Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:37

Алматыда журналисттерге кол көтөрүштү


Окуя болгон жерге келген полиция кызматкерлери. 22-июль, 2019-жыл
Окуя болгон жерге келген полиция кызматкерлери. 22-июль, 2019-жыл

"Азаттык" радиосунун казак кызматынын кабарчылары жана башка да журналисттер Алматы шаарында кол салууга дуушар болушту. Алматы шаардык полициясы журналисттерге кол көтөргөн окуя боюнча Кылмыш кодексинин «Өзүмбилемдик» беренесине ылайык, сотко чейинки тергөө иши башталганын кабарлады.

22-июлда Алматыдагы Казакстандын адам укуктары бюросу жайгашкан имараттын жанында белгисиз аялдар “Азаттыктын” казак кызматынын журналисти Нургүл Тапаеваны бир чаап, оператор Токмолда Кусаиновдун видеокамерасын сындырган.

"Азаттыктын" журналисттери Казакстандын адам укуктары бюросунда саат 11де «Мамлекет энелер жана балдар менен күрөшүп жатат» деген темадагы маалымат жыйынын тартууга келген.

Анда өлкөдө тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылына катышы бар деген шек менен 4-июлда кармалган көп балалуу эне Оксана Шевчук менен жалгыз бой энелер Гүлзипа Жаукерова жана Жазира Демеуованын үстүнөн козголгон кылмыш иштери тууралуу маалымат айтылмак.

Аялдар ызы-чуу салгандан кийин маалымат жыйыны өтпөй калды. Жаалданган аялдар Оксана Шевчуктун кызын көтөрүп жүргөн анын апасына да кол көтөрүшкөн.

Укук коргоочу Сергей Дувановдун айтымында, 20 чакты аялдан турган топ пресс-конференциянын алдында кеңсеге келип, чуу чыгарышкан. Алар түрдүү маалымат каражаттарынан келген журналисттердин ишине тоскоолдук жаратып, смартфондоруна, камераларына зыян келтиришкен.

Журналисттер чабуулга кабылганы тууралуу полицияга кабарлашкан, бирок тартип сакчылары окуя болгон жерге жарым сааттан кийин гана келген.

Бул учурда кол салган аялдар имараттан чыгып кетүүгө үлгүргөн. Полиция бир гана аялды кармаган.

Журналисттерге кол салган аялдар.
Журналисттерге кол салган аялдар.

"Азаттык" радиосунун, "КазТаг" агенттигинин кабарчылары полицияга арыз жазды. Тергөөчү полиция чабуулдун жөн-жайын аныктап, көзөмөл камераларындагы видеолор менен тааныша турганын убада кылды.

Журналист Инга Иманбай казакстандык журналисттер кесиптик укугун коргоо үчүн биригиши керек деп эсептейт:

"Бизге полиция, тиешелүү органдар көмөктөшпөсө, кесиптик ишибизди коргоо менен өзүбүз алектенишибиз керек. Бийлик органдарынын бул ишти акырына чейин жеткизип, чуу чыгарып, журналисттердин жумушуна тоскоол келтиргендерди жоопко тартканына көзөмөл кылышыбыз зарыл".

Ал эми «Жас алаш» гезитинин башкы редактору Руслан Ерботанын пикиринде, кесиптик кызматын аткарып жүргөн журналисттердин ишине тоскоолдук жаратуу - бул кылмыш:

"Журналисттин колундагы шаймандарын тартып алып, кылмышка барышты. Ал эми кылмыш кылган адамдарга жоопкер органдар чара көрбөй турган болсо, алар кылмышкерлерди колдоп отурат деп түшүнүү керек".

Сөз эркиндигин коргогон “Адил сөз” уюмунун серепчиси Галия Аженова журналисттерге кол көтөргөндөр атайын тапшырманы аткарып жатышы мүмкүн деди.

"Топ-топ болуп келип, ишти ойрон кылып, тым-тыракайын чыгарышты. Биз ошону гана көрүп жатабыз. Мунун артында үлкөн адамдар тургандай ой жаралды. Жергиликтүү бийлик, тиешелүү органдар ушул суроого жооп бермейинче, коомдо күмөндүү ойлор күчөй берет".

6-июлда Нур-Султан шаарында да белгисиз адам "Азаттыктын" кабарчыларына калемпир газын чачыраткан. Анда журналисттер полициянын демонстранттарды кармап жатканын тартып жүрүшкөн.

Окуя болгон жерде жүргөн полиция өкүлдөрү “Азаттыктын” кабарчыларынын бетин жаап, кол чатыр кармаган белгисиз адамдардын журналисттерге тоскоолдук жаратып жатканы тууралуу арыз-өтүнүчтөрүн жоопсуз калтырган.

16-июлда “Азаттык” полициянын аракетсиздиги боюнча бул өлкөнүн Башкы прокуратурасына арыз жазган. Ага азырынча жооп келе элек.

"Эркин Европа/Азаттык радиосу" медиакорпорациясы Казакстандагы журналистерине жасалган тоскоолдукту "Көз карандысыз журналисттерге кысым жана саясий окуялардан кабар таратууга аракеттенген маалымат каражаттарын көзөмөлдө кармоо аракети" деп баалаган.​

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG