Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:01

Кытай лидери тышкы сапарын Орусиядан баштады


Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жубайы Пэн Лиюань менен Москванын Внуково аба майданына келип конгон маалы. 22.03.2013
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жубайы Пэн Лиюань менен Москванын Внуково аба майданына келип конгон маалы. 22.03.2013

Кытайдын жаңы президенти Си Цзиньпин мамлекет башчы катары чет өлкөдөгү алгачкы сапарын бүгүн Орусиядан баштады. Расмий Москва муну эки тараптын мамилесинин “өзгөчө табиятына” байланыштырды.

Си Цзиньпин Кытайдын президенттигине расмий түрдө өткөн аптада эле бекитилди. Ал былтыр ноябрда Коммунисттик партиянын баш катчылыгына шайланган.

Си Цзиньпин Москвага бийликтеги эки-тизгин, бир чылбырды колго толук алгандан бир аптадан кийин эле келип жатат.

Орус президенти Владимир Путиндин үч күндүк сапарды утурлай айткандарына караганда, эки өлкөнүн алакасы азыркыдай жакшы деңгээлге эч убакта жеткен эмес. Акыркы беш жылда Орусия-Кытай ортосунда соода эки эсеге көбөйгөн.

Соңку үч жылдан бери Кытай Орусиянын эң ири соода өнөгү. Былтыр соода көлөмү рекорддук чекке чыгып, 88 миллиард доллардан ашкан.

Путин “Итар-Тасс” агенттиги менен маегинде белгилегендей, Си Цзиньпиндин чет өлкөгө алгачкы сапары катары Орусияны тандап алышы эки тараптын стратегиялык өнөктөштүгүнүн “өзгөчө табияты” менен байланыштуу.

Алдыда Москва менен Бээжин болочок кызматташтыктын багыттары мерчемделген манифестке кол койгону турат.

"Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин сапары учурунда эки өлкөнүн мамлекет башчылары Кытай-Орусия алакаларынын болочок өнүгүш багытын, эки тараптуу кызматташтыктын негизги чөйрөлөрүн, чечүүчү эл аралык жана аймактык маселелер боюнча позицияны жана сунуштарды көргөзгөн манифестке кол коюшары күтүлүүдө", - деп билдирди Кытай тышкы иштер министринин орун басары Чэн Гопин.

"Экинчиден, карым-катнашты өнүктүрүү жана тереңдетүү же биздин азыркы эки тараптуу мамилебиздеги эң жакшы саясий климатты кызматташтыктын масштабдуу долбоорлоруна айлантуу", - деди Орусиянын Кытайдагы элчиси Сергей Разов сапардын максаттары тууралуу.

Элчи Разов кошумчалагандай, учурда эки өлкөнүн компаниялары табигый газ, мунай, тик учак жана учактарды өндүрүү боюнча кызматташтык пландарын талкуулап жатышат.

Президент Путиндин басма сөз өкүлүнүн кабарчыларга айтканына караганда, азыркы визит учурунда газ боюнча эч кандай келишимге кол коюлбайт.

Негизи Орусиянын газ гиганты "Газпром" менен Кытай тарап көгүлтүр от боюнча бир нече жылдан бери эле сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келеатат.

Бирок тараптар көбүнесе баа жагын макулдаша албагандыктан, келишимге жетише элек.

Орусиянын мамлекет көзөмөлдөгөн компаниясында Кытайга жылына кеминде 38 миллиард куб метр газ сатууну көздөгөн келишимге быйыл кол коюлабы деген үмүт бар. Газ Чыгыш Сибрден Кытайды көздөй азырынча долбоору гана бар куур аркылуу кетиши керек.

Ал эми чийки мунайга болгон муктаждыгынын 8% Кытай учурда Орусиядан куур аркылуу алууда.

Бээжин менен Москванын ортосунда азыр кандайдыр бир олуттуу проблема жок деп ырастаган айрым орусиялык талдоочулардын пикиринде, бул сапар саясий жактан Кытай үчүн маанилүү. Анткени АКШ кийинки кездери Азияга басымды күчөтө баштады деп шек санаган Кытай ири коңшусу геосаясий жана экономикалык кызыкчылыктарды бөлүшкөн ишенимдүү өнөктөш экенине дагы бир жолу ынангысы келет.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG