Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:17

Блаттер жана Платини cегиз жыл футболго аралашпайт


УЕФАнын президенти Мишел Платини менен ФИФАнын президенти Зепп Блаттер. 29-май, 2015.
УЕФАнын президенти Мишел Платини менен ФИФАнын президенти Зепп Блаттер. 29-май, 2015.

21-декабрда ФИФАнын этика боюнча комитети коррупцияга байланышкан чуулгандуу иштерди иликтөөдөн соң ушундай чечим кабыл алды.

Эл аралык футбол федерациясы - ФИФАнын президенти Зепп Блаттер жана Футбол ассоциацияларынын Европа биримдиги - УЕФАнын президенти Мишел Платини футбол ишмердүүлүгүнөн сегиз жылга четтетилди.

Мындай чечимди 21-декабрда ФИФАнын этика боюнча комитети коррупцияга байланышкан чуулгандуу иштерди иликтөөдөн соң кабыл алды.

Комитеттин чечимине ылайык, футбол ишмердүүлүгүнөн сегиз жылга четтетилгенден тышкары уюмдун президенти Блаттерге 40 миң доллар, ал эми УЕФАнын жетекчиси Платиниге 80 миң доллар айып салынды. Иликтөөдө Блаттер Платининин атына 2 миллион швейцария франкын же болжол менен эки миллион доллар которгону тууралуу иш каралган. Комитет Блаттер акчаны мыйзамдуу жол менен которгонун далилдей албай койгонун билдирди.

УЕФАнын башкы катчысы Жанни Инфантино Эл аралык футбол федерациясы коррупцияга белчесинен батып калганын айтты:

- Бүгүнкү окуялар ФИФА үчүн чоң каргаша жана жалпы дүйнө футболуна көлөкө түшүрдү. УЕФА буга өтө капаланууда. Бул окуялар дагы бир ирет Эл аралык футбол федерациясы коррупцияга белчесинен батып калганын айгинелеп турат. Мындан улам ФИФАны толук бойдон кайра реформалоо муктаждыгы чыгууда. Эртең УЕФАнын мүчө ассоциацияларынын өкүлдөрү ФИФАнын конгрессинин алдында жолугат. Ошондо европалык ассоциациялар футболдун аброюн сактап калуу үчүн кандай кадамга барууну чечиши керек.

ФИФАнын президенти Зепп Блаттер.
ФИФАнын президенти Зепп Блаттер.

Октябрь айында Блаттер менен Платини иш козголгонуна байланыштуу кызматтан убактылуу 90 күнгө четтетилген. 1998-жылдан бери ФИФАнын башында турган Блаттер ушул жылдын май айында уюмдун президенттигине шайлоону кайрадан жеңген. Бирок бир нече күндөн соң кезексиз шайлоодон кийин өз ыктыяры менен кызматтан кетээрин жарыялаган. Мындай кадамга шайлоого чейин ФИФАда тутанган коррупциялык жаңжал түрткү болгон. Өткөн жылдын 3-декабрында Швейцарияда пара алган деген шек менен уюмдун бир нече жогорку даражадагы аткаминерлери кармалган.

Алардын арасында Түндүк жана Борбордук Америка менен Кариб өлкөлөрү боюнча футбол федерациясынын мурдагы президенти Альфредо Хавит жана түштүк америкалык футбол конфедерациясынын башчысы Хуан Анхел Напоут да камакка алынган.

АКШнын башкы прокурору Лоретта Линч футболду тескеген аткаминерлерге 47 пункттан турган айып коюлуп жатканын айткан:

- Алар футбол эрежелерин так сактап, жалпы оюндун аброюн коргоонун ордуна футболду бизнеске айлантып, өз кызыкчылыктарына колдонушкан. Мындан улам Юстиция департаменти 20 жылдан бери арам акчаны адалдаштыруу менен алек болуп келген ФИФАда эмгектенген жана ага катыштыгы бар уюмдардын 14 өкүлүн коррупцияга айыптап, кылмыш жоопкерчилигине тартты. Аларга учурда коррупция, алдамчылык, акча талап кылуу жана рекетчилик сыяктуу оор беренелер боюнча жалпысынан 47 пункттан турган айып коюлду.

АКШнын Юстиция департаментинин маалыматы боюнча, эл аралык футбол федерациялар бирлигинин чиновниктери 24 жылда 200 миллион доллар өлчөмүндө пара өндүрүп алып турган деп шектелүүдө.

Лоретта Линч камакка алынгандардын ичинен ФИФАнын мурдагы вице-президенти Жеффри Уэбб биринчи болуп алдамчылык, арам акчаны адалдоо жана рекетчилик иштерин моюнуна алганын өткөн аптада билдирген.

ФИФАнын этика боюнча комитетинин чечими 79 жаштагы Блаттер мындан ары футбол ишмердүүлүгүндөгү карьерасын токтотту дегенди билдирет. Франция курамасынын мурдагы капитаны, 60 жаштагы Мишел Платини УЕФАны 2007-жылдан бери жетектеп келет. Көптөр аны ФИФАнын жетекчилигине келет деп ойлошкон.

Экөө тең аларга коюлган айыптарды четке кагып, коррупцияга аралашпаганын ырасташууда. 17 жылдан бери ФИФАнын башында турган Зепп Блаттердин адвокаты ФИФАнын чечимине каршы доо арыз менен кайрыларын билдирди.

Блаттер жана Платини 8 жыл футболго аралаша албайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:10 0:00

XS
SM
MD
LG