Линктер

жекшемби, 22-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 22:11

Чек арада ок тийген аскерлер айыгып калды


Аскердик госпиталдагы дарыланып жаткан чек ара сакчылары.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев 22-23-июль күндөрү кыргыз-тажик чек арасында болгон кагылышуулардан жабыркагандардын акыбалы менен таанышты. Жараланган 4 чек ара аскери Аламүдүн районунун Беш-Күңгөй айылындагы аскердик госпиталда дарыланууда.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев 22-23-июлда Баткендеги кыргыз-тажик чек ара чырынан ок тийип жарадар болгон аскерлердин акыбалын сурады. Азыр алардын төртөө Бишкектин четиндеги Беш-Күңгөй айылында жайгашкан аскердик госпиталда дарыланууда.

Жалпысынан алты аскерге ок тийип, операция жасалган. Жарадарлардын бири, ыкчам ишмердүүлүк бөлүгүнүн офицери, ага лейтенант Эшназар Жороев тирешүүлөрдү мындайча сүрөттөдү:

Эшназар Жороев.
Эшназар Жороев.

«Чыр-чатак башталганда алгач эле ок мага тийди. Тажик тараптагы эл аткан октор экенин билдим. Чачма октуу мылтыктын 19 огу тийген экен. Башыма эки ок атылып, бирөө сөөккө чейин жетип барыптыр. Колума, бутума, денеме майда октор көп эле тийди. Ошол жерден эстен танып, кызматташтарым мени Баткен облустук ооруканасына алып барышыптыр. 10 күн жаткандан кийин 30-июлда Бишкекке учуп келдик. Мындай тирешүүлөр учурунда артка чегинип, качканды, өз жаныңды калкалаганды ойлоно албайсың. Себеби артыңда эл турат, кызматташтарыңа жардам беришиң керек дегендей. Коркуп, артка чегинүү жоокердин иши эмес да».

Азыр Жороевдин көкүрөгүндө чачма октуу мылтыктын бир нече огу калып калган. Бирок жалпы абалы жакшы. Эртең-бүрсүгүнү ооруканадан чыгарын айтты.

Баткен облусунун чек ара кызматынын №2022 бөлүгүнүн офицери Санжарбек Бейшеналиевдин бутуна ок тийип, операциядан кийин азыр балдакчан басып жүрөт. Ал чатак учурунда жарадар болгонуна карабай, кызматын улантканын эскерди:

Санжарбек Бейшеналиев.
Санжарбек Бейшеналиев.

«Биринчи ок тийгенин билбей калыпмын. Эч нерсеге карабай эле чуркап жүргөм. Анан бутум ооруксунуп, канай баштаганда көрдүм. Эки эл кагышып жатканда бизде коркуу сезими болбойт экен. Тескерисинче, батыраак жаңжалды басууга аракет кылабыз. Жаштайымдан офицер болгум келчү. Жашообуз жакшы, аскер бөлүктөрүндөгү турак-жай акысыз, маяна жетишерлик. Кызматтык кийим-кечебизди берип турушат».

Окуялар Мамлекеттик учурунда чек ара кызматынын 6 офицерине ок тийген. Жарадар жоокерлер 30-август күнү Бишкектеги Улттук госпиталь менен Травматология жана илим изилдөө институтуна которулган.

Азыркы тапта Аскердик госпиталда дарыланып жаткандар тууралуу анын башкы дарыгеринин орун басары Нурсейит Карабаев маалымат берди:

«Биздин ооруканага август айында бешөө түштү. Бирөө армиянын кызматкери, жеңил жарадар болгон соң бизде 5 күн жаткандан кийин үйүнө чыгып кетти. Азыр төртөө калды. Алардын бирөө мына бүгүн дарылоосу аяктап, кетип жатат. Үчөөнү биздеги дарылануусу аяктаганда Ысык-Көлдүн Тамга айылындагы саламаттыгын калыбына келтирүүчү борборго жиберебиз».

22-июлда Баткен облусунун Ак-Сай айылынын аймагында чек ара чатагы чыгып, кыргыз тараптан Ак-Сай, тажик жактан Ворух айылдардын тургундары кагылышкан. Окуя болгон жердеги Мамлекеттик чек ара кызматынын өздүк курамы ыкчам аракетти ишке ашырганы менен 30дан ашуун адам жарадар болгон.

Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев азыркы тапта кырдаалды туруктуу деп баалады:

Уларбек Шаршеев.
Уларбек Шаршеев.

«Жалпысынан мамлекеттик чек арада абал туруктуу десек болот. Көбүрөк кыргыз-тажик чек арасына маани берилип жатат. Чек арадагы жыш отурукташкан элдин ортосунда чыгып жаткан чатактардан улам, ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын делимитациялоо иши 54 пайыз гана аткарылгандыктан, 46 пайызы белгисиз, талаштуу болуп, бул аймакка өзгөчө кылдат карап жатабыз».

Кагылышуудан жабыр тарткан аскерлердин жарааты оорлору эми Ысык-Көлдөгү Тамга айылында саламаттыгын калыбына келтирмекчи.

22-июлда кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан. Кыргыз тараптын маалыматына караганда, 22-июлда кечки 17:20 чамасында Ворух айылынын кире беришиндеги такталбаган жерге Тажикстандын желегин орнотуу учурунда эки тарап тиреше кеткен.

Кыргыз-тажик чек арасындагы абалдан улам эки өлкөнүн президенттери Сооронбай Жээнбеков жана Эмомали Рахмон 26-июлда Тажикстандын Исфара шаарында, 27-28-июлда Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында сүйлөшүү жүргүзүшкөн.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Пикирлерди көрүңүз (2)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG