Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:49

Жаңы-Өзөн козголоңунун лидерлеринин бири көз жумду


Максат Досмагамбетов кызы менен үйүндө отурат. Сүрөт 2017-жылы, 30-сентябрда тартылган.
Максат Досмагамбетов кызы менен үйүндө отурат. Сүрөт 2017-жылы, 30-сентябрда тартылган.

Ишембиде Казакстанда Жаңы-Өзөн окуяларынын активисти Максат Досмагамбетов дүйнөдөн өттү. Ал мунайчылардын нааразылык акциясын уюштурган деп камалып чыккан. Түрмөдө жатканда рак илдетине чалдыккан. Өзү токмоктун айынан ушундай болду деп айтып келген эле...

Тажияга Максатты таанып билгендин баары келди. 35 жашында бу дүйнө менен коштошкон жигиттин артында жубайы, эки уул, бир кызы калды.

Максат Досмагамбетов тууралуу өз таламын талашып чыккан мунайчылардын сап башында турган, соттолгон, абакта илдетке чалдыккан деп тарыхта калары шексиз.

2011-жылы май айында Казакстандын Мангыстау облусунда мунайчылар жапырт иш таштоону баштайт. Мамлекеттик “Казмунайгаз” ишканасынын аймактагы компанияларында иштегендер айлык акыны көтөрүп, эмгек шарттарын оңдоону талап кылышат.

Июлда Жаңы-Өзөндө эле иштебей отуруп алгандар миңден ашат. Алардын арасында отузга толо элек Максат да бар эле. 2017-жылдын декабрында “Азаттыктын” казак кызматына берген маегинде Максат ошого жеткирген себептер тууралуу мындай деген:

- Баары 2010-жылы башталды. Мен жумуш берүүчүлөрдүн ички саясатына макул болбодум. Алар жумушчуларды кулдай эле көрүшчү. Малын каратып, үй жумуштарын жасатчу. Эч кандай этикет жок эле. Оройлонуп, сөгүнгөнгө чейин барышчу. Жумуш шарты оор болчу. Кышында темир күркөлөрдө отурган мунайчылардын кийимдерин кыроо чалып калчу. Узак иш таштардын алдында 15 күндөй талап коюп турдук. Бирок эчтеке чечилбеди. Айлыгын аз-маз көтөрүп койгону болбосо мурдагыдай эле жумушчуларды каалагандай жумшап жүрүштү. Ал тапта мунай өндүрүлүп жатты. Баарын байкап турдум. Унчукпай койгонго болбоду.

Бийлик жети ай бою оңдуу жооп бербегендиктен экономикалык талаптар саясий деңгээлге өсүп жетип, президент Нурсултан Назарбаевдин дарегине акарат күчөйт.

Президент Назарбаевдин сүрөтү өрттөлгөн учур. Жаңы-Өзөн, 2011-жыл, 19-декабрь
Президент Назарбаевдин сүрөтү өрттөлгөн учур. Жаңы-Өзөн, 2011-жыл, 19-декабрь

2011-жылдын 16-декабрында кагылыш болуп, коопсуздук күчтөрүнүн огунан 17 адам өлүп, жүздөн ашуун киши жарадар болгон.​

Назарбаевдин сүрөтү дароо жаңыланды. Жаңы-Өзөн, 2011-жыл, 22-декабрь
Назарбаевдин сүрөтү дароо жаңыланды. Жаңы-Өзөн, 2011-жыл, 22-декабрь

Ондогон адамдын катарында Максат Досмагамбетов да камакка алынып, алты жылга эркинен ажыратылган. Абакта активист түрдүү кыйноо, ур-тепкиге кабылганын айтып чыккан. Аны “Азаттыкка” маегинде да кайталады:

- КНБ (Улуттук коопсуздук комитети – ред.) кызматкерлери мени 2011-жылдын 20-декабрында үйдөн алып кетишти. Суракка алган соң Жаңы-Өзөндөгү ички иштер башкармалыгына алпарыш үчүн полиция чакырышты. Уруп-сабоо кармалган күнү эле башталды. Башкармалыкта Нурлан деген из кубар сурак жүргүздү. Аны тергөө деп айтыш кыйын, баары формалдуу болуп жатты. Өзүнчө бир бөлмөдө тырмагыма, тиземе ийне сайышты. Тапанча, дубинка менен уруп, степлер менен кулактарымды төөнөштү. Анан “сенин жүгүң бизде” деп дагы бир кызматкерди чакырышты. Ал дагы бир шериги менен келип бир саат ичинде токтоосуз урушту. Дубалга тургузуп коюп боксер грушасын автомат, дубинка менен ургандай урушту.

Токмоктун айынан Максаттын бет сөөктөрү сынып, андан оңоло албай, көп өтпөй онкологиялык илдетке чалдыккан. Оорусу ырбагандыктан 2015-жылы мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, жазасын шарттуу өтөй баштайт.

“Азаттыкка” маегинде Максат алты жыл өтсө да Жаңы-Өзөндө суу менен камсыздоо, экология маселелери чечилбегенин, медициналык камсыздоо начарлыгын, элди аткандар, атууга буйрук бергендер жазага тартылбаганын, мындан улам тергөөнү кайрадан жандантуу зарылчылыгы бар экенин айткан.

Жаңы-Өзөн окуяларында Максат Досмагамбетовдун иниси жана башка жүздөн ашуун адам жараат алышкан. Алардын бир тобу ушу кезге чейин иш таба албай же медициналык, социалдык жардамдарды алалбай жүрүшкөнүн белгилешет. Казак бийлиги ошондо жараат алгандарга 500 миң теңге, өлгөндөрдүн бүлөлөрүнө миллион теңге бөлгөн. Ал компенсация айрым жарадарларга жеткен да эмес.

Бийлик Жаңы-Өзөн окуясы калыс иликтенгенин билдирип келет. Ок атуу боюнча карапайым беш полиция кызмат абалын кыянат колдонду деп соттолгон. Облустук жетекчилер кызматтан алынган.

Бул окуядан кийин көбүнчө журналисттер менен оппозициядагы саясатчылар куугунтукка кабылышты. Казак оппозициясы Жаңы-Өзөндөгү кан төгүүнү өлкөнүн эгемен тарыхындагы башкы окуя - "экинчи Желтоксон" деп баалап келет. Эл аралык укук коргоочулар өз элине күч колдонгону үчүн казак бийлигин кескин сындап чыгышкан.

Венсан Прадо
Венсан Прадо

Казак бийлиги үчүн Жаңы-Өзөн безге тийген тема. Козгоп, маалымат таратууга кызыкдар эмес. Маселен, өткөн жумада эле Мангыстауда ошондогу кандуу окуялар тууралуу жергиликтүүлөр менен маектешип жаткан француз режиссеру Венсан Прадо кармалган.

- Полиция келип документимди сурады. Паспортум менен аккредитациямды көрсөттүм. Алар полиция бөлүмүнө жүр дешти. Жок, биерде иштегенге акым бар дедим. Документтерим жайында дедим. Алар көшөрүп алып барышты. Полицияда үч-төрт саат отургандан кийин алар аккредитация туура эмес деп айтышты.

Казак бийлиги Прадо уруксат сураганда Мангыстауда иштерин белгилеген эмес деп жүйө келтирүүдө.

2011-жылдын аягында бийлик күчтөп таратканы менен облустагы мунайчылардын чуусу дале басылбай келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG