Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:38

Өзбекстан: мектеп директорлору акимден токмок жеди


Өзбекстанда прокуратура район акими мектеп директорлорун чогултуп алып келтектеген факты боюнча териштирүү баштады.

12-сентябрда бир адамдын онго жакын кишини тизип алып эгемендик күнүн майрамдоого жакшы даярдык көрүлгөн эмес деп, ар бирин тилдеп, сабап жатканы тымызын тартылган видео интернетке жарыяланып кеткен эле. Байкоочулар мындай тасма биринчи жолу тарап жатканы менен, Өзбекстанда аткаминерлердин кол алдындагы кызматкерлерге кол көтөргөнү, тилдегени кадимки көрүнүш дешет.

Видеону алгач Kun.uz маалымат сайты таратты жана анда Сырдарыя облусунун Сайхунобад районунун акими Носиржон Эгембердиев тартылган деп билдирди. Тасмадан ак көйнөк, кара шым кийген, орто жашка барып калган адамдын каз-катар тизилип турган салабаттуу көрүнгөн ондой кишини кары-жашына карабай тилдеп, көкүрөккө койгулап, жаакка чаап, ачууланып, жаалданып жатканын көрүүгө болот. Тизилген адамдардын айрымдары гана анча-мынча сөз кайтарганы болбосо, баары эле баштарын жерге салып туруп беришкен:

- Мен райондук билим берүү башкармалыгынын башчысын иттей кылып сүйрөтөм, чынында баарына сен күнөөлүүсүң! Эмнеге сен өзүңдүн районуңду сыйлабайсың? Өлкөнүн көз карандысыздыгы - сенин да көз карандысыздыгың да. Сага бул эмне майрам эмеспи?

Kun.uz маалымат агенттиги ишенимдүү булактарын таянып билдиришинче, райондо эгемендик күнүн майрамдоо алгач 25-августка белгиленген, бирок кийин 27-августка жылып калган. Ошол күнү айрым мектептин директорлору жетиштүү сандагы мугалимдерди чогулта албай калган жана райондук деңгээлдеги майрамдык салтанатка аз гана киши катышкан. Буга байланыштуу облустун губернатору райондун акими Носиржон Эгембердиевди майрамды эң начар уюштурдуң деп тилдеп гана тим болбостон сөгүш да берген. Райондун акими болсо күчүн мектеп директорлорунан чыгарган.

"Азаттыктын" өзбек кызматынын кабарчысы Сарвар Усмандын айтымында, Өзбекстанда "чоң муштум" аткаминерлер кадимки эле көрүнүш:

- Негизи ушундай видеонун пайда болгону гана жаңылык, акимдердин мындай адаты жаңылык деле эмес. Өзбекстанда Каримовдун доорунда ушундай күчкө таянуу, "чоң муштумдугун" көрсөтүү кадимкидей эле адатка айланып калган. "Азаттык" мындай көрүнүштөрдү такай эле жазып келген. Студияга келер алдында мен соңку жазгандарыбызды бир сыйра карап чыктым. Мисалы, акыркы жолу Өзбекстан либерал-демократ партиясынын мүчөсүн райондун акими сабап, көйнөгүн айрып салганын, дагы бир аким пахтаны аз терген мугалимди урганын, дагы башкасы фермерлерди автобуска камап алып сабаганын жазыптырбыз. Буга окшогон кабарларыбыз өтө көп. Эми келтек жеген фермерлер, мугалимдер, директорлор үндөбөй эле туруп беришеби деген суроо да туулушу мүмкүн. Аткаминерлердин токмогуна чыдабай кайра өзүн урган учурлар чанда болсо да бар. Мисалы, былтыр акимдин ур-токмогуна чыдабай кайра өзүн урган фермер сегиз суткага камалган.

Бул видео боюнча ушул тушта облустук прокуратура териштирүү баштаганы маалым болду. "Азаттыктын" өзбек кызматынын кабарчысы Сарвар Усман аткаминерлер жакын арада мындай адатынан арыларына көзү жетпейт:

- Азыркы президент Шавкат Мирзиёев мурунку президент Ислам Каримов түзүп кеткен, ал негиздеген системадан чыккан адам. Ошол системада 13 жыл премьер-министр болуп иштеген. Убагында губернатор да болгон. Убагында Мирзиёев өзү кол алдындагы кызматкерлерге кол көтөргөн, ачуу тил менен тилдеген, сөккөн деген өңдүү маалыматтар чыккан. Ал президент болуп шайлангандан кийин быйылкы жылды "калк менен баарлашуу жылы" деп жарыялаган. "Элдин үнүн угам, кулак салам" деп убада берген. Азырынча башкаруунун мындай ыкмасын өзгөртөт деген үмүт бар. Президет тараптан азырынча кандайдыр бир реакция боло элек. Бирок прокуратура териштире баштады.

Социалдык тармактарда кызуу талкуу жараткан, "чон муштум" атка конгон Носиржон Эгембердиев Сайхунобад районунун акими болуп былтыр октябрда дайындалган. Ага чейин облустук акимчиликте орто жана кесиптик билим берүү бөлүмүн жетектеген.

Ала арада бүгүн аким кол көтөрүп койгону үчүн мектеп директорлорунан кечирим сураганы белгилүү болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG