулар ал жердеги эмеректер менен кошо сүрүлүп, тебеленип калган килемдерге, айнек пардаларга чейин чыгарып кетишти.

Сот аткаруучулардын айтымында, ал буюм-тайымдар эми конфискацияланган мүлк менен иштөөчү дүкөндөрдүн бирине сатыкка коюлат.

Сот аткаруучулар борбордун кеңсесинде. 26-ноябрь, 2012-жыл.
Сот аткаруучулар борбордун кеңсесинде. 26-ноябрь, 2012-жыл.
Бул окуя Беларуста бийликтин аракетин сындаган укук коргоочулар өз ишинде кабылып жүргөн тоскоолдуктардын эң соңку мисалдарынын бири болду.

Бирок айыпка жыгылган, камалган же түрмөгө түшкөн жүздөгөн тургундарга укуктук жардам көргөзүп келген “Весна” борборунун кызматкерлери кеңсесинен айрылганы менен ишин токтотушпай турганын убада кылышууда.


Иш токтобойт

Борбордун өкүлдөрүнүн бири Владимир Лабкович алардын мүлкүн жүктөгөн унаа кеңседен кетип жаткан кезде буларды айтты:

- Бүгүн биздин кеңсени биротоло конфискациялашып, он эки жыл иштеген жайыбыздан айрылдык. Бирок эң башкысы дубалдар эмес да, Башкысы - биздин жамааттын духу. Андыктан албетте, биз бир да программабызды токтотпойбуз.

Мүлкү конфискацияланып жаткан кезде “Весна” борборунун кеңсесине башка укук коргоочулар, саясатчылар келишти. Чогулгандар атайы даярдалган ак баракка уюмдун ишине ыраазылык билдирген сөздөрдү калтырышты.

Алардын бири, “Эркиндик үчүн” деген кыймылдын лидери, мурда президенттикке талапкер болгон Александр Милинкевич:

- Тилектештиксиз эч нерсе ишке ашпайт. Бул баатырдык эмес. Эгер биз өз ара тилектеш болбосок, адамдарды кантип тилектештикке чакырабыз?

Александр Милинкевич кошумчалагандай, кеңсесинен айрылган укук коргоочуларды убактысынча “Эркиндик үчүн” кыймылы өз кеңсесинде баш калкалатмакчы.

“Весна” борборунун төрага орун басары Валентин Стефановичтин айтымында, кеңседен ажыроо, албетте, уюмдун ишине олуттуу сокку урат. Бирок бул окуя аларды мурдагы иш багытынан тайдырбайт.

- Биз адам укуктарынын баалуулуктарын коргоону, алар беларус бийликтери тарабынан аткарылуусу үчүн күрөшүүнү, Беларустагы адам укуктарынын реалдуу абалы тууралуу беларус жана эл аралык коомчулукка маалымат берүүнү улантабыз.

Конфискациядан мурда лидер соттолгон

“Весна” укук коргоо борборунун мүлкү конфискацияланышы менен уюмдун лидери Алесь Беляцкинин камалышынын да байланышы бар.

Алесь Беляцки сот учурунда.
Алесь Беляцки сот учурунда.
Минскинин соту былтыр аны үй-мүлкүн конфискациялоо менен төрт жарым жылга түрмөгө кескен. Учурда ал жаза мөөнөтүн өтөөдө.

Бийликтер таанымал укук коргоочуну салык төлөөдөн качкан деп айыпташкан.

Ал башкарган борбор да расмий каттоосунан кол жууган болчу.

Жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдары Беляцкинин соттолушунун саясий жүйөөсү бар деп эсептешкендиктен аны бошотууга жана актоого чакырып келишет.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG