Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-декабрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 02:52

Германияда Бундеслиганын оюндары жанданды


Жабык стадиондо жардамчылар топторду дезинфекциялап жатышат. Дортмунд, 16-май, 2020

Пандемия башталгандан бери Европадагы лигалардын ичинен ишембиде эң алгачкылардан болуп Германияда Бундеслига оюндары жанданды. 18 улуттук клуб мелдеше турган чемпионаттын алгачкы оюну Дортмунд шаарындагы ээнсиреген стадиондо жергиликтүү "Боруссия" командасы менен "Шальке-04" ортосунда 4:0 эсебинде аяктады. Ишембиде дагы беш мелдеш уюшулду. Катаал саламаттык чаралары, коопсуздук эрежелери астында өткөн Дортмунддагы мелдешти стадиондо 200дөй гана киши көрө алды. Алардын көбү медициналык кызматкерлер, коопсуздук, гигиена боюнча адистер жана журналисттер менен операторлор. Футболчулардан башкасынын баары беткап кийүүгө милдеттүү. Эки айдай мезгил бою футбол боюнча мелдештерден куру калган бир миллиарддай адам Бундеслиганын оюндарын сыналгыдан көрүштү. Европада бардык өлкөлөр коронавирус кризисинен улам футбол мелдештерин токтотуп, бир гана Беларус кадимкидей беттештерди уюштурууну улантып келатат.

XS
SM
MD
LG