Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:57

АКШ-Кытай: "соода согушун" токтотууга кадам


Лю Хэн жана Доналд Трамп. Вашингтон, 15-январь 2020-жыл
Лю Хэн жана Доналд Трамп. Вашингтон, 15-январь 2020-жыл

АКШда фондулук биржалардагы индекстер бейшембиде рекорддук чекке көтөрүлдү. Мунайдын айрым түрлөрүнө да баа өстү. Анын алдында Вашингтон менен Бээжин соода-экономикалык келишиминин биринчи баскычына кол коюшкан.

Эл аралык коомчулук жана Американын бизнес чөйрөсү эки экономикалык дөө-шаанын тил табышканын кубатташууда.

Бирок кээ бир аналитиктер ал макулдашуу талашка алып келген структуралык экономикалык маселелерди жөнгө салбаганына, глобалдык экономикага кедергесин тийгизген тарифтердин дээрлик өзгөрүүсүз калганына көңүл буруп, скептикалык көз карашын ортого салышат.

АКШ Конгрессиндеги демократтар макулдашууга нааразы болуп, президент Дональд Трамп Кытай менен соода жаңжалын баштап жатканда алдыга койгон максаттарына жеткен жок дешет.

15-январда Ак үйдө Трамп жана Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Лю Хэн кол койгон келишим эки өлкө ортосундагы сооданын жаңы принциптерин аныктайт.

Документте алдыңкы эки жылда АКШнын импортун 200 миллиард долларга көбөйтүү жана Кытай товарларына салыкты азайтуу каралган.

Макулдашууга интеллектуалдык менчикти коргоо, америкалык өнөр жай, айыл чарба продукциясын сатып алууну көбөйтүү, валюталык махинацияларды токтотуу, тараптардын соода алакаларындагы теңсалмактуулукту калыбына келтирүү жана башка маселелер камтылган. Кытай ошондой эле бир катар негизги тармактарда реформа жүргүзүү милдеттенмесин алат.

Ошол эле маалда «соода согушу» учурунда 250 миллиард долларлык кытай товарына киргизилген 25 проценттик тариф сакталып калмакчы. Айрым аналитиктер Вашингтон муну болочок сүйлөшүүлөрдө таасир берүүчү механизми катары пайдалангысы келет деп чечмелешет.

Трамп келишимди буга чейинки «каталарды оңдоо» катары сыпаттап, дүйнөдөгү стабилдүүлүккө салым кошорун белгиледи.

Расмий Бээжин макулдашуу үчүнчү тараптарга эч кандай зыян алып келбейт деп ишендирүүдө.

Кытай Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ген Шуан
Кытай Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ген Шуан

- Кытай менен Кошмо Штаттар кол койгон соода жана экономикалык келишимдин биринчи баскычы эки өлкө, бүт дүйнө үчүн жагымдуу шарт түзөт. Бул дагы бир жолу Кытай жана АКШ диалог, кеңешүү жолу менен ортодогу маселелерди эффективдүү чече алышарын көргөздү. Эми тараптардын келишимди урматтоонун үстүнөн биргелешип иштөөсү, бири-бирин түйшөлткөн маселелерин эске алуусу маанилүү, - деп белгиледи бейшембиде Кытайдын тышкы иштер мекемесинин басма сөз катчысы Ген Шуан.

«Биринчи баскыч» тууралуу макулдашууга былтыр декабрда жетишилген. Жакында калган пункттар, айрыкча бажы салыктарын төмөндөтүү жана Кытайдагы мамлекеттик субсидиялар талкуулана баштары күтүлүүдө.

Бээжин менен Вашингтондун соода талашы 2018-жылдан бери уланып келет. АКШ Кытай бийлигин протекционизм үчүн жана бизнести адилет жүргүзбөйт деп күнөөлөп, Трамп бир катар Кытайдын товарларына бажы төлөмүн киргизген. Бээжин дагы ушундай эле жооп кайтарган.

Эл аралык Валюта фонду Трамп бийликке келгенден бери тутанган «соода согуштары» глобалдык экономикага 700 миллиард доллар чыгым алып келгенин санап чыккан.

АКШ-Кытай: Соодадагы жылыш
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:24 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG