Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:58

Борбор Азия апта ичинде


28-январда Алматы калаасында оппозициянын нааразылык митинги өттү
28-январда Алматы калаасында оппозициянын нааразылык митинги өттү

Казак Башкы прокуратурасы Жаңы-Өзөндөгү кандуу окуя боюнча тергөөнүн айрым жыйынтыктарын жарыялады. Өзбекстандык оппозиционер Мухаммад Салихтин иниси дагы 5 жыл абакта калды.


Узап бараткан жумада чөлкөмдүн өлкөлөрүндө болгон орунттуу окуялардын жыйындысын бул жерден угуңуз:

please wait

No media source currently available

0:00 0:12:09 0:00
Түз линк



24-январда казак оппозициясы өлкө жетекчилигине кайрылып, саясий куугунтукту токтотууга үндөдү. 23-январда Алматыдагы райондук сот “Взгляд” деген эркин гезиттин башкы редактору Игорь Винявскийди «Казакстандын конституциялык түзүлүшүн күч менен кулатууга элди чакырган» деген айып менен эки айга кести.




Бейшемби күнү Алматы соту президенттикке мурдагы талапкер Серик Сапаргалини, каттоодон өтпөй калган "Алга" партиясынын төрагасы Владимир Козловду эки ай камакта кармоого өкүм чыгарды. Сапаргали 23-январдан тартып ачкачылык жарыялаган.







Өзбекстанда 12 жылдан бери түрмөдө отурган саясий туткун Мухаммад Бекжон темир тор артында дагы беш жыл өткөрмөй болду. Террорчулукка аралашкан деген кине боюнча соттолгон Мухаммад Бекжон, мыйзам боюнча декабрда азаттык алмак.

Мухаммад Бекжон (сүрөт 1995-жылы тартылган)
Мухаммад Бекжон (сүрөт 1995-жылы тартылган)



Мухаммад Бекжон – 1991-жылы Өзбекстандагы президенттик шайлоодо азыркы өзбек лидери Ислам Каримовго атаандаштык кылган, Ташкендин саясатын ачык сындап келаткан белгилүү бозгун, өзбек акыны жана саясатчысы Мухаммад Салихтин бир тууган иниси.






Жаңы-Өзөндөгү кандуу окуянын 40 күндүгүнө тушташ казак Башкы прокуратурасы тергөөнүн айрым жыйынтыктарын жарыялады. Президент Назарбаев Жаңы-Өзөндөгү чукул кырдаалды узартпай тургандыгын бышыктады. Анын аралыгында саясий оппозицияга кысым күч алып, Атырауда жумушчулар иш таштады.

Алматыда оппозициянын митинги өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:01 0:00


Ишембиде Алматы калаасында президент Назарбаевдин бийлигине жана соңку шайлоонун жыйынтыгына каршы акцияга оппозициянын миңге чукул колдоочусу чыкты. "Азат" жалпы улуттук социалисттик демократиялык партиясы бир нече активисттер кармалганын маалымдады.

XS
SM
MD
LG