Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:28

Айлакер план экен!


"Күлкү кербендин" кезектеги чыгарылышында Кыргызстанда 2018-жылдын башында интернеттеги коомдук тармактар аркылуу таркатылган саясий анекдоттордун бирин сунуштайбыз.

АКШнын Борбордук Чалгын башкармалыгында жыйын кызуу өтүүдө.

— Сэр, биз Түндүк Кореянын коргоо тармагын урушсуз эле быт-чыт кылуунун жолун таптык.

— Кана, айтсаң?

— Расмий Пхеняндын коргоо тармактарын жетектегендердин арасына Кыргызстандын жемкор аткаминерлерин эптеп киргизип, чоң кызматтарына дайындатууга жетишибиз керек. Анан алар “ремонт кылабыз”, “модерндештиребиз” деп жатып баарын “жеп”, ичтен бүлдүрүшөт. Он чакты жылга карызга да батырышат.

— Ой тобо-о! Бул тири шумдуктай айлакер план экен! Байкайлычы, бизге да кызматка орношуп алышпасын!..

XS
SM
MD
LG