Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:25

Жүздөн күлүк, миңден дулдул


«Дулдул» минген кыргыз калемгерлер солдон оңго: Маметжакып Мамбеткул, Турсунжан Темиркан, Анаргүл Калык, Момун Абдыкадыр, Асанбай Матили
«Дулдул» минген кыргыз калемгерлер солдон оңго: Маметжакып Мамбеткул, Турсунжан Темиркан, Анаргүл Калык, Момун Абдыкадыр, Асанбай Матили

Кытайлык кыргыз-казактарынын адабий «Дулдул» сыйлыгынын ээлери аныкталды. Жыл кароосунда быйыл беш кыргыз акын-жазуучу электен өттү.

"Дулдул" сыйлыгына татыган 41 жаштагы Турсунжан Темиркан уулунун «Кызыл калжак» («Кызыл элик») деп аталган поемасында Дүйшөн аттуу малчынын жоболоңдуу тагдыры жөнүндө байан болот. Бир жолу Дүйшөн тоо аралап, отун алууга кетип бара жаткан жолунда жаралуу калжакка жолугат. Аны жалгыздыктан жадап жүргөн кызына эрмек болсун деп үйүнө алып кетет да, жарасын дарылап сакайтып алат.

Ошол күндөрдүн биринде качантан бери кабар – очорсуз каңгып кеткен аялынан «кызымды бир көрүп алсам» деген өлүм алдындакы катын алат. Канча көңүлү калып, жүрөгү жараланган болсо да кызын жетим калтыргысы келбеген Дүйшөн аялын дарылатууга бел байлайт. Ал үчүн көп акча керек эле.

Дүйшөн баягы кызыл калжакты да сатып жибермек болуп, бирөөлөр
менен соодалаша баштайт. Дал ушул маалда коопсуздук кызматкерлери келип, сейрек айбанатты мыйзамсыз алып саттың деп кармап кетишет. Энеден тирүүлөй жетим кыз эми атадан да айрылып, боздоп калат. Поэма мына бул саптар менен башталат:

Күнгөй-тескей күн табына магдырап,
Жайдын башы жан-жаныбар жадырап.
Куш жамааты кубулжуп өз тилинде,
Көмөкөйдөн күр миң толгоо жаадырат.

Бүрүн жайган тал, кайыңдар буралып,
Гүлүн жайган байчечектер кубанып.
Теңир тоонун термелбеген жигити,
Карагайлар катарлаша суналып...

Ушул чыгармасы менен кытайлык кыргыз-казактардын «Дулдул» сыйлыгын алган Турсунжан Темиркан уулу 14 жашында оорунун айынан окуудан чегинген. Ошондон бери эки кулагы укпайт. Чыгармачылыкка 1990-жылдан баштап киришкен.

Үрүмчү шаарында Кытайдагы казак-кыргыз адабиятынын 11-жолу өткөрүлгөн салтанатына калемгерлер өздөрү, Шинжаң Уйгур аптоном районунун бир канча белдүү жетекчилери, казак-кыргыз тилинде жарык көрчү ондон ашык адабий журналдын редакция жааматы болуп, 300дөй киши катышты.
"Дулдул" салтанатынан көрүнүш, алдыңкы катарда Анаргүл Калык кызы

Сыйлыкка татыктуу болуп кубанычын койнуна батыра албай тургандардын дагы бири Анаргүл Калык кызы. «Кош жылдыз» аттуу повесттин 43 жаштагы аптору Үч-Турпан ооданынан келген, кесиби мугалим. Ал кичине чагынан уйгур тилинде окуган, бирок үйдө дайыма кыргызча сүйлөшөөрү тууралуу жана чыгармачылыгы жөнүндө кыскача айтып берди:

- Алибетте, толкундандым! Кыргыз, казактын адабийаты үчүн белгиленген эң чоң сыйлык болуп жатбайбы. Бул мага зор чабыт берди (шыктандырды). Чыгармачылыгым мындан чейрек кылым мурда өмүрлүк жолдошума жазган ырымдан башталган. Бир нече аңгеме-повесттердин аптору болуп калдым. Кудай буйруса, өзүм жашаган аймактагы кыргыздардын жашоо-шарты, салт-санаасы, дүйнө-таанымы жөнүндө жакшына бир эмгек жаратууга бел байлап жатам.

Анаргүл Калык кызы жашаган Үч-Турпан аймагында 190 миң эл жашайт, анын 6000и - кыргыздар. «Мындан мурда кыргыз тилинде беш мектеп бар эле. Азыр үчөө калды. Өзүм алгач кыргыз мектепте үч жыл, анан уйгур мектепте жыйрма жылдан ашуун иштегем» дейт акын айым.

Бул жолку сыйлыкка кыргыз-казак болуп, 21 аптор, 10 редактор ээ болгон болду, алардын ар бири 2000 юан (300 доллар) менен сыйланды. Кыргыздардан жогоруда аты аталгандардан тышкары Асанбай Матили уулу «Деңизде калды жүрөгүм» аттуу ыр-романы, Бекен Жумалы уулу «Түрмөктүү толгонуулар» аттуу ырлары менен сыйлыкка ээ болду. Мындан тышкары «Кызыл-Суу адабийаты» журналынан Мамбетжакып Мамбеткул уулу озот (чыгаан) аптор, Момун Абдыкадыр уулу озот редактор болуп бааланды.

Чогулуш эки күнгө жалгашып бир канча ырлар, макалалар окулду жана эки элдин ыр-күүлөрү да коштоп турду.

Мамбетайса Мамбеттурган уулу

«Дулдул» кароосу мындан 12 жыл мурда Шинжаң Уйгур аптоном райондук адабыйат-көркөм өнөрчүлөр борборунүн казак тилинде жарык көрүүчү «Шугула» журналынын уйуштуруусунда, алгач жолу Үрүмчү шаарында өткөн. Ошондон бери салтанатты ар жылы сегиз казакча, эки кыргызча журналдын редакция жааматы кезек менен уйуштуруп келет.

Тек 2009-жылы Үрүмчү шаарында болгон 5-ийул окуйасына байланыштуу бул сыйлыкты уйуштуруу иши бир жылы үзгүлтүккө учураган. «Шинжаң кыргыз адабыйаты» журналынын редактору Мамбетайса Мамбеттурган уулу "мындай иш-чара дагы уланып, сыйлыктын суммасы көбөйтүлөт, кыргыз-казак адабыйаты жөнүндө олуттуу талкуу жыйындар уюштурулат" деп жыйынга катышкан жетекчилер убада беришкенин бышыктады.

Бектур Иляс, Үрүмчү
XS
SM
MD
LG