Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:58

«Гүлнара Каримова аман-эсен абакта отурат»


Гүлнара Каримова.
Гүлнара Каримова.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы абактагы Гүлнара Каримова өз өмүрүнө кол салган деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу башкы көзөмөл органына шилтеме кылып «Kun.uz» сайты кабарлады. Ал эми АКШ бийлиги Гүлнара Каримовага пара алган деп расмий айып такты.

«Эч кандай суицид же суицид аракети, дегеле өлүм болгон эмес. Гүлнара Каримова белгиленген тартипте жазасын өтөп жатат. Бул чуулгандуу теманын айланасындагы кезектеги ушак» деп айтылат Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын 11-марттагы билдирүүсүндө.

Буга чейин өзбек социалдык тармактарында Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримовдун тун кызы «Гүлнара Каримова камактагылардын кордоосуна чыдабай өз өмүрүнө кол салды» деген маалыматтар тарап кеткен.

Гүлнара Каримова Ташкенттин Яшнабад райондук сотунун 5-марттагы чечими менен үй камагынан кадимки жалпы тартиптеги түрмөгө которулган.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, буга анын үй камагындагы жаза өтөө шарттарын, атап айтканда үйүнөн эч жакка чыкпоого, телефон, Интернет сыяктуу байланыш техникасын колдонууга тыюу салган чечимдерин бузганы себеп болгон. Ошондой эле ал мурда уурдалган акчаны кайтарууга жардамдашууга сөз берсе, кийин ага тоскоолдук жараткан.

Өзбек саясат таануучу жана диссидент Камолиддин Раббимов кырдаалды мындайча чечмеледи:

- Мен Гүлнара Каримова менен жаңы бийликтин ортосунда соодалашуу жүрүп жатат деп ойлойм. Гүлнарада атасы башкарып турган кезде топтогон көп каражат бар. Канча миллиард экенинен коомчулук кабардар эмес. Аны өзүнөн жана бийликтен башка эч ким билбейт., алар картаны ачыша элек. Гүлнара ал каражаттын кайсы бир бөлүгүн берүүсү үчүн басым кылып жатышат. Ага таандык болгон бир миллиард доллардан ашык каражат Швейцария менен АКШда камакка алынган. Бийлик бирде басымды күчөтүп, бирде азайтууда.

46 жаштагы Гүлнара Каримова 2017-жылы Ташкент облустук сотунун өкүмү менен 10 жылга эркинен ажыратылган жана кийин бул өкүм беш жылга кыскартылган. Ага алдамчылык, чет элдик валютаны жашыруу, бажы мыйзамдарын бузуу, кылмыштуу жол менен алынган кирешени мыйзамдаштыруу айыптары коюлган.

Ислам Каримов менен Өзбекстандын азыркы президенти Шавкат Мирзиёев.
Ислам Каримов менен Өзбекстандын азыркы президенти Шавкат Мирзиёев.

2015-жылы ага АКШда, Швецияда, Швейцарияда кылмыш иши козголуп, «жалпы суммасы 1 миллиард долларга жакын каражатты пара түрүндө кымырып алган» деген айып коюлган.

- Ооба, Өзбекстан бул акчага муктаж. Бирок менимче Гүлнарага басым кылуудагы дагы бир маанилүү нерсе – бул Гүлнара Каримованын акыркы кездеги аракети. Ал азырга чейин "каныке психологиясынан" арыла элек. Ислам Каримов Өзбекстанды дээрлик отуз жыл башкарды. Ал жаңы бийликти тааныбайт жана президент Шавкат Мирзиёевдин өзүн да атасынын кечээги кызматчысы катары карайт. Анткени Ислам Каримов бийликте турганда ал атасынан кийин эле таасирдүү фигурага айланган, - деди Камолиддин Раббимов.

Өзбекстандын туңгуч президентинин кызы Гүлнара Каримовага каршы 2015-жылы АКШда, Швецияда, Швейцарияда кылмыш иштери ачылып, «жалпы суммасы 1 миллиард долларга жакын каражатты пара түрүндө кымырып алган» деген айып күнөөлөгөн.

Ал арада АКШда Гүлнара Каримовага расмий айып тагылды. АКШ бийлиги Каримова менен орусиялык «МТС» телекоммуникация компаниясынын Өзбекстандагы өкүлчүлүгүнүн мурдагы жетекчиси Бекзод Ахмедовго «865 миллион доллар пара алган жана анын изин жашырган» деген айып койду. Бул тууралуу Нью-Йорктун прокуратурасы билдирди.

Прокуратуранын маалыматына караганда, 2000-жылдарда Ахметов Өзбекстандын рыногуна чыгууну каалаган байланыш компаниялардан пара талап кылган. Гүлнара Каримова алар менен келишим түзүү үчүн өзүнүн абалынан пайдаланган.

Гүлнара Каримова.
Гүлнара Каримова.

АКШнын Юстиция министрлиги жана Баалуу кагаздар менен биржалар боюнча комиссиясы 2014-жылы Өзбекстандын коммуникация рыногундагы коррупцияны иликтей баштаган. Бул ишке «МТС», «Veon» (Оурсиянын «ВымпелКом» компаниясына ээлик кылат) жана швециялык «TeliaSonera» компаниясы аралашканы айтылып, аларга Өзбекстандын биринчи президенти, маркум Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнарага байланышы бар фирмаларга пара берген деген айып коюлган.

Швейцариянын банкында Гүлнара Каримовага таандык деп эсептелген 800 миллион доллар да азыр камакта.

Өткөн айда Гүлнара Каримованын баласы, Лондондо жашаган Ислам Каримов апасынын саламаттыгы кескин начарлап кеткенин, ага дарыгерге көрүнүүгө уруксат берилбей жатканын Интернетте жазып, өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин өзүнөн жардам сураган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG