Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:41

Мирзиёев кошоматчыларга чара көрөт


Шавкат Мирзиёев
Шавкат Мирзиёев

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Сырдарыя облусунуна сапары учурунда талылуу дагы бир маселени көтөрдү. Чоң жетекчи келет деп күтүнүп, анын көзү көрүп, буту баса турган жерлерди тазалаткан жергиликтүү аткаминерлерди катуу сынга алды.

"Өзбекстанда кайсы көчө шыпырылганын, кайсы дарак жыгылып жатканын жакшы билемин" - деген сөзү Шавкат Мирзиёев келет деп сырдарыялыктар канчалык аракет көргөнүн, аны президент туюп турганын айгинелеп койду.

Чукул ишембиликтерге адатта мектеп мугалимдери, акимиаттардын катардагы кызматкерлери сыяктуу бюджеттен айлык алып иштегендер чыгат.

Самарканддын Каттакурган районунда жол боюндагы тосмолорду актап-сырдаган бюджеттик мекемелердин жумушчулары
Самарканддын Каттакурган районунда жол боюндагы тосмолорду актап-сырдаган бюджеттик мекемелердин жумушчулары

14-мартта эле Самарканд облусундагы президентти тосуу камылгасы учурунда 23 жаштагы мугалим кыз Диана Еникеева ажал тапты. Аны кесиптештери менен чоң жолдун жээгин шыпырып атканда "КамАЗ" уруп кеткен.

Президент Мирзиёев ошол кайгылуу окуя үчүн өзүн күнөөлүү сезип турганын жашырган жок.

- Самаркандда бир мугалим өлдү. Президенттин келеринен үч күн мурда болуптур бул. Бирок ал аял менин айыман өлгөн сыяктуу жүрөгүмдө калды. Бардык жетекчилерге акыркы ирет эскертем, эгерде кайсы бир облуста мугалимдерди, дарыгерлерди же студенттерди тазалоо иштерине чыгарсаңар жаза катуу болот.

Мирзиёевдин кайра-кайра айтып жатам дегени тегин жерден эмес. Жакында эле Сырдарыяда укук коргоочу Исраил Ризаев президент келээрде үйүн сары түскө сырдоодон баш тартканы үчүн 3 миллион сум айып тартканын «Азаттыкка» айтып чыккан. Аны көрсө Ички иштер министрлигинин жергиликтүү жетекчилиги, акимчилик мажбурлаган экен.

Жылдап жыйналбаган көчөлөрдү, артта калган жашоо-турмушту аймактагылар чоң жетекчи өтө турган жерлерди жамап-жаскап, жылмалоо менен жашырууну эп көргөндөй. Мындай жетекчилерди өзбек лидери мамлекетке кыянаттык кылууда деп сындады.

"Район борборунан 200 кадам ичкериде эмне болуп жатканын билем, бул көз боёмочулукту токтотобуз", - деди Мирзиёев. Ал жолугушууга келген элден жалындуу сөздүн ордуна жарга такаган суроо берүүнү өтүндү:

- Мен билем, кимдир бирөө силерди да даярдаган болушу мүмкүн. Даярданбагыла. Кандай оор суроо болбосун бергиле. Суроону укканы, жагдайды оңдогону келгем. Мактоо укканы келген эмесмин. Биз мактай берип, көкөлөтө берип жыйырма жыл артта калып кеттик. Мактанып, сыймыктанчу нерсе жок али.

Деген менен болобу, мактоо сөздөр тыйылбады:

.. - Сиз жүргүзүп жаткан иштерди айтыш үчүн мага бир саат да аздык кылат. Бир маанилүү маселени айтат элем. Тажикстан, Кыргызстан сыяктуу коңшу өлкөлөр менен аябай чоң иштерди жасап атасыз. Сиз үчүн дуба кылабыз. Сиз жасап аткан иштерди Өзбекстан 24 каналынан көрмөйүн эч бир жакка чыкпайм, уктабайм... – деди видео байланыш аркылуу башка бир райондон сүйлөгөн аксакал.

Жетекчи келет деп жолдорго суу септирип, жээктеги үйлөрдү актап-сырдатуу, жагымдуу сүйлөп, өлкө тынбай өнүгүп атканын саймедиреген адамдарды тандап жыйынга алып келүү жеке эле Өзбекстандагы көрүнүш эмес.

Ошентсе да борборазиялык жетекчилердин арасынан Мирзиёев гана аткаминерлердин жасакерлигин байма-бай айтып келатканы белгилүү.

Ал Өзбекстандын бийлик тизгинин колго алгандан бери өлкөдөгү дагы бир талылуу маселе – пахта терим жөнгө салынууда. Тагыраагы 2017-жылдын сентябрында премьер-министр Абдулла Арипов мугалимдерди жана студенттерди пахта талааларына чыгарууга тыюу салган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG