Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:15

Президентке жолуккан келин батирден куулду


Хуршида Тилляева 
Хуршида Тилляева 

Анжиянда Мирзиёевдин көзүнчө жергиликтүү аткаминерлер келинге батир берип, президент кеткенден аны кийин көчөгө чыгарып коюшкан.

35 жаштагы Анжияндын тургуну Хуршида Тилляева өлкө президенти Шавкат Мирзиёевдин облуска сапарынын алдында өкмөттөн батир алганы тууралуу жергиликтүү телеканалдардан көрсөтүлгөн.

Анда «ишене албай, түш көргөндөй болуп жатам» деп маңдайы жарыла кубанган келин президент келип кеткенден кийин эле кайрадан эски тамына кайтарын ойлогон эмес.

"Кийим тигүүчү цехте иштейм, үй алуу үчүн арыз жазгам. Президент келер күнү мага Анжияндын администрациясындагы аялдар комитетинен кызматкерлер келип, жаңы батирге киргизишти. Бала бакчанын кызматкерлери батирдин ичин буюмдарга толтуруп коюшуптур. Ошол эле күнү «Өзбекстан 24» телеканалынын журналисти менден интервью алган. Мен анда атам өлүп калганын, президент мени атамдай колдогонун айтып жатып жашып кеткем. Интервьюмду бүт Анжиян көргөн. Тааныштар чалып, куттукташкан. Бирок президент кеткенден кийин эле «бул үйдүн ээси бар» дешип, мага башка батир берише турганын айтышты. Ошондо мени жөн эле алдап, куурчак кылышканын түшүндүм".

Анжиян облусундагы аялдар иштери боюнча бөлүм башчынын орун басары Манзура Юнусова келиндерге президент менен жолукканда өзүн кантип алып жүрүү керектигин үйрөтүп жатат.
Анжиян облусундагы аялдар иштери боюнча бөлүм башчынын орун басары Манзура Юнусова келиндерге президент менен жолукканда өзүн кантип алып жүрүү керектигин үйрөтүп жатат.

Анжияндык аялдын айтымында, Мирзиёев келгенде жаңы салынган үйдөн сегиз аялга батир берилген, президент кеткенден кийин алтоону көчөгө чыгарып коюшкан.

«Азаттыктын» өзбек кызматы бул "спектаклдин" дагы бир катышуучусун тапкан.

30 жаштагы Муяссар Рахимова жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аларды «президентти алдоо үчүн колдонушканын» айтып берген.

"Мага батир берилгенин угуп, бир ыйлап, бир президентке узак өмүр тиледим. Өзүмдүн эски оокаттарымды алайын десем, батирдин дизайнын бузат, эртеси деле көчүп келесиң дешти. Андан тышкары жаңы көйнөк тиктиришкен. Ага 300 миң төлөдүм. Балдарыңды да жакшыраак кийинт дешти. «Президент келгенде батир алган бактылуу үй-бүлө катары баарыңар жакшы кийинип турушуңар керек» деп айтышкан. Анан президент кетери менен көчөгө чыгарып коюшту. Бул бир саатка эле уюштурулган оюн экен".

Мирзиёевдин Анжиян облусундагы сапарын чагылдырган "Өзбекстан 24" телеканалы 16-майда жаңы салынган үйгө 164 үй-бүлө көчүп киргенин кабарлаган.

Жергиликтүү журналисттердин бири «Азаттыкка» чындыгында окуя кандай болгонун баяндап берген.

"Жергиликтүү кызматкерлер президент кирет деп атайын он батирди даярдап коюшкан. Маданият башкармалыгы менен бала бакчалардын кызматкерлерине батирди эмерекке толтуруп, даярдап коюуга тапшырма берилген. Алар бир нече аялды тандап, дизайнердин сунушу менен аларга жарашыктуу жаңы кийим кийгизген. Президент Дильфуза Ходжиматованын үйүнө кире турганы белгилүү болгондо бийлик өкүлдөрү тез арада анын да батирин даярдай баштаган. Бир жактан кымбат отургучтарды алып келишкен".

Анжияндын башкармалыгынын өкүлү «Азаттыктын» өзбек кызматына президент Шавкат Мирзиёев менен жолуккан Дильфуза Ходжиматова жаңы үйдө жашап жатканын, калгандарына батир берүү маселеси чечилип жатканын билдирген. Бирок калган суроолорго жооп берүүдөн баш тарткан.

Шавкат Мирзиёев Анжиянда эски барак үйлөрдө жашаган адамдар менен 17-майда жолуккан.

«Оор шартта жашоо оңой эмес. Айрыкча балдардын оор турмушта жашап жатканын сырттан карап турганга болбойт. Анжиянда жер маселеси курч. Бул махаллянын жашоочулары айласы жоктон турушат. Мен бул адамдардын жашоосун көрүп, татыктуу шарт түзүп берүү үчүн келдим», - деген анда өзбек президенти.

Хуршида Тилляева бийлик өкүлдөрү аны алдамчы катары көрсөтөт деп чочулап, атайын тиктирилген көйнөгүн кийип алып, энесинин эски үйүнөн атайын видеокайрылуу жөнөткөн.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG