Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:22

Экзамен мен үчүн майрам, профессор!.. 


Жакында бир ири жетекчилик орунга талапкер болгон кишинин мамлекеттик тил боюнча сынактан (экзаменден) өткөнү ар кыл шакабаларды жаратты. “Күлкү кербендин” бул чыгарылышында сынактар тууралуу азилдер шиңгилин тартуулайбыз.

* * * * * * *

— Урматтуу талапкер! Сиз эмнеге ойлонуп калдыңыз? Тез жооп жазбасаңыз, берилген убактыңыз азайып калды.

— Агай, акырын шыбырап койосузбу: “эл” сөзү эки тамгадан турабы же үч тамгаданбы?

— “Нөл” сөзү кыргызча үч тамгадан турат. Ошону гана айта алам.

* * * * * * *

Ири кызматка аттангандар үчүн мамлекеттик тил боюнча сынак — бул билимдин эмес, капчыктын деңгээлин аныктоо.

* * * * * * *

— Досум, сынак кандай өттү?

— Менимче, анын баасы өлө көтөрүлүп кетиптир, досум!

* * * * * * *

Профессор:

— Сиз мамтил боюнча сынактагы бул жазуу түрүндөгү тапшырмадан саал-паал коркуп турасызбы?

Кызматка талапкер:

— Тапшырмадан эмес, өзүмдүн жазуу түрүндөгү жообумдан коркуп турам.

* * * * * * *

(TT)

XS
SM
MD
LG