Украинадагы нааразылыктын катышуучулары Киевдеги маанилүү өкмөттүк имараттарды, анын ичинде шаар бийлигинин кеңсесин ээлеп алышты. Эки айдан бери нааразылыктын бешиги болгон Майданда чатырлар тигилип, баррикадалар турат. Аянтты байырлагандар аязга туруштук берип, тамак-аш жасап, ара-чолодо шахмат ойношот.
Майдандагы жашоо

1
Нааразылыкка чыккандар чайды өздөрү кайнатышат. Ыктыярчылар болсо чай, суусундуктарды элге таратышат.

2
Европа аянтына чукул жерде демонстранттар хоккей ойноп жатышат.

3
Полиция менен кагылышта набыт болгондордун элесине коюлган гүлдөр менен сүрөттөр.

4
Чыкыроондогу шахмат мелдеши.

5
Президент Януковичке каршы чакан топтун акциясы.

6
Нааразылыкка чыккандар үчүн жылуу кийимдер даяр.

7
Полиция менен кагылышта набыт болгондорду эскерүү.

8
Көз карансыздык аянтындагы зым тосмодон өткөрүү бекети.

9
Көчөдөгү баш-аламандыкта өрттөлгөн автоунаанын калдыгы.

10
25 жаштагы ишкер Виктор оппозиция менен президенттин сүйлөшүүсүн күтөт. Азыр болсо аянттагыларга тамак-аш, чай таратуу менен алек.

11
"Динамо" стадионунун кире бериши өрттөн кийин.

12
Экран демонстранттарга каршы колдонулган октун кутуларын көрсөтүүдө.

13
"Мен Майданда болдум" деген жазуусу бар сувенир буюмдар

14
Демонстранттар полициядан калган калкандарды кармап турушат

15
Нааразылыктын катышуучулары от жагып жылынууда