Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

Кытай Тибеттен мунай ала баштады


Кашаган кени, Каспий деңизи, 07.04.2014.
Кашаган кени, Каспий деңизи, 07.04.2014.

Кытай фирмалары Тибетте дүйнөдөгү мунай жана газдын эң чоң кору бардыгын айтып чыгышты. Ал ортодо Казакстандагы ири Кашаган мунай кени бери дегенде эки жылга жабылганы турат. Кыргызстандын "Центеррадагы" үлүшү 398 миллион долларга чыкты.

Дүйнөдөгү эң бийик тайпак тоо Тибетте жайгашкан мунай жана газ кендерин Кытай ишканалары иштете баштады. Узак убакыт бою жашыруун эсептелген долбоордун алкагында деңиз деңгээлинен 4500 метр бийиктиктеги кен байлыктарын казуу оңойго турбайт. Бул тууралуу The South China Morning Post гезити жазып чыкты.

Тибеттин катаал табигый шарты, климаттык өзгөчөлүгү, тоодогу абанын суюктугу, инфраструктуранын жоктугу жана транспорттук коридорлордун аздыгы бул долбоорду планетадагы эң татаал жана кымбат мунай долбооруна айлантары шексиз.

Чалгындоо иштерине ылайык, Тибет, Цинхай, Гансу, Сычуан жана Юннан провинцияларын камтыган тайпак тоодо дүйнөдөгү мунай жана газ запастарынын эң чоң көлөмү бар. Тагыраак айтканда, бул жерде 11 миллиард тоннага чейин мунай жана көгүлтүр от, 36 миллион тоннага чейин жез, коргошун, цинк жана темир жатат.

Ал ортодо геологдор бул өңдүү көлөмдүү долбоорлорго этият мамиле жасоо керектигин белгиледи. Бийик тоолорду бургулоо аскалардын кыйрашына жана чоң экологиялык чыгымдарга алып келиши мүмкүн. Кытай Тибеттеги кендерди чалгындоого жана өнүктүрүүгө жалпысынан 47 миллион доллар каражат бөлгөн.

Кашаган эки жыл эс алат

Казакстандагы ири Кашаган мунай кени эки жылга жабылат. Ага түтүктөрдү алмаштыруу себеп болду. Бул тууралуу Нью-Йоркто жарык көргөн "Кварц Ньюс" порталы кабарлады. Мурдагы түтүктөргө 50 миллиард доллар сарпталган. Аталган кенде 13 миллиард баррелге жакын мунай запасы аныкталган.

Кашаган 2005-жылы иштеп баштамак, бирок кен былтыр сентябрда гана мунай өндүрө баштаган. Куурдан газдын сызылып чыгышы аныкталгандан кийин Кашаган убактылуу жабылган. Уулуу суутектүү сульфид газы түтүктөрдүн эрозияга учурашына түрткү болот. Суутектүү сульфид нымда темир менен реакцияга учурап, болот түтүктөрдө жарака кеткен.

Кыргызстандын "Центеррадагы" үлүшү 398 миллион долларга чыкты

Дүйнөлүк базарларга учкай көз чаптырсак, алтын акыркы аптада 22 долларга кымбаттап, учурда унциясы 1309 доллардан сатылып жатат. Кумтөр алтын кенин иштеткен "Центерра Голддун" акцияларынын куну 1 центке кымбаттады. Азыркы тапта "Центерранын" бир баалуу кагазынын наркы 5 канада доллары 16 центти түзүүдө. Демек Кыргызстан ээлик кылган 77.3 миллион акция учурда 398.86 миллион канада долларына барабар.

Чийки мунайдын баасы өзгөрүүсүз, бир баррели 101 доллардан сатылууда. Бишкектеги баалуу кагаздар рыногунда сооданын көлөмү акыркы аптада эки эсе көбөйүп, 31 миллион сомго жетти. Жалал-Абаддын көп тармактуу "Келечек" акционердик коомунун акциясы 20 миллион сомго сатылып, алдынкы сапка чыкты.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG