Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:35

"Чет элдик агент" мыйзамы грузин депутаттарын мушташтырды (видео)


Грузия парламентинин Юридикалык маселелер боюнча комитетиндеги депутаттардын мушташы. 15-апрель, 2024-жыл.
Грузия парламентинин Юридикалык маселелер боюнча комитетиндеги депутаттардын мушташы. 15-апрель, 2024-жыл.

Грузиянын парламентинин Юридикалык маселелер боюнча комитети 15-апрелде биринчи окууда талаштуу "чет элдик агент" жөнүндө мыйзамды жактырды.

Тбилисиде бул мыйзам долбооруна каршылыгын билдирген миңдеген адамдар чогулду. Тартип коргоочулар менен демонстранттар ортосунда кагылышуу катталып, 14 адам кармалганы маалым болду.

Грузиядагы дипломатиялык корпус, Евробиримдик жана оппозиция өкүлдөрү бул мыйзамдын кабыл алынышына каршы чыгууда.

Оппозиция бул мыйзам долбоорун Орусиянын ушундай эле мыйзамынын көчүрмөсү деп, анын кабыл алынышы Грузиянын Евробиримдикке кошулуусуна кедергисин тийгизерин айтууда.

“Грузин кыялы” партиясы үчүн бийликти узурпациялоо - бул бийликте калуунун жалгыз жолу. Алар узурпаторлордун орду Евробиримдикте эмес экенин билишет. Алар үчүн жалгыз ыңгайлуу өлкө бул Орусиянын таасириндеги аймак. Батыш демократиясы бул бийликти менчиктеп алуу эмес",-дейт “Ахали” саясий партиясынын төрагасы Ника Гварамия.

Ушул эле күнү бийликтеги "Грузин кыялы" партиясынын өкүлү Ираклий Заркуа бул мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынарын билдирген.

"Эмнеге? Анткени грузин элинин буйругу ушундай. 70 миллиондон 80 миллионго чейин эмнеге коротулганы белгисиз. Мунун ордуна биз "экстремизм", "Молотов коктейлдерин", бир жыныстуулардын "пропагандасын" каржылоону көрүп жатабыз", - деди парламент өкүлү. Ал сөзүнө эч кандай далил келтирген жок.

Комитетте мыйзам долбоору каралып жатканда оппозициячыл “Жарандар” партиясынын лидери Алеко Элисашвили парламенттеги көпчүлүк коалициянын өкүлү, “Грузин кыялы” партиясынын лидери Мамука Мдинарадзе менен мушташа кетти.

"Чет элдик өкүл" мыйзамы грузин депутаттарын мушташтырды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:26 0:00

Депутаттар аларды ажыратууга ашыкты. Эки депутат тең залдан чыгып кетип, мушташты коридордо улантышты.

"Мен ар дайым “Грузин кыялы” менен адамча сүйлөшүүгө аракет кылып келгем, алар бизди Орусияга жетелеп баратат. Тажатты ушунун баары, мен ошондуктан бул орус агенти Мдинарадзени бетке муштадым”, - деп түшүндүрдү өз аракетин Элсашвили.

Мдинарадзе Элисашвили аны уурудай болуп бетке күтүүсүз урганын, бул мырзалыкка жатпай турганын айтты. Окуядан жарым саат өтпөй юридикалык комитеттин жыйыны улантылды.

Тблисиде "чет элдик агент" мыйзамына каршы чыккандар. 15-апрель, 2024-жыл. Грузия.
Тблисиде "чет элдик агент" мыйзамына каршы чыккандар. 15-апрель, 2024-жыл. Грузия.

"Чет элдик агент" мыйзамына каршы демонстрация

Бул маалда Тбилисидеги парламент алдына ондогон адамдар чогулуп, талкууланып жаткан мыйзамга каршы экенин билдиришти. Алар Евробиримдиктин желегин көтөрүп, "Орусиянын мыйзамына каршыбыз" деп ураан чакырып жатты.

"Биздин Европаны көздөгөн келечегибиз коркунучта. Биз, жаш муун, бул мыйзам келечегибизди коркунучка кептейт деп эсептейбиз. Биздин муун европалык жаштардай эле мүмкүнчүлүктөргө ээ. Ошондуктан парламент бул мыйзамды кабыл албашы керек", - деди нааразылык акциясынын катышуучусу, студент Элене Орагвелидзе.

Кечинде парламент алдындагы адамдардын саны кескин көбөйүп, бир нече миңге жетти. Tbilisi life Телеграм-каналы акциянын уюштуруучуларына шилтеме жасап кабарлагандай, демонстранттар менен тартип коргоочулар ортосунда тутанган кагылышууларда кеминде алты киши кармалды.

Нааразылык акциясына чыккандарды Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили колдоду.

"Тбилисиде жарандык коомдун "орусиялык мыйзамга" каршы демонстрациясы болду. "Атайын кызмат" cуу жана газ чачуучу түтүктөрү менен европалык келечегин коргоп жаткан бейкүнөө калкка каршы чыгууга даяр. Кармоолор болуп жатат. Грузия ресоветизацияга багынбайт!", - деп жазды Зурабишвили X социалдык түйүнүнө.

Грузиядагы дипломатиялык корпус да аталган мыйзамга каршы чыгууда.

Еврокомиссия Тбилисини бул мыйзам демократиялык реформалар программасына каршы келерин билдирип, кабыл албоого чакырды. Грузия Евробиримдикке кошулуу үчүн аталган программаны ишке ашыруусу зарыл. Былтыр жыл соңунда Евробиримдик Грузияга шаркетке кошулууга талапкер макамын берип, Тбилиси сот жана шайлоо системаларын реформалап, саясий тирешүүнү азайтып, сөз эркиндигин жакшыртып, олигархтардын бийлигин чектеши зарыл экенин билдирген.

Мыйзам долбоорун кайра жандандыруу

Орусияда кабыл алынган ушул сыяктуу мыйзамды ээрчигени, эркин ойлонгондорду жана жарандык коомду чектей турганы, Грузияны авторитаризмге түртөт деп айтылган мыйзам долбоорун жактыруу боюнча угууну парламент 2023-жылы март айында баштаган.

Ошол учурда он миңдеген кишилер борбор калаа Тбилисиде бийликтин мындай мыйзамды кабыл алуу демилгесине каршы нааразылык акцияларын уюштуруп турган. Куралданган полиция аларды кулак тундуруучу граната, көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, суу бүркүп тараткан. Ондогон кишилер кармалган. "Грузин кыялы" процессти күтүүсүздөн токтотуп, мыйзам долбоорун чакыртып алууга аргасыз болгон.

3-апрелде бийликтеги башкаруучу "Грузин кыялы" партиясынын аткаруучу директору Мамука Мдинарадзе жаңы мыйзам долбоорунун тексти буга чейинки сунуш кылынган мыйзамдыкындай эле болорун, бир аз айырмасы бар экенин билдирди:

"Чет өлкөлүк таасирдеги агент" дегендин ордуна "чет өлкөлүк күчтүн кызыкчылыгын көздөгөн уюм" деген термин колдонулат. Мыйзам долбоорунун калган бөлүктөрү өзгөрүүсүз калып жатат", - деген Мдинарадзе.

Өткөн аптада 8 миңдей киши баш калаанын борборуна нааразылык акциясына чыгышкан.

2-апрелде ушундай эле мыйзам Кыргызстанда да иштей баштады. Адатта мындай аныктамага бийликтин ачыктыгын, калыс иштешин талап кылган, көйгөйлөрдү ачык айткан уюмдар жана адамдар дуушар болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG