Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:13

Кытай: Реформанын кырк жылдыгын даңазалоо


Кытайда "реформа жана ачыктык" саясаты башталганынын кырк жылдыгына арналган жыйын. Бээжин, 18-декабрь, 2018-жыл.
Кытайда "реформа жана ачыктык" саясаты башталганынын кырк жылдыгына арналган жыйын. Бээжин, 18-декабрь, 2018-жыл.

Кытайда Компартия “реформа жана ачыктык" саясатын баштаганынын кырк жылдыгы чоң салтанат менен белгиленди.

Президент Си Цзинпин Бээжинде бул мааракеге арналган жыйындагы сөзүндө өлкөсү эми "алдыга карай гана кете турган баскычка жетти" деп ырастады. Ал мындан ары да реформаларды улантууга чакырды, бирок жаңы чараларды сунуш кылган жок. Кытай азыр АКШ менен соода тирешине кабылып, ал эми Шинжаң аймагындагы улуттук азчылыктарга карата саясаты эл аралык коомчулуктун сынына туш болуп жаткан учур.

Кытай Компартиясынын жаңы тарыхтагы бурулуш жыйыны катары мүнөздөлгөн окуянын 40 жылдыгына арналган салтанатта президент Си Цзинпин андан берки реформалардын жетишкендиктерин даңазалап бир жарым сааттай сүйлөдү.

Си Цзиньпин Бээжиндеги салтанатта.
Си Цзиньпин Бээжиндеги салтанатта.

- Реформа жана ачыктык - кытай элинин тарыхындагы, кытай улутунун өнүгүшүндөгү ири ыңкылап. Бул социализмдин кытай үлгүсүндө чоң сапаттык секирик жасалышына алып барды. Кытай - бүгүн дүйнөнүн экинчи ири экономикасы, эң ири өндүрүшчүсү, товарлардын эң ири соодагери, товардын жана чет элдик инвестициянын эң ири керектөөчүсү. Көп жылдардан бери Кытай валюта резервинин эң ири кармоочусу да болуп келди. Акыркы кырк жылда биз адамдарын жашоо деңгээлин өнүгүү аркылуу камсыз кылып, көтөрдүк. Жалпысынан 740 миллион кытайлык жаран жакырчылыктын чеңгээлинен чыгарылды. Натыйжада жакырчылыктын деңгээли 94,4 пайыз пунктка төмөндөдү. Бул - адамзаттын жакырчылыкка каршы күрөшүүсүндөгү керемет. Акыркы 40 жылда биздин жетишкендер асмандан түшкөн жок, башкалардын белеги да эмес. Бул партиянын бардык мүчөлөрүнүн жана Кытайдын бардык улуттары менен элинин кажыбас эмгегинин, акылынын жана кайратмандыгынын арты менен мүмкүн болду, - деди Си Цзинпин.

Кытайдын 1921-жылы түзүлүп, 1949-жылы бийликке келген Компартиясы “реформа жана ачыктык” саясатын алгач жарыялаган күн деп 1978-жылдын 18-декабры эсептелет.

Кытайдын ошол кездеги лидерлеринин бири, айтылуу Дэн Сяопиндин экономикалык реформаларга жол ачкан сунуш-чечимдерин Компартиянын борбордук комитети ушул күнкү жыйында жактырган. Натыйжада, Бээжиндин эсебинде, 1978-жылы Кытайдын дүйнөлүк ички дүң өнүмдөгү үлүшү 1,8% болсо, азыр 15,2% чыкты.

Кырк жылдык мааракеге арналган салтанаттагы сөзүндө президент Си Цзинпин өз өлкөсү эми "алдыга карай гана кете турган баскычка жетти", Кытай "эч убакта гегемонияны көздөбөйт", "өз чечимдерин гана кабыл алышы керек, кытай элине алтын эрежени тартуулагыдай китеп, аны башкаргыдай нускоочу жок”, -деп да белгиледи.

"Реформа жана ачыктык" саясатынын 40 жылдык мааракесинде Компартия "Реформалардын пионери" деген медал менен сыйлаган жүз жарандын арасында Кытайдын эң бай адамы, "Алибаба" компаниясынын негиздөөчүсү Жек Ма (ондо) да болду.
"Реформа жана ачыктык" саясатынын 40 жылдык мааракесинде Компартия "Реформалардын пионери" деген медал менен сыйлаган жүз жарандын арасында Кытайдын эң бай адамы, "Алибаба" компаниясынын негиздөөчүсү Жек Ма (ондо) да болду.

​Кытай президенти мындан ары да реформаларды улантууга чакырды, бирок байкоочулар кандайдыр жаңы багыттар сунушталбаганына көңүл бурушту.

Бээжиндин жакырчылыкка каршы күрөштөгү жетишкендиктери эл аралык уюмдар тарабынан таанылганы менен, анын соода жана насыя берүү саясаты, ички базарын чет элдик компаниялар үчүн жетиштүү ачпаганы башка өлкөлөрдү нааразы кылып келет.

Кытай быйыл эң ири экономикалык өнөктөшү - АКШ менен "соода согушуна" кабылып, азыр тараптар бул тиреште 90 күндүк убактылуу тыныгуу жарыялаган кез.

Кытайдын камактагы таанымал укук коргоочуларынын бийликке нааразылык иретинде Бээжинде, чачын эл алдында кырып салган жубайлары. 17-декабрь, 2018-жыл.
Кытайдын камактагы таанымал укук коргоочуларынын бийликке нааразылык иретинде Бээжинде, чачын эл алдында кырып салган жубайлары. 17-декабрь, 2018-жыл.

Ал эми адам укуктарынын абалы боюнча такай сынга алынып жүргөн Кытайдын Шинжаң-уйгур автоном районундагы улуттук азчылыктарга карата саясаты быйыл кайрадан эл аралык күн тартибине чыкты.

- Биз адам укуктары боюнча кырдаал, өзгөчө Шинжаңда, Кытайдын айтымында, экстремизмге байланыштуу уюшулган кайра тарбиялоо лагерлери тууралуу түрдүү булактардан келген маалыматтарды алып жатабыз. Мен буга чейин эле айткандай, биз алып жаткан кооптуу маалыматтарды жеринде текшерүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуш үчүн өкмөттөн бизди аймакка киргизүүнү суранганбыз, - деген эле ушул айдын башында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишел Бачелет.

“Дүйнөлүк уйгур конгресси” аттуу сүргүндөгү уюм Шиңжаңда расмий Бээжин атагандай “окуу борборлору” менен “тарбия лагерлеринде” камакка алынгандардын саны бир миллиондон үч миллионго чейин жетерин билдирген.

Шинжаң-уйгур автоном районунун партиялык жетекчиси Чэнь Цюаньго (ортодо) Компартия курултайында. Бээжин, 19-октябрь, 2017-жыл.
Шинжаң-уйгур автоном районунун партиялык жетекчиси Чэнь Цюаньго (ортодо) Компартия курултайында. Бээжин, 19-октябрь, 2017-жыл.

Коңшу Казакстанда Кытайдан көчүп келген оралмандар Шинжаңда камакка түшкөн жакындарынын дайын-дарегин билүүгө бийликти жардам берүүгө чакырган акцияларга жыл башынан бери тынбай чыгып келсе, Шиңжаңда кыргыздар да камакка алынганы тууралуу маалыматтар акыркы айларда пайда болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG