Линктер

жекшемби, 23-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 12:51

Асфальт төшөгөн кошомат, алыс кеткен жаштар


Иллюстрациялык сүрөт.

“Эмгектүү кулда чарчоо жок” дегендей, мен канча жылдан бери эс албай иштеп келетам. Быйыл деле эс албайм. Эс алгым келсе эле жанымды тоо тартып турат. Тоого жакын жерге көчүп баргандан бери бул көксөөм да басыла түштү.

Баса, кечээ эле касиеттүү Таласка барып келдим. Шекемдин ырындагыдай Талас барган адамдын “кеткисин келтирбей” толуп-ташып, гүлдөп турган кези экен. Атактуу Беш-Ташка барып, ошол төрдүн кожоюну, аты менин атымдай болгон Шайлообек деген сонун адамга жолугуп, кымызын ичип, Жеңижоктун ырларын уктум.

“Агындыларга” жетпей, жакага түшүп барган сайын Таластын китеп саткан жерине барып, “Агындылар” үч миң сом” деген жоопту уккан сайын, чөнтөгүн сыйпалап-сыйпалап алып, кайра тоосуна кетип жүргөнүн, далай ирет “Агындыларды” Кыргыз радиосунан жатып-туруп угуп, бээлери саалбай калган күндөрүн эстеп, “ушул китепке жетсем арманым жок эле” деп, ушул китепке жетпей жүргөнүн арман кылып айтып олтурду. Ага “Агындыларды” тартууладым.

“Манас Ордодо” болдум. Ордону көздөй кетип бараткандагы айылдардын чеке-белинин тазалыгын, ирээттүүлүгүн айтпа! Тим эл көз тоет! “Айыл өкмөттөрү ушунтип иштесе эле сонун болот турбайбы!” деп суктанып баратсам, айтып атышпайбы: “Кечээ президент Сооронбай Жээнбеков келип кеткен. Ошого карата тазалашты”, - деп. Аңгыча асфальты жаңырган жолго чыктык. “Бул жолду да Жээнбеков келет деп асфальтташты” дешти.

- Эски асфальтын каңтарып салып, жаңы асфальтташтыбы? - дедим.

- Жок, мурдагы асфальттын үстүнө эле жаңысын чаптай салышты, - деди.

Мен ошондо, илгери “Асаба” гезитинде иштеп жүргөн кезимди, президент Аскар Акаев “Жыргалаң” шахтасын көргөнү барган кышта жергиликтүү аткаминерлер тоодон “тирүү” карагайларды кыйып келип карга сая коюшканын, Акаев адатынча эки колун бирине бирине учкаштырып алып асманга чейин көтөрүп, тиштери көрүнгөнчө күлүп-жайнап, “местный чоңдорго” ыраазы болуп, карагайлар “тигилген” жолдо шыпылдап басып баратканын, анан Акаев кетери менен “карагайларды”жулуп ыргытып, отунканага сүйрөп салышканын жазганыбызды, президенттик аппараттын буга бети кызармак тургай чым этип койбогонун, андан кийин деле "Акаев барат" дегенде айылдар жуулбаган жерин жууп, сүртпөгөн жерин сүртүнүп, жагалданып тосуп алып турганын, кечээ жакында эле Ала-Тоо жаңы конушундагы бир мектепке "Атамбаев келмей болду" дешсе, жолдун бурулушундагы аңгеккке асфальт төгө салып толтуруп, сонун кылып таптап, Атамбаев кетери менен асфальтын кайра чукутуп салганын, эң жаманы - бийлик башындагылар Усубалиевден бери эле ушунтип жасалма жана жалган “показухалардын” курмандыгы болуп келатканын ойлоп кейидим.

“Манас Ордодо” болдум. Болот Шер Байдылданын ашын өткөргөн жерди көрдүм. “Акылы ашынгандар” бүбү-бакшылардын тилине кирип каяктагы кенчти издеген, кыргыздын көкжал кыздарынын бири Токтайым Үмөталиеванын күчү менен казылбай калган Кароол-Чокуга чыктым. Чоңдор келерде эле “калп эле тытынып” калмайды таштап, Шекерге Айтматов атындагы дагы бир ордо куруп убара болбой эле, мына ушул Таластын борборундагы “Манас ордого” инвестиция салып, ушул жерди Таластын да, Манастын да, Чыңгыздан да, баарын чогултуп келип чындап Кыргыздын Меккесине айлантса боло турганын ойлодум. “Кароол Чокуну француздар Эйфел мунарасын жасагандан кем кылбай жасаса" боло турганын айткан жигиттер менен сүйлөштүм. “Манас Ордонун” Толгонай аттуу “гид кызы” укмуш экен! Өмүрү “Манас” эпосун окубаган мээге да Манасты бир заматта куюп салган талантына баа бердим. Китебимди тартуу кылдым.

Эл деген агып жаткан дайрага окшош дешет го. Таластын эли башкаларга караганда эки эсе өжөр, эки эсе намыскөй эмеспи, азыр андан да кубаттуу күч менен агып аткан экен. Университеттин ректорун көрө албадым, бирок айтышты, “ректор мыкты жигит, Германия менен келишим түзүп алган, студенттерди алмашып турат, мыкты окуган балдар-кыздарды чет өлкөлөргө жөнөтүп турат” деп.

Мектептин эки бүтүрүүчүсүнө жолуктум. Айылда окуп жүрүп эле англисче үйрөнүп, “Германияга кетем, Испанияга кетем” деп делөөрүп, эргип калыптыр. Энелери да сыймыктанып, “буюрса "Германияга кетем" деп жүрөт” деп кубанды. Мен ичимден ойлодум: “Аттиң ай, кыргыздын башы иштеген кыз-уландары үчүн “Бишкекке кетем! Ошко кетем! Кыргызстанда калам!” деген заман качан келер экен, келет болду бекен?” деп. Мага илгери Макебай деген айтты эле мактанып? “Жапондор кыргыз болчу, бизден кеткен” деп. Анан мен тамашалагам: “Эй Маке, эгер чын эле жапондор бизден кетсе даана акмак экен, жалаң акылдууларын алып кетип, акылы жок жанбактылары менен көралбас кошоматчыларын быякка калтырып” деп. Анын сыңарындай кыргыздын башы иштеген кыздары менен жигиттери кетип жатат, кетип жатат... тынбай кетип жатат... Уясынан учуп чыккан балапандар, кайра кайрылып жумурткасына кирмек беле?

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG