Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:05

Харпер: Канаданы эч ким коркута албайт


22-октябрда ардактуу күзөттө турган жоокерди беткапчан адам атып кетти. Кандуу окуядан кийин ордолуу шаар Оттавада коопсуздук чаралары күчөтүлдү. 22-октябрь, 2014-жыл.
22-октябрда ардактуу күзөттө турган жоокерди беткапчан адам атып кетти. Кандуу окуядан кийин ордолуу шаар Оттавада коопсуздук чаралары күчөтүлдү. 22-октябрь, 2014-жыл.

22-октябрда Оттавада Согуш мемориалында ардактуу күзөттө турган жоокерди кара кийимчен, беткапчан адам атып кетти.

Куралчан адам кийин Канада парламентинин имаратынын ичине кирип, атышууда ок жеп өлдү.

Буга байланыштуу премьер-министр Стивен Карпентер “Канаданы эч ким коркута албайт” деп, өлкө терроризмге каршы күрөшө берерин билдирди.

​Кандуу окуядан кийин ордолуу шаар Оттавада коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Коопсуздук күчтөрү алдыда мүмкүн болчу кол салууларга тиешеси бар деп шектелгендерди издөөдө.

​Мындан эки күн илгери 25 жаштагы Мартин Кутюр Руло деген жигит Квебек провинциясында машинеси менен эки жоокерди сүзүп, полицияга токтобой качып баратканда атып өлтүрүлгөн. Анын жанынан чоң бычак табылган.

Исламды жаңы кабыл алган Мартин, полициянын билдиришинче, куралдуу кагылышуулар жүрүп жаткан өлкөлөрдөн кайтып келген же ал жакка аттанганы жаткан деп шектелген 90 адамдын тизмесинде болгон.

Премьер-министр Стивен Харпер 22-октябрдагы кандуу окуядан соң телекайрылуу жасады. Аскерлердин өлүмү менен коштолгон соңку эки алаамат жетекчиликтин улуттук коопсуздукту камсыздоо жана Канададан тыш жактардагы террорчулук менен күрөшүү боюнча чечкиндүүлүгүн мурдагыдан да күчөтөт, - деди Харпер:

- Бул аптада болгон ырайымсыз окуялар дүйнөнүн башка бөлүктөрүндө болуп жаткан террордук аракеттерден Канаданы кыйгап өтпөстүгүн эскертет. Биз өзүбүздүн коопсуздук кызматкерлерибизге жана башкаруу мекемелерибизге кол салуу табияты боюнча бизге жасалганын эскерттик.

Согуш мемориалында ардактуу кароолдо турган капрал Натан Сирийону атып салып, анан парламенттин ичиндеги атышуу кезде өлтүрүлгөн жаран 32 жаштагы Мишел Зихафа Бибо экенин Канаданын масс-медиасы кабарлады.

Globe and Mail гезитинин жазышынча, квебектик жигит Канададан сырт жакка чыкса, жогорку деңгээлдеги тобокелге барчу же террорчуларга кошулуп кетчүлөрдүн тизмесинде болгон. Зихафа Бибо жыл башында Түркияга бармак болгондо, андан ары террорчуларга кошулуп кетет деген кооптонуудан улам, паспортун бийликтер алып койгону маалыматтарда айтылат.

АКШ президенти Барак Обама шаршемби күнү Ак үйдө сүйлөп, Оттавадагы трагедиянын себеби тууралуу толук маалыматы жок экенин айтты. Ошондой эле Кошмо Штаттар жана Канада үчүн терроризмге каршы чогуу аракеттенүү маанилүү деди:

- Бизде атышуунун жүйөсү жөнүндө толук маалымат жок, ал чоң түзүмдүн же пландын бир бөлүгүбү, же жеке өзүбү, же мындай аракеттерди жасайлы деген адамдардын тобубу белгисиз. Бирок бул окуя бизден кыраакылыкты талап кылат.

Анын алдында Обама телефондон Карпентер менен баарлашып, Америка элинин атынан көңүл айткан.

Канада октябрдын башында Ирактагы жана Сириядагы “Ислам мамлекети” тобуна каршы АКШ баштаган коалицияга кошулган.

Оттавада жана андан мурда Монреалдын жанында аскерлерге жасалган кол салуу үчүн эч бир уюм өзүнө жоопкерчилик ала элек.

XS
SM
MD
LG