Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда 1-майда макулдашылган ок атышууну токтотуу тууралуу келишимди кубаттайт. Бул тууралуу баш катчынын басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик 3-майдагы басма сөз жыйынында билдирди.
"Ал эки өлкөнүн президенттеринин, премьер-министрлеринин жана тышкы иштер министрлеринин ортосундагы байланыштарды кубаттайт жана эки тарапты ок атышпоо тууралуу келишимдин сакталышын камсыз кылуу үчүн бардык чараларды көрүүгө үндөйт", - деди Дюжаррик.
Маалыматка ылайык, Антониу Гутерриш БУУнун Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Наталья Герман эки тараптын бийлиги менен түз байланышта экенин белгилеген жана зарыл болсо уюм жардам көрсөтүүгө даяр экенин кайталаган. Ошондой эле баш катчы өткөн аптадагы жаңжалда көз жумгандардын жакындарына көңүл айтып, жаракат алгандардын тез арада сакайып кетишин каалаган.
Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркаган 100 кыргызстандык ооруканада жатат.
Алардын арасынан оор абалдагы 59 адам Бишкекте, 41и Баткендеги бейтапканаларда дарыланууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орунбасары Ализа Солтонбекова 4-майда билдирди.
"Аларга дары-дармектер, кан жана медицина кызматкерлери жетиштүү", - деди Солтонбекова.
Премьер-министр Улукбек Марипов кыргыз-тажик чек арасындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы ("Головной") суу бөлүштүрүүчү жай Тажикстанга эч качан берилбей турганын билдирди. Бул тууралуу 4-майда Баткен облусунда куралдуу жаңжалда жабыркаган эл менен жолугушканда айтты:
"Бул суу бөлүштүрүүчү жайдын үстүндө Кайырма деген канал бар. Кайырманын башы үч куб. Бирок 1992-жылкы Алматадагы келишим бузулуп, бизди укпай, 2016-жылы ошол үч кубду 23 кубга чейин чоңойткон. Мен ошол тууралуу айтканмын. Мен аны Баткенге күйүп айттым. Головнойго менчелик күйгөн адам болсо, келсин, жооп берем. "Головной" эч качан аларга (Тажикстанга - ред.) берилбейт", -деди Марипов.
Суу бөлүштүргөн жай тууралуу премьер-министр 3-февралда Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып, суу бөлүштүрүүчү жайга келген каналдын башы Тажикстанга алдырылганын билдирген. Кийин “Кайырма” каналы тууралуу айтканын, Төрткүл суу сактагычын жана “Головной” суу тосмосун стратегиялык объекттердин катарына киргизүү боюнча иш башталганын белгилеген.
Мариповдун "Головной" тууралуу буга чейинки кеби кыргыз-тажик чегиндеги кагылышка шыкак берген болушу мүмкүндүгү коомчулукта айтылып келатат.
“Головной” тилкесинде тажик тарап 28-апрелде электр мамыларына видео камераларды орното баштаган. Кыргызстандын чек ара кызматкерлери бул жерге барып, ишти токтотууну талап кылган.
Өкмөттүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев тажик тарап суу бөлүштүрүүчү жайды чогуу көзөмөлдөөнү сунуш кылганын, бирок Кыргызстан ал сунушка макул болбогонун билдирген.
Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги кеңсесинин алдына пикетке чыгып, тажик аскерлеринин Кыргызстандын аймагындагы куралдуу аракетин айыптоону талап кылды.
Ал талаптары жазылган кагазды уюмга тапшырарын "Азаттыкка" айтты.
Токтонасыров ушундай эле талап 3-майда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн алдында акция өткөргөн.
Кыргызстандын өкмөтү Баткен облусуна өзгөчө макам берүү үчүн документ даярдады. Эгер ал кабыл алынса, аймакта салыктан жеңилдиктер болот. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов 3-майда аймактагы Көк-Таш (Төрт-Көчө) айылынын тургундары менен жолугушканда билдирди. Чечимге Марипов кол коюп, парламенттин кароосуна жиберилди.
Өкмөт башчы турак жайлары талкаланган же өрттөнгөн тургундардын бардыгына жаңы үй куруларын айтты.
"Баткен районунда 30, Лейлек районунда 70 турак-жай курулат. Комиссия эсептеп жатат. Суук түшкөнчө курулуш иштерин аякташыбыз керек", - деди Марипов.
Facebook шеринеси