Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:58

"Үч эмдин бири кайда?"


Фарида Газиева жаңы төрөлгөн балдары менен.
Фарида Газиева жаңы төрөлгөн балдары менен.

Өзбекстандык Фарида Газиева үч эм төрөлгөн балдарынын бири төрөтканада жоголгонун айтууда.

Фергана облусуна караштуу Язяван районунун 28 жаштагы тургуну набыт болгон баласын дарыгерлер жашырып койгон деп күмөн санайт.

Кош бойлуу кезинде медициналык текшерүүдөн өткөргөн адистер ага үч эм төрөйсүң деп айтышкан. Келин 4-июлда Облустук перинаталдык борбордо операция жолу менен төрөгөн, дарыгерлер ага эгиз кыздуу болгонун билдирип, колуна эки ымыркайды карматышкан.

Фарида Газиева “Азаттыктын" өзбек кызматына буларды айтты:

"Акыркы жолу 2-июлда текшерүүдөн өткөм. Үч баланын тең жүрөгү жакшы согуп жатканын айтышкан. Бири 2 килограмм 800 грамм, экинчиси 2 килограмм 700 грамм, үчүнчүсү 2 килограмм 500 грамм төрөлөт деп болжолдоп да беришкен. 4-июлда Фергана облустук перинаталдык борборунда операция болдум. Кыздарымдын бири 2 кг. 640 г, бири 2 кг. 530 г төрөлдү. Үч эм төрөгөн жоксуң дешти. Бирок 7-июлда медайымдардын бири мага эки кыз, бир уулдуу болгонумду, бирок уулум чарчап калганын айтты. Муну менден дарыгерлер жашырып атышат".

"Асл Шифо Медикал" диагностикалык борбору берген справка..
"Асл Шифо Медикал" диагностикалык борбору берген справка..

Фарида кош бойлуу кезинде Ферганадагы МТД, “Табиб”, “Асл Шифо Медикал” сыяктуу жеке менчик диагностикалык борборлордо жалпысынан 21 жолу УЗИге түшкөн жана аны тастыктаган документтерди “Азаттыкка” жолдоду. Кагаздардын баарында келиндин курсагында үч бала бар экени жазылган.

Бирок Фергана облустук перинаталдык борборунун башкы дарыгери Мадхия Суяркулова 22-июлда “Азаттыктын” өзбек кызматына комментарий берип, келиндин айтканын куру доомат деп атады:

"Кош бойлуу кезинде жеке менчик клиникаларда текшерүүдөн өткөн. Ал жердеги адистер үч эм төрөйүн деп туура эмес маалымат беришкен",- деди Суяркулова.

Фергана облустук перинаталдык борбору
Фергана облустук перинаталдык борбору

Келиндин апасы Мухаббат Мирзаева башкы дарыгер туура эмес маалымат бергенин айтууда:

"Бир же эки жолку текшерүү ката болушу мүмкүн. Бирок 21 жолу ката болбойт да. Элдин баары келесоо, дарыгерлер акылдуубу?".

"Табиб" медициналык борбору берген справка
"Табиб" медициналык борбору берген справка

Фарида Газиеванын апасы Фергана шаардык прокуратурасына арызданды. Козөмөл органы окуя боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын маалымдады.

Фарида жана жолдошу Жавохир мурда да эгиз кыздуу жана бир уулдуу болушкан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG