Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:53

Кадыровдун телефонун бир айыл эл издеди


Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров.
Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров.

16-августта Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров Герменчук айылына этнографиялык музейдин ачылышына барганда чөнтөк телефонун жоготуп алган. Телефонду издеп, тартип коргоо органдары миңдеген адамды суракка алган.

Жашоонун ар бир ирмеми чөнтөк телефонго байланышкан заманда карапайым кишиден тарта президентке чейин андан ажырагысы келбегени турган иш.

Рамзан Кадыров телефонду бир эле байланыш үчүн эмес, интернет үчүн да кеңири колдоноору маалым. Ал интернеттеги Инстаграм социалдык баракчасына кайда жүрсө дагы сүрөттөрүн байма-бай жайгаштырып турат.

16-августта Герменчук айылындагы "Шира-Юрт" музейинин ачылышына миңдеген адамдар чогулган. Күчөтүлгөн коопсуздук чаралары көрүлүп, автоунааларды мейманканадан бир чакырым алыс токтотууга гана уруксат берилген.

Президент Кадыров Инстрагамдагы баракчасына музейдин ачылыш аземинен сүрөттөрдү коюп​ "Чеченстанда чоң майрам. Миңдеген адамдар Герменчуктагы "Шира-Юртка" чогулушту. Бул жер орто кылымдагы Чеченстандын тарыхынын күзгүсү. Музейге орусиялык жана башка туристтер сөзсүз келүүгө тийиш" деп жазган.

​"Мемориал" укук коргоо уюмунун кабарлаганы боюнча салтанаттын негизин чечендердин салттуу үйлөнүү үлпөтү түзгөн. Кадыров баш кошкон жаш жубайларды куттуктап, бир миллион рубль тапшырган.

Тойдо Чеченстандын булуң-бурчунан келген бийчилер өнөрүн көрсөтүп, эл шатыра-шатман болуп дуулдап жаткан маалда эле үн күчөткүчтөн президент Кадыровдун чөнтөк телефону жоголгону жарыяланган. Муну уккан элдин маанайы сууп, полиция алгач сахнадагыларды текшерип, бирок жокту таба албай калышат.

Андан соң адамдар эле эмес, автомашиналар дагы тинтүүгө алынат. Эл тарагандан кийин аймак жетекчилери иш-чаранын уюштуруучуларына чалып, музейдин ачылышына келген бардык коноктордун тизмесин талап кылган.

Тизме боюнча тойго келгендер суракка чакырылган. Аларга «Кайда отурдуң эле, телефон же башка буюм тапкан жоксуңбу?"- деген суроолор берилген.

"Мемориал" кооптуу жана бейстабилдүү Түндүк Кавказ аймагында маалыматты ар тараптуу жеткирген саналуу уюмдардын бири. Бул уюм Чеченстандын лидери менен бир топтон бери чырдашып жүрөт.

2008-жылдын июль айында "Мемориалдын" жетекчиси Олег Орлов ошол эле жылы киши колдуу болгон укук коргоочу Наталья Эстемированын өлүмүнө Рамзан Кадыровдун катыштыгы бардыгын айтып, айыптап чыккан.

Кадыров Орловду ушак тараткандыгы үчүн сотко берген. 2011-жылы Москва соту укук коргоочуну «өз пикирин билдирген» деп актап чыккан.

Ал арада чечен президентинин маалымат катчысы Альви Каримов Рамзан Кадыров телефонун жоготпогонун расмий билдирип, президенттин эки телефону тең столунун үстүндө турганын жарыялады.

Ал эми Инстаграмдагы үзбөй жаңыланып турган сүрөттөргө караганда президент чөнтөк телефонун таап алган же чындыгында жоготкон деле эмес.

XS
SM
MD
LG