Линктер

ишемби, 15-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 10:27

Тажик-өзбек талаштуу чек арасы такталды


Тажикстан менен Өзбекстандын чектешкен жери

Тажикстан менен Өзбекстан лидерлеринин мамилени жакындатуу аракети жүзөгө ашууда. 18-апрелде такталган чек ара тилкелерин парламент бекитти. Майдан тарта минадан арылтуу иштери башталганы турат.

Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы коңшу Өзбекстан менен талаштуу чек ара тилкелерин тактаган келишимди ратификациялады. Мындай мунапыска 9-10-мартында өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Дүйшөмбүгө келгенде жетишкен.

Тажик тышкы иштер министринин орун басары Низомиддин Зохиди парламенттин төмөнкү палатасында документтин барк-баасына токтолду:

- Биз келишимге кол коюп, 192 чакырым талаштуу жерди чечтик. Дагы бир тилке калып жатат. Ал тууралуу тараптар өзүнчө келишим даярдашкан. Аны да буюрса чечебиз.

Калган тилке канчалык узун экени расмий айтылган жок.

Журахон Мажидзода
Журахон Мажидзода

Парламенттин укук тартиби, коргонуу жана коопсуздук комитетинин төрагасы Журахон Мажидзоданын «Азаттыктын» тажик кызматына ырасташынча, ал болгону бир чакырым.

Депутат Тажикстандын Согди жана Өзбекстандын Сырдарыя облусунун ортосундагы Фархад ГЭСинин аймагы тактала элек деди.

Бирок алдын ала сүйлөшүү боюнча, ГЭС жайгашкан аймак Тажикстандыкы деп таанылган. Ал эми СССР убагында курулган гидроэлектро станциянын өзү Өзбекстандын мүлкү деп белгиленген. Объекти тажик тарап кайтарып, техникалык тейлөөнү өзбекстандыктар жүргүзмөй болууда.

Бул сүйлөшүүлөрдү былтыртан бери эки өлкөнүн жогорку деңгээлдеги атайын топтору жүргүзүп жатат. Ноябрда Тажикстанда премьер-министр Кохир Расулзода жетектеген, курамына тиешелүү министрлер кирген атайын өкмөттүк комиссия түзүлгөн.

Дүйшомбүдөгү стратегиялык изилдөөлөр борборунун жетекчисинин орун басары Зайфулло Сафаров комиссиянын ишине үмүт артып турат.

- Тажиктер менен өзбектер жакын коңшулар. Демек ортодо чек ара, жер, суу талашы болбошу керек. Буга чейин бардык маселелерди жайгарып келатабыз. Калганы деле чечилет деп үмүттөнөм.

Өзбекстанды Ислам Каримов башкарып турган учурда мамиле начар болуп келди. Эки өлкөнүн чек араларды тактап-аныктаган комиссиялары 2013-жылдан бери иштей элек болчу.

Жарылма куралдын жабыры

Тажик-өзбек чек арасынын жалпы узундугу 1332 чакырым. Бул аралыкта талаштуу гана эмес, такталган, бирок мина коюлган жерлер да бар.

Өзбек президентинин марттагы сапарында аларды да биротоло алып салуу сүйлөшүлгөн. Апрелдин башында ишти илгерилетүү үчүн адистердин биргелешкен тобу түзүлгөн.

Азыр даярдык жүрүп жатат. Тазалоо иштери майды ортолой башталып, план боюнча эмки жылдын аягына карай бүтүшү керек.

Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматынын маалымат катчысы Мухаммад Улугходжаев бул маалыматты ырастады. Бирок кайсы тилкелерде мина бар экени, аянты канча экени сыр бойдон кала берерин белгиледи.

Тажик саперлеру айрым тилкелерди өз алдынча минадан арылткан. Сүрөт 2011-жылдын 5-апрелдинде тартылган.
Тажик саперлеру айрым тилкелерди өз алдынча минадан арылткан. Сүрөт 2011-жылдын 5-апрелдинде тартылган.

Бейрасмий маалыматка ишенсек, өзбек-тажик чек арасындагы 9,5 чарчы чакырым аянтка көмүлгөн болушу ыктымал.

Өзбекстан 90-жылдары аймагына жоочулардын басып кирүүсүнүн алдын алуу максатында деп Тажикстан менен танапташ тоолуу аймактарга мина койгон. Тажик бийлиги акыркы жыйырма жыл ичинде минага чалынып 374 жараны өлгөнүн, 485 жараны жаракат алганын билдирип келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG