Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:59

Арыс: мектепке коргологондор нааразы


Арыс шаарчасындагы жарылуудан жабыркаган үйлөрдүн бири.
Арыс шаарчасындагы жарылуудан жабыркаган үйлөрдүн бири.

Казакстандын Түркстан облусуна караштуу Арыс шаарындагы ок-дары сакталган кампадагы жарылуудан үйлөрү жабыркаган тургундар оңдоп-түзөө иштерине нааразычылык билдирип жатышат. Балдары менен мектепте аргасыз күн көрүп жаткан тургундар күзүндө кайда барары бүдөмүк.

Жалгыз бой эне Нагима Абдихалыкова Арыс шаарынан анча алыс эмес жайгашкан Көктем районунун тургуну. 24-июндагы жарылууда анын балдары, эки келини жана алты небереси жашаган эки үйү тең бузулган.

Мындан улам Абдихалыкова үй-бүлөсү менен убактылуу мектептин имаратында баш калкалаганга мажбур. Жергиликтүү бийлик аялдын бир үйүнүн чатыры жана терезелерин оңдоп бергени менен, үйдү мурдагы калыбына келтирүүгө дагы көп мээнет менен каражат жумшоо керек. Ал эми экинчи үйүн жашоого кооптуу деп жергиликтүү бийлик сүрдүрүп салган.

«Бир айдын ичинде салабыз дешкен. Бирок эч ким келген жок. “Жумушчулар жетпей жатат” дешти. Бизге улам эле мына келишет, мына баштайт деп убада берип атышат. Өзгөчө неберелериме мектепте жашаган кыйын эле. Оңдогон жерлерин кайра балам жасап жатат. Биз бул үйлөрдү насыяга алган акчага салган элек. Качанкыга чейин ушинтип күтүп отура беребиз?», - деп суроо салды Абдихалыкова.

Анын кошунасы Ултуар Меркебаеванын абалы да чеке жылытарлык эмес. Жардыруудан кийин анын үйүнүн бүтүндөй бир дубалы ураган. Мындан улам буюм-тайымы бар үйүн кароосуз таштагандан чочулаган аял куруучуларды күтүп отурган чагы.

«Төрт балам төрт башка жакта калды. Элдин турмушу буларга оюнчукпу? Биздин башыбызга мүшкүл түшкөндө бийлик эмес, мына карапайым эл жардам берип жатты. Биз ашыкча эч нерсе сураган жокпуз, ошондуктан мыйзам боюнча эмнеге укугубуз болсо ошону эле бергиле», - деди ал.

Арыс шаарчасындагы үйлөр.
Арыс шаарчасындагы үйлөр.

​Көктем кичирайонундагы Арыс аскер шаарчасындагы үйлөрдүн айрымдарынын чатыры алмашкан. Оңдоп-түзөө иши башталганы менен терезелери коюла элек. Айрым үйлөрдү сүрдүрүп, жер менен жексен кылып салышкан. Бул жерден тыным албай ишке киришкен жумушчуларды, аларга тамак-ашын даярдаган аялдарды гана кезиктирсе болот. Көчөдө мурдагыдай ары-бери чуркап, ойногон балдар да көзгө чалдыкпайт.

Расмий маалыматка караганда, 24-июндагы жардыруудан жалпы 482 үй жабыркаган. Анын ичинен 43үн такыр сүрдүрүп, ордуна 23үн кайра сала баштады. 400дөн ашуун турак жайды оңдоп-түзөп жатышат. Жеке турак жайдан башка сегиз көп кабаттуу үй да жараксыз деп табылып, 59 үйдө жумушчулар иштеп жатат. Баш калка издеп кайрылган 360 адам ушул тапта мектепте жашап жатышат.

Алардын арасында Марат Анарбаевдин үй-бүлөсү да бар.

Турак жайсыз калган арыстыктар мектептерде баш калкалап жатышат.
Турак жайсыз калган арыстыктар мектептерде баш калкалап жатышат.

«Шаарчанын жанында барак тибиндеги эки үй бар болчу. Алардын биринде биздин үч бөлмөлүү батирибиз бар эле. Азырынча ал үйдү кайра курабы же бизге башка турак жай береби белгисиз. Мектепте окуу башталганда кайда барабыз», — деп тынчсызданды Анарбаев.

Арыс шаарынын акими Мурат Кадырбеков ушул тапта тургундардан нааразылык көп түшүп жатканын жашырган жок.

«Ушул тапта миңге жакын үй оңдолуп жатат. Аларды оңдоп-түзөө үчүн бизге бир ай бөлүнгөн, ошондуктан ордуна жаңысын салганга убакыт тартыш. Айрым объектилерде курулуш материалдары жана жумушчулар жетишсиз», - деди аким.

24-июнда Арыста курал-жарак сакталган кампадан өрт чыгып, өзгөчө кырдаал жарыяланган. Тургундар калаадан чукул чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Расмий маалыматтар боюнча 41 миң киши көчүрүлгөн. 27-июнда арыстыктар Чымкентте нааразылык акциясын өткөрүп, жарылуу болгон шаарда жашабай турганын айтып чыгышкан. Алар башка аймактардан турак жай жана жер тилкесин берүүнү талап кылышкан. Расмий маалыматтар боюнча, Арыстан Чымкентке 26 миң адам убактылуу көчүрүлгөн. Көбү мектепте жана мечиттерде баш калкалап турат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG