Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:31

Чернобылга кызыккан туристтер


Чернобыль атомдук станциясында мындан 33 жыл мурун болгон апаат тууралуу баяндаган сериал чыккандан бери ал жакка барууну каалаган туристтер 30-40 пайызга көбөйдү.

Адамзат тарыхындагы эң чоң техногендик катастрофа болгон жерге барган туристтерди гид коштоп жүрөт:

«Мына, бул жакта радиоактивдүү гүл толуп калган, тээтиги жерде болсо альбинос куштарды карасаңар».

Мындай кызыктуу нерселерди дүйнөнүн бир да курортунда көрө албайсыңар.

Апааттан кийин айланадагы жерлер дагы 24 миң жыл бою жашоого жараксыз деп табылган. Бирок зыяратчылар үчүн эмес.

33 жылдан кийин Чернобыль жана анын жанындагы Припять шаары туристтерди тарткан жерге айланды.

«Чернобыль - бир четинен адамды сестендирген жер. Экинчи жагынан – бул жак абдан кооз. Жаратылыш адам ээлеп алган жерлерди өзүнө кайтарып жатканын көрсө болот. Бул жак аябай тынч. Анын үстүнө СССРдин атмосферасы сезилген Украинадагы сейрек аймактардын бири», - деп айтып берди 'SOLO EAST' компаниясынын гиди Виктория Брожко.

1986-жылдын 26-апрелинде Чернобылдагы атомдук станцияда жарылуу болгон. СССР жетекчилиги кийин 31 киши өлгөнүн билдирген. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча анда 9 миң киши каза тапкан. «Гринпис» уюму болсо кырсыктын кесепети 200 миң кишинин өлүмүнө алып келген деп эсептейт.

Туристтердин көбөйүшүн гиддер америкалык HBO компаниясы тарткан «Чернобыль» сериалы менен байланыштырышат. Тарыхый драманын акыркы бөлүгү июндун башында тартууланганы менен тасма көргөзүлө электе эле кызуу талкууга түшкөн.

Виктория иштеген компанияда айтып беришкендей, май айында эле катастрофа аймагына экскурсияга барууга кызыккандардын саны 30 пайызга өстү. Жай айларына болсо заказдар андан да көп экен.

Туристтер экрандан көргөндөрүн Чернобылдагы реалдуу сезимдери менен салыштыра алышат. Мисалы, англиялык Гарет Барроуз ошондой зыяратчылардын бири мындай дейт:

«Киевге келип, мындай уникалдуу жерге баруу мүмкүнчүлүгүн кантип пайдаланбай коёсуң? Сериалдын ийгилигинен кийин көбүрөөк киши келе баштайт деп ойлойм. Биз бул жакка келерибиз анык болгондон кийин фильмди көрдүк. Теледолбоор Чернобылга кызыгууну күчөтөт деп ойлойм».

Киев-Чернобыль автобусу дээрлик күнүгө каттап турат. Жол киреси 100 долларга чамалайт. Бул акчага туристтер жарылган реактордун үстүнө курулган саркофагды көрүп, бир кезде станцияда иштеген жумушчулар жашаган Припять шаарын кыдыра алышат. Бирок сериалдын ийгилиги терс таасир этип, шаар оригиналдуу атмосферасынан ажырап калышы мүмкүн дегендер да бар.

«Бул жер туристтердин артыкчылыктуу маршрутуна айланып калса, обочодо жүргөндөй сезими жок болуп кетет. Ансыз да өтө көп киши жүрөт. Өзүңөр ойлосоңор, ар бир бурчунда топ-топ адамдар жүрсө, ээн калган шаар деп кантип айтасың? Бул өзгөчө атмосфераны жок кылат», - деген ойдо голландиялык Тьеме Босман.

Бирок турфирмаларды андай жагдай капалантпайт окшойт. Кыскасы, сериалдарга рахмат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG