Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:35

Өзбекстанда катуу суукта газ менен электр өчтү


18-ноябрда Өзбекстанда катуу суук түшүп, кар жаагандан бери өлкөнүн айрым аймактары энергетикалык кризиске кептелди. Ташкентте көп жерде түтүктөр менен от казандары иштен чыгып, аймактарда суюлтулган газды алуу үчүн келгендердин узун кезеги пайда болду.

Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев сентябрда өткөргөн жыйында быйыл кыш жылдагыдан суук болорун эскертип, Ташкенттин 12 району, ар бир облус жана Каракалпакстан боюнча чечим кабыл алуу тапшырмасын берген.

Ал баш калаанын даярдыгы үчүн премьер-министр Абдулло Арипов, ал эми аймактар үчүн өкмөт башчынын орун басары Ачилбой Раматов жооп бере турганын айткан.

Бирок абанын температурасы төмөндөп, суук түшүшү менен Ташкенттин кээ бир райондорунда ысык суу, жылуулук, газ менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учурады.

Мисалы, Намангандагы Шарханд айылында 45 миңдей киши 10 күн бою суюлтулган газды күтүп отурду. Ферганада 200 миңден көп киши бир канча күн электр жарыгы жок отурат. 23-ноябрда авариядан улам Ташкенттин үч районуна жылуулук берилбей калды.

Өзбекстандын гидрометеорологиялык борбору шаршемби-бейшемби күндөрү аба ырайы суук болорун, кар жаашы мүмкүн экенин эскертүүдө.

Telegram-каналдагы маалыматка караганда Наманган облусунда бир нече көчөдөгү турак жайлар электр жарыгысыз калды. Наманган шаарынын вице-мэри эл менен жолугушууда арзан көмүр менен камсыздоо тууралуу убада берди. Буга чейин да айрым аткаминерлер кышка көбүрөөк көмүр даярдоо керектигин айтып келишкен.

Социалдык тармактарда колдонуучулар «быйыл газга жана суюлтулган газга үмүт артпай эле коюш керек» деген мазмундагы комментарийлерди жазып жатышат.

24-ноябрда блогер жана журналист Зафар Солиджонов Telegram-каналына жайгаштырган видеодо Ташлак районунда жергиликтүү тургундар электр энергиясы жана газдын жоктугуна нааразылык билдирип жатышканын көрсө болот.

Алардын айтымында, электр жарыгы үйлөрүнө күнүнө бир сааттан гана берилет. Эл райондук акимчиликтен тезинен чара көрүүнү талап кылышты.

Жергиликтүү сайттардын бири быйыл баш калаа «башка аймактар жыл сайын эле кабылган абалды жон териси менен сезип жатканын» жазды.

«Азаттыктын» өзбек кызматына жер-жерлерден кайрылган адамдар ушул суукта кандай кыйынчылыктарды баштан кечирип жатканын айтып беришти.

«Мына кар жаап атат. Свет жок. Иштен жаңы келдик, азыркыга чейин тамак жасай элекпиз. Баарыбыздын жаш балабыз бар. Балдар биринин артынан бири ооруп атат», - деди тургундардын бири.

Дагы бири «Фергана шаарынын так ортосундагы этаж үйдө жашайм. Газ жок, жер там болсо, отун, көмүр менен эптеп оокат кылмакпыз. Тактай жаксак да күн кечирет элек. Кабат үйдө эч нерсе кыла албайт экенсиң. Газ толук ачык болсо да араң күйөт. Кантип тамак бышырасың? Кантип чай кайнатасың?», - деп суроо салды.

Ошентип, жергиликтүү жашоочулар өзбек бийлигинин кышка кам көрбөгөнүн сындап жатышат.

Расмий адамдар кризиске аба ырайынын начарлашы жана электр энергиясын керектөөнүн көбөйүшү алып келди дешкени менен, эл мындай абал жылдан жылга эле кайталанарын айтат.

XS
SM
MD
LG