Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:37

Көчөдө сабалган кыз жигитин коргоп чыкты


Малика Сохибназарова.
Малика Сохибназарова.

Тажикстанда көчөдө катуу сабалган кыздын жигитине каршы арыз жазуудан баш тартканы сынга кабылды.

Ал окуядан кийин камакка алынган жигитти бошотууну укук коргоо органдарынан суранып жатат. Бул көрүнүш өлкөдө кыз-келиндердин укугунун корголушун күн тартибине алып чыкты.

Дүйшөмбү шаарынын борборундагы бир бөлмөлүү чакан батир. Жигити башка-көзгө койгулап, тепкилеп, машинеге салганы Интернетте тартылган видеодо талкууга алынган 23 жаштагы Малика Сохибназарова ушул батирде ата-энеси менен жашайт.

Малика ата-энесинен бөлөк жашоо үчүн кийим-кечегин чогултууда. Энеси ал тергөө абагына жигитине барып алат деп чочулап, кызын кетирбөөгө аракеттенип жатат.

- Жакында эле ага тамак алып барып бериптир. Бул биринчи жолку эмес. Мурда да уруп жүргөн, бир ирет көзү көгөрүп келген, - дейт Маликанын энеси.


Малика жигити Хуршед Азизов менен 2015-жылы таанышкан экен. Ата-энеси, бир тууган жана айрым коңшулары кыз-жигит болгон төрт жыл ичинде Малика андан дайыма таяк жеп жүргөнүн айтышат. Маликанын агасы Фарамуз бир ирет Хуршед Азимов менен сүйлөшүп, үйлөнүүгө чакырган экен:

- Эгер бири-бириңерди жакшы көрсөңөр куда жиберип, үйлөнгүлө деп айткам. Менимче, ал Маликага үйлөнүүнү каалабайт, үйлөнбөйт дагы. Кордоп, пайдаланып жүрөт.

Кыздын ата-энесинин айтымында, мурда бети-башы көгала болуп жүргөн Малика бул ирет Дүйшөмбүнүн борбордук көчөлөрүнүн биринде сабалган. Окуяны жакын жайгашкан үйлөрдүн биринде жашагандар видеого тартып алып, Интернетке таратып жиберген.

Малика окуянын чоо-жайы тууралуу "Азаттыкка" баарына өзү күнөөлүү экенин айтты. Эгерде Хуршед бошотулбаса, өзү да камакта отурууга даяр экенин, алтургай жанын кыюуга чейин бараарын билдирип жатат:

- Ошол күнү сүйлөшкөн жигитим Дүйшөмбүдөгү клубдардын биринде достору менен туулган күнүн белгилеп жаткан. Курбум экөөбүз таңкы саат 5те сейилдөөгө чыгып, андан кийин такси чакырып жигитиме бардык. Жолдо айдоочунун телефонунан ага чалгам. Ошого катуу ачууланганын үнүнөн байкагам. Анан таң атпай мени көргөндө өзүн токтото албай калды. Мени багажга салып, ал жактан кайра чыгарды. Эч жерим ооруган жок. Эмнеге кыйкырганымды билбейм. Баары эле "достору эмнеге унчукпай карап турду" деп сындап жатышат. Алар туура эле кылышты. Эртең биз элдешип алабыз, достору эле жаман көрүнүп калмак. Анын үстүнөн эч кандай арыз жазбайм. Аны камаса, мен да барып беш жыл отурам. Ошондо ыраазы болосуңарбы? Мен да аны ургам.

"Азаттык": Аны сүйөсүзбү же жөн эле аяп жатасызбы?

Малика: Мен аны жакшы көрөм. Аны кантип сатып кетем? Мага көп жакшылык кылды.

"Азаттык": Кандай жакшылык кылды эле?

Малика: Көчөгө калтырган жок. Ач калтырган жок. Колунан келишинче жардам берет. Каалаганымды аткарат.

Окуядан кийин Хуршед Азизовдун камакка алынганына бир жумадай убакыт болду. Малика бул күндөрү ата-энесинин үйүнө түнөй электигин, тергөө абагына жигитине тамак алпарып, бирок кире албай койгонун билдирди.

Ал азыр дагы үйүндөгүлөр менен урушуп, курбусунун үйүндө түнөй турганын айтууда. Ал өз дарегине айтылган жеме-сынды кабыл албайт, психологго баруудан да баш тарткан. Ал тапта Маликанын сабалганы тууралуу видео тажик коомчулугунда дале кызуу талкууда.

Видео Интернетке чыгаар замат көптөгөн колдонуучулар Хуршед Азизовду катуу жазалоону талап кылышты. Бирок милициядагы сурак учурунда колуна кишен салынган Хуршеддин жанында жылмайып турган Маликанын сүрөтү жарыялангандан кийин коомчулукта кызды сындагандар көбөйдү.

Ата-энеси Маликаны жигити менен сүйлөштүрбөө, ага жолотпоо аракетинен майнап чыкпай жатканын билдиришти. Гендердик эксперт Зулайхо Усманова эки жаштын мамилесинин келечеги жок деп эсептейт:

- Бул кыз азыр өз өмүрүн, ден соолугун коркунучка салып жатат. Анткени, жигиттин ушуну менен токтоп калчу түрү жок. Ата-энеси бир нече жылдан бери мындай көрүнүш кайталанып жатканын айтып атпайбы. Коом ар кандай кабыл ала берет. Мен кыз жигитин катуу сүйөт экен, ошого кечирди деп төбөм көккө жетип кубанбайм. Бул "оорулуу" мамиле. Бирок кыз аны менен мамилени токтотуш керектигин түшүнбөй жатат.

Ал эми журналист Шахноз Комилзода Хуршед Азизовдун кызды аёосуз сабаганы кабыл алынгыс экенин белгиледи:

- Видеону көрүп, аябай жаман болдум. Менин да кызым бар. Кызга кантип ушундай мамиле кылсын?

Маликанын жигити Хуршед Азизовго бейбаштык боюнча айып тагылган. Эгер күнөөлүү деп табылса беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Малика Сохибназарова арыз жазуудан баш тартканы менен Азизовдун иши сотко өткөрүлдү. Гендердик эксперттер жабырлануучунун доосу жок болгондуктан, ага карата сот чечими жумшак болуп калат деп кооптонуп жатышат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG