Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:10

"Кыргыз-тажик чек арасын тактоо Борбор Азия үчүн маанилүү"


Токон Мамытов.
Токон Мамытов.

Кыргыз бийлиги Тажикстан менен чек араны тактоо иштери активдүү жүрүп жатканын билдирип, жумушчу топтордун жолугушуусу уланууда. Тактоо иштеринде кайсы маселелер кыйынчылык жаратышы мүмкүн?

Тараптар мунаса табууда кайсы кызыкчылыктарды эске алышы керек?

Ушул жана башка маселелер боюнча Чек ара кызматынын мурдагы жетекчиси, генерал Токон Мамытов менен маектештик.

- Токон мырза, кыргыз өкмөтү Тажикстан менен чек араны тактоо үчүн түзүлгөн жумушчу топтордун жолугушуусу тууралуу улам маалымат берип келет. Соңку учурда сүйлөшүү уланып жатканы айтылып, мунаса табылган тилкелерге байланыштуу маалымат чыга элек. Сүйлөшүү этабы татаал же талаштуу тилкелерге жетти деп айтууга болобу?

- Баткен районунун өзүндө эле тактала элек талаштуу 22 тилке бар. Алар өтө орчундуу талаш-тартыш жараткан жерлер. Алсак, Көк-Таш, Орто-Боз, Самаркандек, Көк-Терек, Мазайиттин жери сыяктуу Ворухтун тегерегиндеги аймакты санап келгенде 22 тилке, Лейлек районунда ушундай талаш жараткан 18дей тилке бар. Ушундай жерлерди тактоо көп убакытты, өзгөчө ыкмаларды талап кылат. Ошол үчүн “эмнеге жылбай жатат, кыска эле жерди тактаптыр” деп сынга алуу туура эмес.

Мындай шартта жүз метр такталса да, жетишкендик катары кароо зарыл. Бул оор процесс. Ал жерлерде эл жашайт, алардын, мамлекеттин кызыкчылыгын эске алып такташуу татаал иш. Эки президент тең 2024-жылдын аягына чейин чек араны такташып, документке кол койсок жакшы болот деген ниетин айткан. Иш ушуга баратат. Менимче, эки-үч айда баары чечилип калат. Мен билгенимдей, бир топ жерлер чечилип калды.

- Талаштуу делген тилкелерди өзүңүз да атап өттүңүз. Мында мунаса табууда тараптар кайсы принциптерге таянышы керек?

- Бул жерде жеке Кыргызстандын жана коңшу өлкөнүн, Борбор Азиянын кызыкчылыгын эске алышыбыз керек. Бул маселе комплекстүү каралышы маанилүү. Чек араны тез эле чечип койсо да болот. Бирок кийин нааразылыктар чыгып, эл арасында “эмне үчүн бул жер эске алынбады, мурда бул жерге биз мал кайтарчу элек, багбанчылык кылчу элек, баары өтүп кетиптир” деген өңдүү каршылыктар айтылат. Албетте, чек ара маселесин чечип жатканда жергиликтүү элдин пикирин угуу керек, бирок маселе толугу менен ошондой чечилбей калышы мүмкүн. Бул жагын да эске алуу керек. Анткени эл өзү жашаган же өзүнүн тилкесине карап эле айтат. Негизи чек арадагы ар башка тилкелердин тагдыры бири-бири менен байланышта.

Муну айрымдар түшүнбөй: “Бул жерди уттуруп койдук”,-деп чыгат. Бир жерден беш метр уттурсак, башка жерден беш метр уткандырбыз. Эл аралык принципте деле “сен бул жерден артка жылсаң, тиги тарап башка жерден жер берет” дегендей каралган. Бул түшүнүү, бири-бирин урматтоо, ачык-айкын жол менен ишке ашуусу маанилүү. Бул БУУнун да принциптеринде бар.

- Бул чек ара маселесинин такталышы аймактагы туруктуулукка, саясий жагдайга да маанилүү экени айтылып келет. Сиздин оюңузча мунун таасири кандай болушу мүмкүн?

- Астанада ШКУнун саммити болуп өттү. Байкадыңарбы, ошол жерде канчалаган президенттер катышып, анда глобалдашуу процесси туңгуюкка такалганы, эми бул процесс артка жылып, аймактык бөлүнүүгө айланып келатканы айтылды.

Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы достук, саясий, соода, аскердик жана башка тармактагы кызматташтыкты бекемдешибиз керек деп өлкө лидерлери да ынтызар болууда. Ошол себептүү ортодогу чек ара маселесин саясий негизде, бирок укуктук жол менен чечүүгө аракеттенишибиз керек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG