Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:23

Ингуштар менен чечендер талашкан Сунжен


Магастагы митингдердин бири. 5-октябрь, 2018-жыл.
Магастагы митингдердин бири. 5-октябрь, 2018-жыл.

Орусиянын Ингушетия Республикасында нааразылык митингдери уланууда.

Ингушетиянын борбору Магаста Чеченстан менен жер алмашууга нааразы болгондор беш күндөн бери митингге чыгууда. Нааразылыкка чыккандар чечендер менен жер айырбаштоо маселесин жалпы элдик добуш берүүгө чыгарууну талап кылып жатышат.

4-октябрда бийликтин уруксаты жок башталган нааразылык акцияларына дүйшөмбүдө жергиликтүү администрация уруксат берди. Бийлик митингчилер жүз адамга чейин азайганын билдирет. Ал эми дем алыш күндөрү көчөгө алты миңдей киши чыкканын митингдин уюштуруучулары маалымдашкан.

26-сентябрда Ингушетия менен Чеченстандын башчылары Юнус-Бек Евкуров менен Рамзан Кадыров эки аймактын ортосундагы чек араны бекитүү боюнча келишимге кол коюп, 4-октябрда Ингушетиянын парламенти макулдашууну жактырган.

Алгач Ингушетия Малгобек районунан жер берип, Чеченстандын Надтереч районуна тең жер алаары айтылган. Бирок кийин чечендерге Сунжен районунан аймак берилгени аныкталып калган.

Сунжен району 90-жылдардын башында Чечен-Ингуш Автономдук Советтик Социалисттик Республикасы таркаганда эле талашка түшкөн. Алгач 2003-жылы эки тарап келишип, Сунжендеги Серновод жана Ассинов айылдары аймактары менен кошо Чеченстанга өтүп, калган бөлүгү Эрзи коругу менен Ингушетияда калган. Бирок 2012-жылы чыр кайра козголуп, 2013-жылы Чеченстан мурунтан ингуштарга таандык аймактарды өзүнө караткан мыйзам кабыл алып салган.

Нааразылыкка чыккан ингуштар Юнус-Бек Евкуров жаңы келишим менен чечендерге Сунжен районундагы жерлерди мыйзамдаштырып берип койгонуна каршы болуп жатышат. Айрымдары мындай кадамды республика башчысынын чыккынчылыгы катары баалашууда.

Ингушетиянын башчысы Юнус-Бек Евкуров болсо башында "элди көчөгө диний муфтият менен имамдар үгүттөп чыгарып жатат" деп айыптаган болчу.

Юнус-Бек Евкуров.
Юнус-Бек Евкуров.

- Жер-жерлерде 25тей имам мечиттерде адамдарды митингге үгүттөп жүрөт. Өздөрү да митингге чыгышууда. Карыяларды алып чыгып жатышат. Алар пайгамбардын атын жамынып жатышат, - деген республиканын башчысы.

Кийин ал 26 жылдан бери чечилбей келген чек ара маселесине келерки муундун келечеги үчүн чекит коюлганын айтып чыкты.

- Биз Магаста отуруп алып, чек арада жашаган адамдардын абалын билбей эле кыйкыра беребиз. Кыйкырыктарыбыз менен аларга мүшкүл жаратып жатканыбызды билбейбиз. Биз кыйкырып коюп, үйүбүзгө жатып алабыз. Алар болсо ошол жерде жашап жатышат. Биз бул чечимди акыл калчап, туруктуу кабыл алдык. Чек араны белгилеп албасак, кийин мындан жакшы болуп кетпейт.

Бирок, чечендер менен жер айырбаштоого каршы чыккандар республика башчысынын бул сөзүн кабыл албай, анын кызматтан кетишин талап кылып жатышат. Юнус-Бек Евкуров нааразы болгон эл менен жолугууга аракеттенген учурда демонстранттар чуу салып, ага шише ыргытылган. Мындан улам сакчылар асманга ок атышкан.

Нааразылык акцияларына байланыштуу Ингушетиянын аймагында 3-октябрдын кечинен тартып Интернет, телефон байланыштары өчүрүлгөнү да кабарланган.

Бийликтин чечимине каршы чыккан эл менен 7-октябрда Ингушетиянын мурунку президенти Руслан Аушев жолугуп, алардын талабын колдоорун билдирген.

Руслан Аушев (ортодо).
Руслан Аушев (ортодо).

- Чечимди вайнахтардын үрп-адаты, салты боюнча эл менен макулдашып кабыл алыш керек. Эгерде ага бир тууганына жер берем десе, үй-бүлөсү менен макулдашышы керек... Мен биринчи президент катары айтам, бийлик ката кетирди. Мындай чечимди эл менен кеңешип кабыл алыш керек болчу, - деген Аушев.

Ингушетияда бийликтин Чеченстан менен чек араны бекитүү боюнча келишим түзүшүнө Сунжендеги жергиликтүү тургундар өткөн айдын соңунда эле каршы чыга башташкан.

Элдин нааразычылыгы күчөгөндө чечендер менен жер алмашууну парламентте кабыл алган айрым депутаттар алардын добуштары бурмаланганын айтып, кайрадан добуш берүүнү талап кыла башташкан.

Эми Өкмөттүк эмес уюмдар кеңешинин төрагасы, митингдердин уюштуруучусу Муса Малсагов 9-октябрдан тартып Магаста беш миңдей киши катышкан ири акциялар өтөөрүн билдирүүдө. Жергиликтүү администрация мындай митингдерди 15-октябрга чейин өткөрүүгө уруксат берген.

Ал эми Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Ингушетиядагы абалга Москва көз салып турганын, бирок Кремль аймактык бийликтин чечимине кийглишпесин белгилеген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG