Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-июль, 2020 жума, Бишкек убактысы 00:13

Кан борборун жабылуу коркунучу тооруп турат


Кан куючу пробиркалар.

Өлкөдөгү кан борборлору кан чогулткан чөйчөктөр, пробиркалар, ийне, система, ал тургай бинт, кебез алганга да акчасы жок отурганы маалым болду.

Жыл соңуна чейин борборду камсыздоого 32 миллион сомго чукул акча керек. Бюджеттен бул акча карала элек.

Республикалык кан борбору 2020-жылдын 1-жарымындагы каржылоосун бюджеттен толук албай, кан жана анын компоненттерин сактап, чогулта турган керектөөчү каражаттарды саткан жеке менчик фирмаларга 2,9 миллион сом карыз болуп калган.

Буга кошумча быйылкы жылдын соңку айлары үчүн борбордогу керектөөчү каражаттар үчүн бюджеттен акча бөлүнө элек.

Бишкек шаарындагы травматология, ортопедия илим изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбековдун айтымында, травматологдорго кан жана анын компоненттери жок иштөө мүмкүн эмес.

«Биз эми тез жардам көрсөткөн кызмат болгондон кийин көбүнчө жол кырсыгынан жабыр тарткандар үчүн кан керек болуп турат. Кээ биринин боору айрылып, ички органдары канап, аябай көп өлчөмдө кандын компоненттери талап кылынат. Травматология эле эмес, кардиология, хирургия, онкология сыяктуу бардык кызматтарга кан күн сайын керек болот. Андыктан, бул кызмат токтоп калса, баарыбызга коркунуч жаралат», - деди Кубатбеков.


Өкмөт каражат бөлбөй жатат

Өлкө боюнча жети кан борбору бар, алардын баарында азыркы тапта бир нече аптага жете тургандай эле керектөөчү каражат калды.

Бул көйгөй өзгөчө карантин маалында, чек аралар жабык учурда күчөп кеткен. Маселе жакын арада чечилбесе, борборлор таптакыр иштебей калышы мүмкүн.

Республикалык кан борборунун жетекчиси Бакыт Карабаев адатта Кан борборлору Саламаттык сактоо министрлигине бөлүнгөн бюджеттен арткан акчага гана каржылануу принциби менен иштеп жатканын билдирди:

«Азыр эми коронавирустун экинчи толкуну башталат деген сөздөр айтылып жатпайбы. Ошого байланыштуу биздин борбордо каржы маселеси курчуп кетти. Кан борборун ар үч ай сайын эле каржылап, бир жылга толук каражат беришпейт. Ушундай система улана турган болсо, күзүндө таптакыр жабылып калабыз. Марттан баштап чек аралардын баары жабылып, сырттан дары-дармек, анализаторлорду, керектөөчү каражаттарды алып келүүгө мүмкүн болбой калды. Колубуздагы каражаттар ашып кетсе бир айга жетет. Азыр өкмөттүн бизди квартал сайын каржылаган принциби бизге туура келбесин түшүнүп калдык. Экинчиден, толук кандуу каржылоо болбой жатат».

2012-2017-жылдары чет элдик донорлордун жардамы менен кандагы вирусту аныктоочу жабдуулар алынып, өлкөдөгү кан борборлору талапка ылайык ремонттолгон.

Ошентсе да, бейтаптарга куюла турган кандагы вирустарды генетикалык, молекулярдык деңгээлде изилдеген ПЧР, жугуштуу ооруларды жок кылган инактиватор сыяктуу аппараттар жок.

«Эл аралык деңгээлге жооп бериш үчүн канды эки этапта тестирлөө ыкмасын киргизүү керек. Биз азыр бир гана этап менен тестирлеп жатабыз. Ага да ресурстарды эл аралык донорлорду тартып жатып алганбыз. Азыр канды ИХЛА деген жабдуу менен текшерип жатабыз. Бирок бул жетишсиз. Биринчи этапта ушул ИХЛА анализатору, экинчиде полимердик чынжыр реакциясын текшерген жабдуу керек. Генетикалык деңгээлде кандагы вирустарды аныктаган бул аппарат менен текшерүүнүн максаты – кан аркылуу жуккан бардык оорулардын алдын- алуу. Бизде азыр бул жабдуу жок. Ошондой эле кандагы патогендүү заттарды жок кылган инактивторубуз да жок. Бул маселени канча жылдан бери эле көтөрүп келе жатабыз. Көңүл бургандар болбой жатат», - деди борбордун директору Бакыт Карабаев.

Азыр кан борборлорунда кан тобун аныктай турган анализаторлор, канды тамчылатып алуучу системалар, канды чогултуучу пластик чөйчөктөр, даки да бар. Булардын баарын жыл аягына жеткирүү үчүн 31 миллион 363 миң сом керек. Республикалык кан борбору ушул тапта Саламаттык сактоо министрлигине каражат сурап кайрылып, жооп күтүп турган чагы.

Кыргызстандын "Донорлук, кан жана анын компоненттери боюнча" мыйзамдарына ылайык, мамлекеттик органдар өлкө атуулунун коопсуз кан тапшырып жана муктаж болгондо кан жана анын компоненттерин коопсуз алууга укуктуу.

Талантбек Батыралиев
Талантбек Батыралиев

Мурдагы Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев каржы маселеси чечилбесе, бейтаптардын өмүрү коркунучта экенин белгиледи.

«Кан борбору сөзсүз түрдө мамлекет тарабынан убагында каржыланышы керек. Кыргызстанда донорлордун саны азайганына карабай, бул борбор муктаждарга жеткиликтүү кан жана анын компоненттери менен камсыз кылууга аракеттенип жатат. Бирок каржылоонун кечиккени туура эмес. Кыргызстанда куткарыла турган, жардам берсе эле тирүү калышы мүмкүн болгон бейтап канга жетпей жашоо менен кош айтышат».

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунушу боюнча ар бир миң адамга 40-60 донор туура келиши керек. Бирок Кыргызстанда бул көрсөткүч өтө төмөн. Өлкөдө азыр 4 миңге чукул ардактуу донор бар. Кан хирургия, онкология, гинекология, травматология, гематология ооруларына талап кылынат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG