Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:25

"Бүтпөй калган портрет". Сарман агай


Сарман Асанбеков.
Сарман Асанбеков.
Макаланын автору Аманбек Жапаров - журналист, педагог-режиссер. 1979-1983-жылдары Бишкектеги Бүбүсара Бейшеналиева атындагы мамлекеттик көркөм өнөр институтунун режиссура бөлүмүндө окуган. Муратбек Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу драма театрында артист жана режиссёр болуп иштеген. “Азаттык” үналгысы менен 1998-жылдан тартып кызматташып, ондогон маек жана макалаларды жазган. Соңку жылдары кыргыз искусствосуна, көркөм өнөрүнө бараандуу салым кошкон инсандар тууралуу макаларарды жазып келүүдө.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

"Бошко кетсе күнүм түн деп билесиң"

1990-жылдын соңунда Б.Бейшеналиева атындагы мамлекеттик искусство институтунун театр жана кино факультетинде көп кырдуу талант, коомдук ишмер, театр сынчысы, сүрөтчү, акын, драматург, жазуучу, профессор Сарман Асанбеков менен бирге иштедим. Анын студенттерди окутуу ыкмасы жана турмуштук тажрыйбасынын кийин опол тоодой пайдасы тийди десем болот.

Адатта айрым окутуучулар балдар аз келсе, сабакты эптеп-септеп бүтүрүүгө шашат эмеспи. Сарман агай бир окуучу отурса дагы болгон билимин, билгенин айтып, сабакты үзгүлтүккө учуратчу эмес.

Деги эле Сарман агайдын адабият, искусство (көркөм өнөр) тармагында билбеген темасы жок эле. Ал кезинде кыргыз театр, кино өнөрүнүн дөө-шаалары Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Искендер Рыскулов, Гүлшара Дулатова, Даркүл Күйүкова, Советбек Жумадылов, Алмаз Сарлыкбеков, Жалил Абдыкадыров, Бакен Кыдыкеева, Жамал Сейдакматова, Токтоболот Абдымомунов, Сүймөнкул Чокморов, Төлөмүш Океев, Жоомарт Кадыралиев менен баарлашып, чогуу иштешип үзөңгүлөш жүргөн (айрымдардын чыгармачылык портретин жазган).

(Оңдон солго) Кыргыз Республикасынын Баатыры, залкар талант Сабира Күмүшалиева, Сарман Асанбеков (ортодо), Аманбек Жапаров.
(Оңдон солго) Кыргыз Республикасынын Баатыры, залкар талант Сабира Күмүшалиева, Сарман Асанбеков (ортодо), Аманбек Жапаров.

Ал Кыргызстандагы бардык театрларда коюлган спектаклдерди көргөн десем аша чапкандык болбос. Анткени Сарман агай Маданият министрлигинин комиссиясын жетектеп, спектаклдерди жеринде кабыл алчу.

Анын сынчылык өзгөчөлүгү, башка айрым сынчылардай көргөн иштерин ыксыз катуу сындап режиссер-актерду, сүрөтчүнү турбай калганча чабуу эмес, тескерисинче кемчиликтерин жумшак азил менен театр теориясы, адабият теориясы менен талдап, оңдоп-түзөөгө чыгарманын жакшы чыгуусуна көмөк берер эле.

Буга мисал катары бир окуяны эскере кетким келет. 1980-жылдары министрликтин кабыл алуу комиссиясы келет дегенде Нарын музыкалык-драма театрынын жамааты апкаарып, калтырап турчу. Комиссиянын курамына катаал сынчы кирип калса, кээ бир спектаклдер өтпөй калган.

Грузин драматургу И.Цагарелинин "Ханума" спектаклинде оркестр же грузин бийи жок деп кабатырланып турганыбызда Сарман агай баш болгон комиссия көрдү.

"Силер грузиндерди туурабагыла, грузиндердей болобуз дебегиле, ушундай каармандар кыргыздарда деле бар”, - деди Сарман агай.

Анан ал спектаклдин жакшы жактарын айтып, негизинен “темпераменттүү жандуу кыймылыңарды ишенимдүү ойноп актердук линия, “сквозное действие роли” деген болот, ошонуңардан тайбай так ишенимдүү ойногула. Режиссер Аклаевага айттым, майда кемчиликтерди оңдоруна ишенем. Репертуарга кошулуусун колдойм. Куттуктайм, ийгилик болсун” деп маанайыбызды көтөргөн.

Сарман Асанбеков.
Сарман Асанбеков.

Ал адабият, сүрөт, музыка багытына да сын көз чаптырып, пайдалуу кеңештерин берген сынчы катары эсте.

Өз кызыкчылыгынан да коомчулуктун кызыкчылыгын жогору койчу. Жумушу чачтан көп болуп кычап турса да убакыт таап, көздөгөн максатына жетмейинче жаны тынчу эмес.

2000-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти О.Айдаровду ээрчитип КТРдын ошол кездеги жетекчиси А.Карыпкуловго кадыр-көңүлүн салып жатып КТРда "Учур" жаштар теле-театрынын ачылышына салым кошкон. Кийинчерек КР эмгек сиңирген артисти Сатылган Сазаевди коштоп алып азыркы Капар Медетбеков атындагы Талас облустук театрын ачып, жаңы имарат салдыртууга жетишкен.

"Бүтпөгөн портрет"

2000-жылы Сарман агай "Бүтпөгөн портрет" деген пьеса жазып, кол жазмасын берди. Жаш сүрөтчү жашоодогу ар кандай катаал көрүнүштөргө тушугуп, жазып жаткан портретти аягына чыкпай майып болот. Бул чакан пьеса менен автор алдын ала "базар экономикасында адабият, маданият четке сүрүлүп, өнөр адамдары кароосуз калганын белгилеп, мамлекет, эл деградацияга учурайт" деп коңгуроо кагат.

"Бул жалган жашоонун өзү бүтпөгөн портрет", - деди эле кайран талант.

"Бүтпөгөн портретти" мен жетектеген актердук курстун дипломдук спектакли кылып коюп, "Учур" теле-жаштар театрынын ачылышына негиз болгон. Сарман агай башкалардын ийгилигине жетине албай жаш баладай кудуңдап сүйүнчү. Боорукер, өтө сезимтал эле.

Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинен бир бөлмөнү сүрөт тарткан өнөрканага айлантып, кызыктуу полотнолорду жазчу. Түндө жакшы ыр түрмөгүн жаздым деп өнөрканасына чакырып, бакылдап окуп берчү ошо ырларынан төрт саптар:

Канча тийсе күндүн жерге жарыгы,
Ошончо узайт тирүүлүктүн арымы,
Мен өзгөчө кейиш менен эскерем,
Түн кучактап кеткен өмүр жарымын.

Ырас түндө бакырчылык кылабыз,
Көзгө түшпөс көңүл сырын угабыз,
"Бүгүн кечке бүтүрдүм-деп кайсы ишти?"
Көп ойлонуп, териштирип чыгабыз.

Бүтсө жакшы. Өзүңдү өзүң "дагылап..."
Жылдыргың бар башталганын арылап,
Ыраазылык бийлеп ойду, сезимди,
Кырк тамырды эс алдырат дарылап.

Бошко кетсе күнүм түн деп билесиң
Жети өмүрүң түшүп жерге киресиң,
Кирпик какпай курган жүрөк ачышып,
Көрүнбөгөн муздар менен тилесиң.

Дагы ойлойсуң мен ооруткан жокмунбу,
(Байкоосуздан жалын бүрккөн от сындуу,)
Ак жеринен күнөөсүздү күйгүзүп,
Абийир келет ошол кезде сот сындуу.

Же бирөөнү кыла алдымбы ыраазы,
Адам үчүн аппак жашап өткөн күн,
Билгендерге, барк алганга бир ашуу.

Ансыз деле нервибизди тыткылап,
Көп жолугат маанайларды бузчу убак,
Бирөөлөрдүн кеспей калса кендирин
Калган өңдүү кадимкидей туз сурап.

Жанын такыр жай алдырбай жүргөн бар,
Жамандыкты кесип өмүр сүргөн бар,
Жакшылыкка каш-кабагы бүркөлсө,
Мөгдөп турсаң таба кылып күлгөн бар.

Сарман агайдын өмүр жолу тууралуу кыскача маалымат:

Көрүнүктүү театр сынчысы, искусство таануучу, театр иликтөөчү, жазуучу, акын, драматург, журналист, коомдук ишмер, сүрөтчү, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана көркөм өнөр университетинин профессору Сарман Асанбеков көптөгөн чыгармачылык союздардын мүчөсү болчу.

Кыргызстан жазуучулар, сүрөтчүлөр, журналисттер, театр ишмерлер биримдигинин мүчөсү эле. Кыргызстандын маданият искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты болчу.
"Бир жолу курсташ курбум Мар Байжиев: -Бу Сарман, сен бардык союздарда мүчөсүң. Бир гана ушу ит багуучулар союзуна мүчө эмессиң - дейт", - деп көзү жүлжүйгөнчө ыкшып күлдү эле кайран агайым.

Коомдук ишмер, театр сынчысы, сүрөтчү, акын, драматург, жазуучу, профессор Сарман Асанбеков
Коомдук ишмер, театр сынчысы, сүрөтчү, акын, драматург, жазуучу, профессор Сарман Асанбеков

Сарман Асанбеков 1935-жылы Талас районундагы Арал айылында төрөлгөн. Орто мектепти аяктагандан кийин Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетине кирип, аны 1958-жылы аяктаган.

1966-жылы Кыргыз ССР илимдер академиясында аспирантурада, Москвадагы маданият институтунда илимий стажировкада билимин андан ары өркүндөткөн.
Эмгек жолун 1958-жылы Кыргыз мамлекеттик сүрөт музейинде илимий кызматкерликтен баштаган. 1966-жылы актерлор үйүндө, Кыргыз театр биримдигинде, 1968-жылы С.Чуйков атындагы сүрөт окуу жайынын директору болуп иштеген.

1975-жылы Кыргыз илимдер академиясына өтүп Кыргыз совет энциклопедиясынын маданият жана искусство бөлүмүн башкарган.
1966-жылы «Кыргызстан маданияты» жумалыгында бөлүм башчы болуп иштеген.

Коомдук ишмер, театр сынчысы, сүрөтчү, акын, драматург, жазуучу, профессор Сарман Асанбеков
Коомдук ишмер, театр сынчысы, сүрөтчү, акын, драматург, жазуучу, профессор Сарман Асанбеков

Сарман агайдын алгачкы ыр жыйнагы «Ыргак» деген ат менен 1963-жылы жарык көргөн. Кийинчерээк анын «Сүрөтчү», «Г.Айтиев», «Заманбап кыргыз драмасы», «Колхоз музейи», «Жаштыкка саякат», «Алиман Жангорозова», «Кыргыз цирки», «Сары Булак» деген китептери жана «Мираида Далбаева», Марат Алышпаевдин чыгармачылык портреттери, монографиялары чыккан.

Сарман агай Таластагы Т.Герцендин сүрөт музейин, Талас облустук театрын, «Учур» театрын ачуу демилгечиси болгон. Б.Бейшеналиева атындагы мамлекеттик искусство институтунда профессор болуп ондогон актер, режиссер, театр таануучуларды тарбиялаган.

2009-жылы 31-мартта акка моюн сунуп, сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.

Быйыл апрелде Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде Сарман агай мурда өзү иштеген кабинетти Сарман Асанбеков атындагы класс деп атап, аталган окуу жайдын тарбия иштери боюнча проректору Кундуз Макееванын демилгеси менен «Өнөр жолунда өрнөктүү улуу инсан» деген аталышта Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, профессор, драматург, акын, театр сынчысы жана котормочу Сарман Асанбековдун элесине арналган тегерек үстөл уюштурулду. Иш-чарага Сарман агай менен кезинде чогуу иштегендер, элге өнөрү менен таанылган инсандар катышты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG