Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:24

Казакстанда экс-премьер абактан бошотулду


Серик Ахметов
Серик Ахметов

Казакстандын мурдагы премьер-министри Серик Ахметов 21-сентябрда мөөнөтүнөн эрте абактан чыкты. Ал коррупция боюнча айыпталып, 2015-жылдын этегинде камакка алынган жана 10 жылга эркинен ажыратылган. Мурдагы өкмөт башчынын күтүүсүз түрмөдөн чыгышын эксперттер түрдүүчө талдап жатат.

Серик Ахметов Караганда облусундагы Карабас айылындагы түрмөдө жаткан. Аны 21-сентябрда абактын оозунан ондогон журналисттер тосуп алды, бирок Ахметов бир дагы суроого жооп бербей чымыр денелүү балдардын коштоосунда Астана шаарынын номуру тагылган жол тандабаска түшүп, ашыгып жөнөп кетти.

Караганда облустук соту ушул айдын башында Серик Ахметов калган жаза мөөнөтүн абакта эмес, өзү жашаган жерде өтөйт деген чечим чыгарган.

Муну түрмө жетекчилилигин сунушу жана мамлекетке келтирилген материалдык зыяндын толук төлөнүп берилгени менен негиздеген. Экс-премьердин дагы төрт жылдык жаза мөөнөтү калган эле.

Серик Ахметовдун камалышы убагында казак коомунда кызуу талкуу жараткан. Экс-премьерге "мамлекеттин акчасын уурдаган, кызмат абалынан пайдаланган, мыйзамсыз ишкерлик кылган" деген айыптар тагылып, адегенде он жылга эркинен ажыратылган. Анын ишин бир жылдан кийин апелляциялык сот караган жана жаза мөөнөтүн сегиз жылга кыскарткан. Ахметов былтыр өлкөнүн эгемендигине 25 жыл толгонуна байланыштуу жарыяланган мунапыска илинген жана анда да жаза мөөнөтү бир жыл, жети айга кыскарган.

Серик Ахметов сот залында. 2-декабрь, 2015-жыл
Серик Ахметов сот залында. 2-декабрь, 2015-жыл

Ахметов башында күнөөсүн моюнуна албай келген. Бирок акыркы сөз берилгенде күнөөлүү экенин айтып, президент Нурсултан Назарбаевден "чын жүрөктөн" кечирим сураган.

Ахметов менен кошо баш-аягы 21 аткаминер соттолгон. Көбү эркинен ажыратылган, бирок эки жылга жетпеген убакыт ичинде кээ биринин жаза мөөнөтү кыскарган, айрымдары былтыркы мунапыска илинип абактан чыккан.

Расмий Астана Серик Ахматовдун абактан чыгышына байланыштуу расмий комментарий бере элек.

Коррупция боюнча айыпталган, убагында эң жогорку мамлекеттик кызматты аркалаган адамдын мөөнөтүнөн мурда абактан чыгышын түрдүү пикирлер коштоду. Эксперттер Казакстанда жогорку мартабалуу аткаминерлер түрмөгө камалса деле тез чыгып кетишерин белгилешет. Адвокат Айман Умарованын пикиринде, Ахметовдун абактан чыгышы мыйзам баарына текши эместигин көрсөттү:

- Аны абактан эрте чыгаруу үчүн документтерин мыйзамдын бардык нормасына ылайыкташтырып, тууралашса керек. Ансыз ал эркиндикке чыга алмак эмес. Бирок маселе - бардык эле соттолуучуга мындай мүмкүнчүлүк берилбегенинде турат. Мен интернеттен көчүрүп алган маалымат үчүн "экстремисттик маалыматты тараттың" деп айыптап, беш жылга эркинен ажыратылган аялды тааныйм. 40 миң теңге пара алган деп айыпталып, төрт жылга соттолгон кишини да билем. Бирок ал экөөнүн тең күнөөсү далилденбесе деле соттолуп кетишкен.

Бахытжан Торегожина
Бахытжан Торегожина

Укук коргоочу Бахытжан Торегожина болсо сот акыйкаттыгынан күмөн санап жатат:

- Казак коомчулугу негизи коррупция боюнча атагы чыккан. Азыр прокурор, судья болуп отурган адамдардын ушундай чечимдери биздин өлкөдө сот акыйкаттыгы боюнча чоң маселе барын дагы бир жолу көрсөттү. Бийлик "өз адамдарына" жеңилдик, артыкчылык берерин далилдеди. Соңку кезде биз мындай учурларды көп эле көрүп жатабыз. Кылмыш ишин козгоп, жоопко тартып, көп өтпөй эле ар кайсы мыйзамды шылтоолоп жазаны жумшартуунун негизи максаты - ошол кишиге ириде "соттолгон" деген ат тагуу. Бул жерде ал абакта жатабы же жокпу маанилүү эмес. Адамды "соттолгон" деген атка кондуруп, аны башка атаандаштардын арасынан сүрүп чыгаруу башкы максат болуп калды.

Серик Ахметов казак өкмөтүн 2012-2014-жылы башкарган.

Казакстанда жогорку бийлик өкүлүнүн соттолгону чанда кездешчү көрүнүш эмес. Коомчулукта кылмыш иши козголгон, абакка кесилген же сот залынан бошогон аткаминерлерден өзүнчө өкмөт кураса болот деп тамаша-чыны аралаш сөздөр айтылып келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG