Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:04

АКШнын экинчи «соода согушу»


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Брюссел Европадан чыккан бир катар товарларга бажы төлөмдөрүн көтөрүү боюнча АКШнын чечимине өкүнүчүн билдирип, жооп иретинде чара көрүлөрүн эскертти.

Кошмо Штаттар дагы бир соода согушуна кабылчудай. Бул ирет Вашингтондун администрациясы бутасына Европа Биримдигин илди.

2-октябрда Вашингтон жаңы тарифтер киргизилип жаткан өндүрүмдөрдүн тизмесин жарыялаган. Ага учактардан тартып сыр, шарап, кийим-кечеден бери камтылган.

Еврокомиссиянын басма сөз катчысы Даниэл Розарио 3-октябрда өткөн басма сөз жыйынында ал чечимдин кесепеттеринен биринчи кезекте америкалык кардарлар жабыр тартышарын белгиледи:

- Европа Биримдиги Кошмо Штаттардын шаркеттен алынып келген товарларга кошумча салык киргизүү боюнча чечимине өкүнөт. Бул кадам биринчи кезекте жана негизинен АКШдагы кардарларга, ошол жактын компанияларына зыян алып келет. Талашты жөнгө салуу аракеттерин ого бетер татаалдаштырат.

Шаршембиде Кошмо Штаттар жаңы тарифтер киргизилип жаткан Европа өлкөлөрүнүн товарларынын тизмесин жарыялаган.

Еврошаркеттен келген учактарга бажы салыгы 10 пайыз, айыл чарба жана өнөр жай өндүрүмүнө 25 пайыз болмокчу.

Анын алдында Дүйнөлүк соода уюму европалык «Airbus» концернинин субсидияланышына байланыштуу АКШнын пайдасына чечим чыгарып, шаркетке каршы чара көрүүгө уруксат берген. Бул талаш 15 жылдан бери уланып келе жатат. Ак Үй Британия, Германия, Испания жана Франция авиациялык техниканын ири өндүрүүчүсүнө мыйзамсыз финансылык колдоо көргөзүүдө деп эсептейт. Дүйнөлүк соода уюмунун арбитражы АКШдагы авиа өндүрүүчүлөр андан 7 жарым миллиард доллар зыян тартышкан деген тыянак чыгарды.

Жаңы тарифтер 18-октябрда күчүнө кирет. Ал товарлардын арасында Британияда өндүрүлгөн, жүндөн жана кашемирден тигилген кийим-кечек, Франциядан, Германиядан жана Испаниядан келген зайтун майы, Евробиримдиктен чыккан колбаса жана чочконун этинен жасалган башка тамак-аш, француз шарабы, Шотландиянын вискиси бар.

АКШнын соода өкүлү Еврошаркет менен сүйлөшүүлөрдүн негизинде тарифтер бара-бара кайра каралып чыгарын, талашты жөнгө салыш үчүн андай сүйлөшүүлөр болот деп ишенерин билдирди.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Америкалык жүргүнчү ташуучу компаниялар «Airbus» учактарына миллиарддаган долларга алдын-ала эле буюртма бергенин эске алганда, Вашингтондун чечими аларга катуу сокку урушу ыктымал.

Буга чейин шаркеттин соода боюнча комиссары Сесилия Малмстрөм АКШ бажы төлөмдөрүн көтөрсө, жооп катары чара көрүлөрүн эскерткен.

Еврокомиссия Вашингтон «Boeing» учактарын субсидиялашына байланыштуу ушундай эле талашты жеңгендиктен Брюссел АКШны маселени тынч чечүүгө үндөгөн.

Ал арада дүйнөнүн эки ири экономикалык лидерлери болгон АКШ менен Кытайдын соода тиреши уланып жатат. 1-сентябрда Кошмо Штаттар 112 миллиард долларлык Кытай импортуна жаңы тарифтерди киргизген. Президент Доналд Трамптын планы боюнча жыл аягына чейин 300 миллиард доллар өлчөмүндөгү товардан 15 пайыздык бажы төлөмү алынмакчы. Жооп иретинде Бээжин тарыхта биринчи жолу АКШдан келген чийки мунайга тариф киргизген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG