Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:14

Арзыгүл Турган - Кытайдын биринчи даражадагы ырчысы


Kытайлык кыргыз ырчысы Арзыгүл Турган «Кытайдын Мамлекеттик биринчи даражадагы ырчысы» деген наам алды. Бул мартабалуу сыйлык буга чейин кыргыз ырчыларынын эч кимисинин энчисине буйруган эмес эле.

Арзыгүл Турган 1976-жылы Үч-Турпан дубанында дүйнөгө келген. Ырчылык бюнча жогорку билимдин ээси. Учурда Шинжаң Уйгур аптоном райондук ыр-бий тобунун ырчысы болуп эмгектенет.

"Ички Кытайдын шаарларына жана чет өлкөлөргө оюн коюп көп чыгабыз. Мейли кай жерде болбосун, кандай мүнөздөгү оюн болбосун, мен эң алгач кыргыз тилинде, андан соң башка улут тилдеринде ырдайым. Айрым кызматташтарым "Сен өтө улутчулсуң" деп тамашалашат. А мен аларга "Өз улутун жан-дили менен берилип сүйө албаган адам өзгө улутту да сүйүп жарытбайт!", - деген жооп узатаарын айтат ырчы.

Булбул үнү менен нур жүзү бирин-бири алга сүрөп, ашыктыктын отун жагууга дайар тургансыган сулуулуктун бул ээсинин дарегине жазылган арноолор аз эмес. Анын ичинде кыргызыстандык белгилүү обончу Арзыбек Бердияровтун ырчыга арнаган обондору өзгөчө көңүл бурат.

Ырчы кыздын өзүнөн мурда ырын угуп, сүрөтүн көрүп жактырып калган обончу буга чейин "Түшүмө кирдиң түндө сен", "Таарындым таамай ушу ирет", "Жалбарам жалгыз түшкөн сүрөтүңө" деген сыяктуу бир канча обондорун жараткан.

Бир-биринин талантына сырттан ашык болуп келген эки Арзы өткөн жылдын июл айында Жалалабат обуласында биринчи жолу көрүшүп, "Жолугушчу кез келди" аттуу консертин беришкен.

"Менин Кыргызыстанга барып кайтуумду Арзыбек агай гана эмес, ал кишинин жубайы Фатийла эже да сунуш кылган. Барган соң мага эч күтбөгөн сый-урматты тартуулашты. Мен аларга чоң ыраазымын. Кыргызыстандыктардын маданияты мага башкача жашоо форумаласын көргөзгөндөй болду. Алар өмүрүн өтө кадырлай билишет экен, биз болсок өмүргө дагы бир жолу келчүдөй, тирүүлүктүн үзүрүн ошондо гана көрчүдөй, эс алууну билбей жашайт экенбиз", - дейт жарым жылдын алдындагы окуялардын элеси али эсинен кете элек ырчы толкунданып.

Кыргызыстанга сапарында Арзыгүл куру кол кайтпай, "Жалалабат мамлекеттик унвериситетинин ардактуу профессору" күбөлүгүн жана "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин алып кайтты. Ырчынын ал ийгиликтеринин арты жарашып, бүгүн минтип Кытай мамилекетинин да эң мартабалуу сыйлыгына ээ болгону бир гана ырчынын өзүн эмес, жалпы эле кытай кыргыздарын сүйүндүрүп турган кез.

Бектур Илияс,
Үрүмчү



P.S. Автордун жазуу стили сакталды

XS
SM
MD
LG