Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:56

Корукчу аңчылардын колунан каза тапты


Ерлан Нургалиев.
Ерлан Нургалиев.

Казакстанда кайберендерге аңчылык кылган браконьерлердин колунан жараат алган корукчу Ерлан Нургалиев ооруканада көз жумду.

Ал каракчылардын кол салуусуна кийиктерди жана сейрек кездешүүчү жаныбарларды коргоо боюнча рейд өткөрүп жүргөн кезде туш болгон. Бийлик мыйзамсыз аңчылык кылып, корукчуга кол салгандарды даражасына карабай жазалоону убада кылды.

17-январда Караганды облусунун Нура районундагы Баршын айылында 55 жаштагы корукчу Ерлан Нургалиевдин тажиясы өттү. Анын 83 жаштагы энеси жана 84 жаштагы атасы уулун жоготуп кала берди.

- Ерлан Нургалиев​ жумуш учурунда мамлекеттин байлыгын коргойм деп, канкор каракчылардын колунан шахид болду, - деди корукчу менен коштошууга келгендердин бири.

Расмий маалымат боюнча 13-январда Казакстандын Караганды облусунун Теңиз көлүнө жакын жерди аралап жүргөн "Охотзоопром" республикалык ишканасынын корукчулары дөңгөлөктүн изин байкап, артынан түшкөн.

Окуянын экинчи күбөсү болгон егер Петр Ницыктын айтымында, алар чоочун кишилер мыйзамсыз аңчылык кылгандар экенин дароо билишкен жана мылтыктын үнүн угуп, өлгөн жаныбарлардын тарпын да көрүшкөн.

"Охотзоопром" республикалык мекемесинин кызметкерлери Ерлан Нургалиев жана Петр Ницык (сол жакта). Караганды облусу, 19-май, 2018 жыл. Сүрөт автору - Оспан Али.
"Охотзоопром" республикалык мекемесинин кызметкерлери Ерлан Нургалиев жана Петр Ницык (сол жакта). Караганды облусу, 19-май, 2018 жыл. Сүрөт автору - Оспан Али.

Эки "Toyota Land Cruiser" жиптери менен жүргөн адамдардын алдын торогон кезде ортодо мушташ чыгып, алар корукчуларды ур-токмокко алышкан. Баш сөөгүнөн жараат алган Ерлан Нургалиев ооруканага 14-январь күнү эртең менен гана жеткирилген.

“Жабырлануучуларга эмне үчүн санитардык авиациянын тик учагы барган эмес” деген суроого 17-январда ички иштер министри Калмуханбет Касымов аба ырайына байланыштуу уча алган жок деп жооп берди.

- Кылмышкерлер ал жерден кетип жатканда машинада орнотулган навигацияны алып кетишкен. Ошондуктан экинчи машине аларды дароо таба алган эмес. Буга байланыштуу ал ооруканага кечигип жеткирилген. Албетте убакытты жоготуп алдык. Биз Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагын колдоно алган жокпуз. Аба ырайы оор болду. Тик учакты колдонууга уруксат беришкен жок.

Ерлан Нургалиев өзүнө келе албай, көз жумганын бийлик 15-январь күнү эртең менен ырастады. Жакындары аны өжөр, тайманбас, өз жумушун жакшы көргөн адам эле деп сыпаттап жатышат.

Ерлан Нургалиев, 19-май, 2018-жыл
Ерлан Нургалиев, 19-май, 2018-жыл

Казакстандын башкы прокурорунун орун басары Андрей Лукин "кол салгандар каржылык жана социалдык абалына карабастан жазага тартылат" деп убада кылды. “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши да козголду. Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча шектүүлөр эки машине менен жүрүшкөн жана алар кеминде алты адам болгон.

17-январда Кызылордо облусунун Абай айылында полиция өкүлдөрү көп жүрдү. Маалыматтар боюнча шектүүлөрдүн бири - ушул айылдын жашоочусу. Туугандары аны бир жумадан бери көрө электигин айтышты.

- Мен ушундай окуя болгонун теледен көрдүм. Андан кийин милициялар келип, сурашты. Инимдин кайда экенин билбейм, эч кабары жок, телефону өчүк. Кеткенине бир жумага жакындап калды. Мен да жакшы билбейм, анткени өзүнчө жашайм, - деди Абай айылынын Серик аттуу тургуну.

Казакстандын айыл чарба министринин орун басары Арман Евниев шектүүлөр колго түшкөнүн кабарлады.

Министрликтин маалыматы боюнча, былтыр 191 инспектор жана 31 мобилдүү топ бөкөндөрдү коргоо ишине тартылган. Алар 93 миллион гектар аймакты көзөмөлдөөгө тийиш. Казакстанда мыйзамсыз аңчылык кылгандар көп кездешет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

XS
SM
MD
LG