Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Тянанмендеги кандуу окуяларга 25 жыл


Кытай боштондук армиясынын танктары Тянанмен аянтына кеткен жолду кайтарып турушат. 6-июнь, 1989
Кытай боштондук армиясынын танктары Тянанмен аянтына кеткен жолду кайтарып турушат. 6-июнь, 1989

Туура чейрек кылым илгери, 1989-жылы жазда Бээжиндин Тянанмен аянтында коммунисттик Кытайдын тарыхындагы эң чоң саясий протест башталган. Борбордук аянтка чогулган 1 миллиондон ашуун студенттер жана жарандар өлкөдө саясий реформа жүргүзүүнү талап кылышты.

Алты жумага созулган демонстрация 3-4-июнда танктар коштогон аскерлердин жардамы менен күч менен басылган. Бирок кытай бийликтери кандуу окуялардын 25 жылдыгы алдында ондогон активисттерди камакка алып, маалымат булактарын көзөмөлдөөнү күчөттү.

25 жыл мурда Бээжиндин Тянанмен аянтын калкылдаган элден бошотуу кезинде канча адам өлгөнү жөнүндө кытай өкмөтү алиге дейре эч кандай маалымат жарыялабады. Адам укугун коргоочу уюмдар менен күбөлөр 3-4-июндагы коогалаңда жүздөгөн адам набыт болгонун айтышат.

Ошондо демонстрацияга чыккан студенттердин лидери, азыр Тайванда жашаган Вуер Кайсинин The Wall Street Journal гезитинде жазганына караганда, азыр улуу муундагы кытайлардын көбү 1989-жылкы өлкөнү толкуткан окуялар тууралуу сүйлөгөндү каалашпайт, ал эми жаш муун ал жөнүндө билбейт. Ал күндөрү Кытай Компартиясына каршы көчө жүрүштөрүнө 100 миллионго жакын адам катышкан.

1989-жылкы Тянанмен аянты канга боёлгон күнү дүйнөлүк маалымат каражаттарында танканын жолун бөгөп турган кытайлыктын сүрөтү жарыяланган. Ошол күндөрү студенттик кыймылды жетектеген Ван Чаохуа андай эр жүрөк демонстранттар көп болгонун эскерет:

- Мен танктын бет маңдайында турган адамдын сүрөтүн көргөндө бардык кытай эли үчүн сыймыктанам. Бул кытайлыктардын духу эркин экенин көрсөтүүнүн маанилүү жолу. Харуки Мураками айткандай, батыштык кабарчы тартып алган бул адам гана баатырларча аракеттенген эмес. Майдараак көчөлөрдө мындай каармандык жасаган башка да адамдар болгон.

Учурда Ван айым азыр Лос-Анжелестеги Калифорния университетинин профессору.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хун Лэй 3-июндагы маалымат жыйынында Компартиянын 25-жыл мурдагы Тянанмен аянтындагы кандуу булоонго карата мамилесин төмөндөгүчө түшүндүрдү:

- Кытайда мыйзам бузгандар гана бар, диссидент дегендер жок. Кытай өкмөтүнүн тийиштүү бөлүмдөрү мыйзамга жараша аракеттенет. Биз тийиштүү тараптардын аракетине нааразылык билдиребиз.

Хун айткан бийликти нааразы кылган адамдар: белгилүү адвокат Пу Чжицян, мурдагы абийир туткуну Ху Шигэн жана башка интеллектуалдар 1989-жылдын 4-юнунда болгон окуяларды унута албасы жөнүндө май айынын баш ченинде билдирүү жасашкан. Билдирүүгө кол койгондордун көбү, анын ичинде белгилүү 48 диссидент камакка алынып, алиге бошотула элек.
Тянанмендеги кандуу окуяга 25 жыл толду
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:59 0:00

Кандуу окуянын 25 жылдыгы алдында интернетти, ошондой эле твиттер сыяктуу микроблогдорду тейлөөчү Weibo кызматын цензуралоо күчөтүлдү.

Батыш маалымат булактарынын билдиришинче, 4-июндун алдында аскерлер, полиция жана коопсуздук агенттигинин кызматкерлери аянтка бараткан адамдардын күбөлүк документтерин жана баштыктарын кылдат текшерип өткөргөн. Туристтер менен бараткан Рейтердин кабарчысын Тянанмен чет элдик кабарчылар үчүн жабык дешип, аянтка өткөрбөй коюшкан.

Кытай өкмөтү быйыл ашыкча катуу чара көрүп жатканына бээжиндик саясий серепчи Чжан Лифан көңүл бурду:

- Мурда өкмөт бул өңдүү эскерүүлөргө кеңири чара көргөн эмес. Быйыл абал башка. Азыр бул жөрөлгөлөргө каршы катуу чара көрүлүүдө. Мындайды биз мурда көргөн эмеспиз.


Бийликтин мындай этияттыгынын себебин Чжан Лифан өлкөдө өкмөткө болгон нааразылыктын күчөшү менен байланыштырат. Анткени, Кытайдын жетекчилиги активисттердин элди козгоосуна жол берилсе, көпчүлүктү толкутуп, бийликке коркунуч жаралат деп чочушат.

Ак үйдүн басма сөз өкүлү Жей Карни 4-июндагы билдирүүсүндө Кошмо Штаттар Кытайдын акыркы отуз жылдагы социалдык-экономикалык ийгиликтерин бааларын айтып, Бээжинди жарандардын “универсалдык укуктары менен фундаменталдуу эркиндиктеринин” сакталышына кепилдик берүүгө үндөдү.

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Нави Пилай 1989-жылкы окуя жөнүндө чындыкты ачык айтууга чакырды.

XS
SM
MD
LG