Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:44

Cи Цзинпиндин бийлигин узартууга жол ачылды


Кытай парламентинин төрагасы Цаң Дежиаң төрага Си Цзиньпинди Конституциянын өзгөртүлүшү менен куттуктоодо. Бээжин, 11-март, 2018-жыл.
Кытай парламентинин төрагасы Цаң Дежиаң төрага Си Цзиньпинди Конституциянын өзгөртүлүшү менен куттуктоодо. Бээжин, 11-март, 2018-жыл.

Кытайда төрага Си Цзинпиндин бийликте белгисиз мөөнөткө же өмүр бою калышына жол ачылды. Күтүлгөндөй эле өлкө парламенти - Эл өкүлдөрүнүн бүткүл Кытай жыйыны Конституцияга сунуш кылынган өзгөртүүнү бир добуштан колдоду. Бул Кытайда башкаруу жол-жоболорунун акыркы 35 жыл ичинде биринчи ирет өзгөрүшү.

Кытай Компартиясынын сунушу ушул жекшемби күнү колго салынганда жылына бир жолу өтүүчү бул чоң жыйынга чогулган 3 миңден ашуун делегаттын экөө гана каршы чыгып, үчөө арсар пикирде калды:

- Мамлекет чоң же кичине экенине карабай адамдар колдоого муктаж. Биздин тирегибиз - Коммунисттик партия. Элдин бүткүл ой-пикирин бириктирип, жаңы багытыбызга күч топтош үчүн партиябыздын жетекчилиги астында бүгүн Конституциябызды кайра карадык, - деди парламент депутаттарынын бири Цай Ю Цай. Ал эми дагы бир депутат Хо Ман Лу төмөнкүлөргө токтолду:

- Конституциянын өзгөртүлүшү - элдин жана партиянын жалпы каалоосу. Эл өкүлү катары бул үчүн добуш берип, өз укугумду колдонгонум мен үчүн сыймык.

Формалдуу жагынан Кытайда да парламент депутаттарын жарандар шайлайт, бирок чынында иргөө Коммунисттик партиянын органдары тарабынан жүргүзүлөт. Эл өкүлдөрүнүн негизги милдети - бийликтин мурда эле кабыл алган чечимдерин бекитүү.

Кытай парламентиндеги добуш берүү. Бээжин, 11-март, 2018-жыл.
Кытай парламентиндеги добуш берүү. Бээжин, 11-март, 2018-жыл.

Бул жолу кытай Баш мыйзамынын "мамлекет башчы катары менен эки мөөнөттөн ашуун иштей албайт" деген жобосу жоюлду. Муну менен Кытайда башкаруу жол-жоболору акыркы 35 жыл ичинде биринчи ирет өзгөрүп жатат.

Төраганын бийлигине эки мөөнөттүк чектөө 1982-жылы, өлкөнүн ошол кезде бийликте турган реформачыл лидери Дэн Сяопиндин тушунда кабыл алынган Конституциясында коюлган эле. Ага чейин өлкө өмүрүнүн аягына чейин бийликте турган Мао Цзедундун диктаторлугуна жана 1966-76-жылдардагы “Маданий ыңкылабына” туш болгон.

Кытайдын өз ичинде ачык сын пикир айтуу мүмкүнчүлүгү дээрлик жок болгондуктан соңку саясий жаңылыкка байланышкан кабатыр ойлор четтеги кытайлар тарабынан гана айтылды.

Таанымал диссиденттердин бири, белгилүү сүрөтчү, 2011-жылы Компартияны сындаганы үчүн камакка алынып, кийин эмиграцияга кетүүгө аргасыз болгон Ай Вэйвэй Австралиянын Сидней шаарынан мындай деди:

- Аталышы коммунисттик же азыр капиталисттик экенине карабай Кытай ар убак императордук мамлекет болуп келген. Бул өзү фаталисттик коом. Андыктан ал лидерин алмаштырабы же жокпу, баары бир система жана маданият мурдагы бойдон калат. Мен режим түбөлүк тура берет деп айтпайт элем. Кытай азыр көп жагынан өнүгүүдө, адамдардын жашоосу оңолуп жатат. Жаштардын көбү сыртта окууда. Менимче, коом атаандаштыкты карманышы үчүн адамдын эң негизги укуктарын урматтоо боюнча Батыштын идеясы Кытай үчүн да барган сайын маанилүү болуп баратат.

Азыркы өзгөртүүдө Кытайдын Конституциясына ошондой эле партлидер жана төрага Си Цзинпиндин “жаңы доор үчүн социализмдин кытайлык мүнөзү” деген ою да киргизилди:

- Социализмдин кытайлык мүнөзүнүн үйү устун менен тирөөчкө муктаж. Коммунисттик партия мунун башкы тирөөчү, бирок анын пайдубалы, төмөнкү деңгээлдеги партиялык уюмдар күчтүү болгону маанилүү. Пайдубалы жакшы болбосо үй кулап калат. Жүздөгөн жиптер бир ийне менен тигилген, андыктан пайдубал бекем болушу абзел. Бардык милдеттерди аткарыш үчүн төмөнкү дөңгээлде оң миңдеген эң мыкты мүчөлөр керек, - деди Си Цзинпин Бээжинде 10-марттагы жыйында. Ал айткан Кытай Компартиясынын расмий эсеп боюнча азыр 90 миллиондой мүчөсү бар.

Партиянын уставында баш катчынын бийлик мөөнөтү чектелген эмес, ал эми Конституциянын мурдагы жобосу боюнча 64 жаштагы Си Цзинпиндин бийлик мөөнөтү 2023-жылы аяктамак.

Парламент жыйынынын катышуучулары. Бээжин, 11-март, 2018-жыл.
Парламент жыйынынын катышуучулары. Бээжин, 11-март, 2018-жыл.

Кытайдагы саясий салт боюнча эң жогорку үч бийликтин: Компартиянын баш катчысынын жана армия башчысы катары Борбордук аскер комиссиясынын жетекчилигин жана мамлекеттин төрагалык кызматын бир эле адам ээлеп турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG