Беш айлык Умарали Назаров 2015-жылы күзүндө чарчап калган. Баланын өлүмү апасы миграциялык мыйзамдарды бузду деген айып менен камакка алынгандан кийин болгон.
Бул окуя коомчулукта талкуу жараткан жана расмий Дүйшөмбү, Орусиядагы тажик мигранттары, укук коргоочулардын нааразылыгынан кийин гана кылмыш иши козголгон. Бирок былтыр октябрь айында Санкт-Петербург шаардык тергөө комитети наристенин өлүмү боюнча ишти "кылмыштын курамы жок" деген жүйө менен жаап койгон эле.
Санкт-Петербург шаардык сот 15-августта Умарали Назаровдун өлүмүнө күнөөлүүлөрдү аныктап, жоопко тартуу боюнча арызды канааттандырган жок жана кылмыш иши мыйзамга ылайык жабылган деген өкүм чыгарды.
Назаровдун ата-энесинин адвокаты Ольга Цейтлина эми Адам укуктары боюнча Европа сотуна арыз даярдаларын "Азаттыктын" тажик кызматына билдирди.
Беш айлык Умарали Назаров 2015-жылы 13-октябрда Сантк-Петербург шаарындагы ооруканалардын биринде чарчап калган. Аны андан бир нече саат мурун миграциялык мыйзамдарды бузган деген айып менен полицияга түшкөн энеси Зарина Юнусовадан өзүнчө бөлүп алып кетишкен.
Соттук-медициналык экспертиза "наристенин өпкө-жүрөк органдары көптөн бери вирустук инфекциядан жабыркап жүргөн жана ошонун кесепетинен каза тапкан" деген корутунду чыгарган. Ата-энеси мындай корутундуга макул эместигин билдирген.
Атасы Рустам Назаров уулун полиция кызматкерлери апасынан өзүнчө бөлүп алып кеткенге чейин куландан соо болгонун айтып келет:
- Умарали дени-карды соо болуп эле чоңоюп жаткан. Аны апасынан ажыратып алып кетишкенде жадагалса сасык тумоо болуп да ооруган эмес. Уулубуз жоош эле, ыйлачу эмес. Курсагы ток болсо эле жүрө берчү. Бизге уулубуздун сөөгүн аны алып кеткенден кийин төрт күндөн кийин гана беришти. Мен анын бети-башында, колунда так бар экенин көргөм. Аны төрт күн бою эмне кылышты, биз такыр билбейбиз.
Бул окуя Тажкстанда да, Орусияда да катуу талкуу жараткан жана тажик бийликтеринин, мигранттардын жана укук коргоочулардын бир катар нааразылыгынан кийин гана кылмыш иши козголгон.
Умарали Назаровдун ата-энесинин адвокаты Ольга Цейтлина Зарина Юнусованы беш айлык баласынан күчтөп ажыратуунун өзү мыйзамсыз болгонун айтып келет:
- "Баласын жакшы карап, баккан эмес, эмдеткен эмес", деп айыптап, наристенин өлүмүнө ата-энесин күнөөлүү кылуу аракети жүрүп жатат. Бул жерде Орусиянын Баш мыйзамындагы 2-беренеси - жашоо, үй-бүлөлүк жашоо укугу бузулган. Эне менен эмчектеги баланы ажыратууга эч кандай негиз жок болчу. Апасына бул жайда дезинфекция жүрүп жатат, баланы бул жакта калтырганга болбойт деп айтышкан. Бирок ал эмне болгон дезинфекция, эмнеге ал жерде энеси калганга болот, баласы калганга болбой турганы түшүнүксүз бойдон калды.
Умарали Назаровдун энеси Зарина Юнусова бул окуядан көп өтпөй Орусиядан депортация болгон жана ага беш жыл бул өлкөгө келүүгө тыюу салынган. Ал мекенине уулунун сөөгүн алып кайтып келген.
Тажик бийликтери наристенин өлүмүнө байланыштуу көз карандысыз экспертиза жүргүзүлөт деген убадасын аткарган эмес.
Бул окуя боюнча Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев да үн каткан жана ал наристенин өлүмү боюнча иш көзөмөлгө алынат, кылмыш иши аягына чыгарылат деп ишендирген эле.