Линктер

шейшемби, 22-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 09:17

Кытайда чек ара кайтарган Бурмакан Молдо


"CCTV" телеканалы көрсөткөн берүүдөн алынган сүрөт.

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиң өлкөнүн 70 жылдык мааракесин утурлай Кызыл-Суу кыргыз автоном округунун тургуну Бурмакан Молдого "Улуттук үлгүлүү адам" сыйлыгын ыйгарды.

Анда Бурмакан Молдо "ондогон жылдардан бери талыкпай өлкөнүн чек арасын кайтарып, коргоп келгени үчүн ушундай чоң даражадагы сыйлыкка татыды" деп айтылды.

Соңку кездери кытай бийлигинин Шинжаңды байырлаган улуттарга жасаган саясатына сын күчөдү. Бул аймакта миңдеген адам, алардын арасында кыргыздар менен казактар «саясий тарбия берүүчү лагерлерде» эркинен тыш кармалып турганы боюнча кабар тараган.

77 жаштагы Бурмакан Молдо Кытайдын төрагасы Си Цзиңьпиңдин колунан жогорку даражадагы мамлекеттик сыйлык алган 42 адамдын бири болду.

Анда Бурмакан Молдо 50 жылдан ашуун убакыттан бери чек араны талыкпай кайтара турганы, күнүнө 4 миң метр бийиктикте 20 чакырым жолду басары айтылды.

Чек араны кайтарган этникалык кыргыз байбиче тууралуу CCTV телеканалы чакан сюжет даярдаган.

Анда Бурмакан Молдонун небереси кытай тилинде сүйлөп, чоң энеси 19 жашынан бери чек араны кайтарып келгенин, өкмөт жана партиянын жардамы менен соңку жылдары турмуш-тиричиликтери кыйла оңолгону тууралуу кеп салган. Ал тургай телевизор да сатып алышып, күнүгө кечинде үй-бүлөсү менен чогуу-чаран CCTV телканалынын жаңылыгын үзбөй көрүшөрүн айткан.

"ССTV" телеканалы көрсөткөн берүүдөн алынган сүрөт.
"ССTV" телеканалы көрсөткөн берүүдөн алынган сүрөт.

Бурмакан Молдо өзү тууралуу берүүдө негизинен кытай бийлигине ыраазы болуп сөз сүйлөгөн.

- Небере кызымдай кезимде ооданга ат араба менен үч-төрт күндө араң барат элек. Азыр жол сыдырым болуп, бир саатка калбай бир заматта барабыз, коко-чаң болбойбуз. Мектепке балдарыбызды окутсак пул төлөбөйбүз. Ашты ошолор берет, уктатат, жаткырат. Кийимди берет, дептерди берет.

CCTV телеканалынын чакан берүүсү Бурмакан Молдо Коммунисттик партияга мүчө болуп киргенин баяндаганы менен аяктады.

"Азаттык" ушул тушта Кыргызстанда жашап жаткан кытайлык кыргыздар менен байланышканда Бурмакан Молдо тууралуу сүйлөп берүүнү каалашкан жок.

Бирок анын Кытайдын төрагасынын колунан сыйлык алганын, ал тууралуу мамлекеттик телеканал берүү даярдаганын өкмөттүн жана партиянын кызылдай пропагандасы экенин айтышты.

Кытай бийлиги Шинжаңда жашаган миңдеген адамды, анын ичинде кыргыздар менен казактарды "саясий тарбия берүүчү лагерлер" деп аталган жайларда алардын эркине каршы кармап турганы жөнүндөгү кабарлар алгач 2016-жылдан тарта тарай баштаган.

Бириккен Улуттар Уюмунун эсебинде, ушул тушта Шинжаңдагы лагерлерде бир миллиондой адам камалып турат.

Бишкекте түзүлгөн «Кытайдагы кыргыздарды колдоо» комитети мындай жайларда кеминде 50 миңдей кыргыз бар экенин айтып чыккан.

Кыргызстанда жашап жаткан бир катар шинжаңдык кыргыздар да өлкө бийлигинен Кытайда кармалып турган жакындарын бошотууга көмөктөшүүнү суранышкан.

АКШ кытай бийлигинин Шинжаңдагы мусулмандарга карата саясатын «өз элин тыптыйпыл жок кылуу аракети» деп баалаган.

Кытай бийлиги болсо Шинжаңдын жашоочуларынын укугу бузулуп жатканы тууралуу дооматтарды четке кагып, саясий лагерлерди кадыресе билим берүүчү борборлор катары мүнөздөп келет.

Расмий маалыматка караганда, Шинжаңдын Кызыл-Суу Кыргыз автоном районун 160 миңге жакын кыргыз байырлайт.

Кытайлык кыргыздардын 20-30 миңге чукулу Иле Казак автоном облусунда жашайт. Бул аймакка таандык Текесте кыргыз автоном айылдары бар. Чыгыш Памир менен Хотанда да кыргыз автоном айылдары жайгашкан. Тибетке карай кетчү тоом жолдогу Шайдылда Базар айылында да кыргыздар жашайт (бул айыл Хотанга карайт). Үрүмчүдөгү кытайлык кыргыздардын саны 3 миңдин тегерегинде. Жалпысынан аймакта 202 миңден ашуун кыргыз бар.

Андан тышкары, Түндүк Кытайда (Манчжурияда) Хэйлуңжаң вилайетин фу-йү кыргыздары байырлашат. Алар Эне-Сайдан Ички Азия аркылуу көчкөн жана ишеними боюнча теңирчилик менен бакшылыкты карманышат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (5)

XS
SM
MD
LG