Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:19

Өзбекстан: бош отургуча пахта тергиле


Өзбек бийликтери дарыгерлерди, мугалимдерди жана студенттери пахта терүүгө тартпай турган болду.

Президент Шавкат Мирзиёев өткөн аптада Бириккен Улуттар Уюмунда сүйлөгөн сөзүндө Ташкент балдарды, мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерин мажбурлап иштетүү ыкмасынан баш тартат деп ишендирген эле.

Өзбекстанда буга чейин бюджеттик мекеме-уюмдарда иштегендерди жарыбаган акчага пахта теримге зордоп жөнөтүү кадимки көрүнүш болчу. Бирок эми пахтаны мындан ары ким терет деген маселе жаралды.

Өзбекстанда 21-сентябрда жергиликтүү бийлик ондогон автобус менен пахта талааларынан студенттерди, мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерин бирин да калтырбай жыйнап келди. Ушул күнү премьер-министр Абдулла Арипов жыйын өткөргөн жана анда дарыгерлерди, мугалимдерди жана жогорку окуу жайларда окугандарды мындан ары пахта теримге жөнөтүүгө тыюу салган.

Өкмөт башчынын тапшырмасын биринчилерден болуп Анжиян облусу аткарды. Аким Шухратбек Абдурахманов 22-сентябрда аткаминерлерди жыйынга чогултуп, кимде ким өкмөттүн ташырмасын аткарбаса соттолот деп эскертти:

- 22-сентябрдан баштап жашы 18ге толо эле улан-кыздарды, бюджеттик мекемелердин кызматкерлерин, саламаттыкты сактоо жайларда иштегендерди пахта теримге алып баруу кылмыш болуп эсептелет. Анжиян облусу боюнча буга мен жооп берем. Эгер ушул топко кирген адамдар пахта теримде жүргөн болсо ошого жооптуу аткаминер кызматынан гана кол жуубастан кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Аким жыйында дин кызматкерлерине, мектептердин, колледждердин директорлоруна кайрылып, ишсиз отургундарды пахта теримге барууга көндүрүүгө чакырды. Өз ыктыяры менен мамлекетке жардамдашкандарга арзан, кезексиз үй, жумуш жана жеңилдетилген насыя убада кылды:

- Урматтуу имамдар, урматуу атынчалар, урматтуу мектеп жана бала бакча директорлору, силер өз ишиңерди кылыңыздар, рахмат сиздерге. Бирок силер өз-өзүнчө топ болуп алып жергиликтүү тургундардын үйлөрүн түрө кыдырып, ишсиз отургандарды пахтага чык деп көндүргүлө. Эгер кимдир бирөөлөр "биз жаш үй-бүлөбүз, пахта теримге чыгабыз, ал жактан тапкан акчаны үй алуу үчүн ачылган эсепке которобуз, бизге үй алганга көмөктөшүңүз" деп кайрыла турган болсо биз бул жарандарга арзан, кезексиз үй алганга жардамдашабыз. Эгер пахта теримге чыккандардын айрымдары тоок же уй багам десе, биз аларга жеңилдетилген насыя беребиз. Өткөн жылы биз пахтага чыккандарга күнүнө 230 сумдан төлөчүбүз. Быйыл 410 сумдан төлөп беребиз. Ошол талаада эле жапжаңы, бырышып-тырышпаган 50 миң сумдук акча менен төлөп беребиз. Үйдө отурган эже-карындаштарыбыз бизге эмнеге жардам бергенге болбосун? Эгер алардын балдары бар болсо биз талаада бала бакча уюштуруп беребиз, өздөрү иштешсин. Эгер биз аларга 410 сумдан төлөп берсек эмнеге пахта теримге чыкканга болбосун? Маале тургундары талаага чыккыла, силер баары бир үйдө бекер отурасыңар. Эгер силер талаада он күн иштесеңер 400 миң сум (50 доллар) табасыңар. Эгер 20 күн иштесеңер 800 миң сум беребиз. Пахта терим бүткөндөн кийин силерге жумуш таап, жеңилдетилген насыя беребиз. Эгер силер бизге жардам берсеңер, биз силерге жардам беребиз, эгер баш тартсаңар биз дагы силерге көмөктөшпөйбүз.

Пахта терүүгө бараткан студенттер
Пахта терүүгө бараткан студенттер

Хаятулло аттуу Анжиян облусунун тургуну "Азаттыктын" өзбек кызматына студенттерди, мугалимдерди жана дарыгерлерди пахта талааларынан жыйнап келгенден кийин маале активисттери көчөлөрдү үймө-үй кыдырып жергиликтүү тургундарды пахта теримге чыгууга үндөй баштаганын айтып берди.

- Маале активисттери көчөлөрдү кыдырып жергиликтүү тургундарды 10 күндүк пахта теримге баргыла деп жатат. Эгер тургундар бара албайбыз, чукул иштерибиз бар десе анда 100 миң сум төлөгүлө деп айтып жатышат.

Шавкат Мирзиёев президент болгондон кийин пахтаны зордоп жыйнатуу тажрыйбасы токтойт деп ишендирген. Бирок быйылкы пахта теримде деле буга чейинки ыкма колдонулуп жаткан.

Мирзиёев өткөн аптада БУУнун жыйынында адам укуктары тууралуу кеңири сөз кылды жана эң ириде Өзбекстан мажбурлап иштетүү ыкмасынан эми баш тартат деп ишендирди:

- Эл аралык Эмгек уюму менен биргеликте балдар эмгегин пайдалануу жана мажбурлап иштетүүнү жоюу боюнча натыйжалуу чаралар иштелип чыкты. Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча комиссары Ташкенттеги сапарынын аягында адам укуктары жана эркиндиктерин камсыздоо боюнча чаралардын программасы иштелип чыкты.

Өзбекстан эгемендик алгандан бери бюджеттик мекемелердин кызматкерлерин, дарыгерлерди, мугалимдерди, студенттерди жана жогорку класстын окуучуларын пахта теримге арзыбаган акчага мажбурлап чыгарып келген. Бийликтердин эми бул көрүнүш тыптыйпыл тыйылат деген убадасына өзбек коомчулугу азырынча ишенбей турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG